40 хадис

Тизме
  1. Ниет
  2. Ислам, ыйман жана ихсан
  3. Исламдын түркүктөрү
  4. Адам баласынын жаралуу этаптары жана анын акыркы амалы
  5. Тыюу салынган жана бидъат иштердин кабыл болбоосу
  6. Адал жана арам
  7. Дин – бул насыйкат
  8. Мусулмандын кадыр-баркы
  9. Диндин жеңилдиги
  10. Адал жана таза нерселердин гана кабыл болуусу
  11. Анык ишти жасап, күмөн иштен сактануу
  12. Пайдалуу иш менен алектенүү
  13. Ыйман менен Исламдагы бир туугандык
  14. Мусулмандын жанынын кадыр-баркы
  15. Жакшы сөз сүйлөө, конокко жана кошунага сый мамиле жасоо ыймандан
  16. Ачууга алдырбаган адам – бейиши
  17. Ар бир ишти жакшылык менен аткаруу
  18. Такыбалык жана жакшы мүнөз
  19. Алла Тааланын жардамы жана колдоосу
  20. Уяттуулук – ыймандын бир бутагы
  21. Туруктуулук жана ыйман
  22. Бейиштин жолу
  23. Бардык жакшылыктар – садага
  24. Заалымдык кылуу – арам
  25. Алланын ырайымы кенен
  26. Адамдарды элдештирүү жана аларга адилет мамиле кылуу
  27. Жакшылык жана жамандык
  28. Сүннөттү кармануу жана бидъаттан сактануу
  29. Жакшылыктын эшиктери жана туура жолго багыттаган иштер
  30. Алла Таала чектеген жана арам кылган иштер
  31. Дүйнөгө көз артпоо жана ток пейилдүүлүк
  32. Зыян тийгизүүдөн сактануу
  33. Исламдагы өкүм чыгаруунун негиздери
  34. Туура эмес иштен кайтаруу
  35. Исламдагы бир туугандык жана мусулмандардын өз ара акы-укугу
  36. Жакшылыктардын жыйындысы
  37. Алла Тааланын адилеттүүлүгү, мээрими жана кудурети
  38. Аллага жакындоо жана Анын сүйүүсүнө ээ болуу
  39. Ислам – жеӊил дин
  40. Акыреттин ийгилиги үчүн бул дүйнөнү пайдалануу
  41. Алла Тааланын шариятын ээрчүү
  42. Алла Тааланын кечиримдүүлүгү

биринчи ХАДИС

Ниет

عَنْ أَمِيْرِ الْمُؤْمِنِيْنَ أَبِيْ حَفْصٍ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صلى الله عليه وسلم يَقُوْلُ: إِنَّمَا اْلأَعْمَالُ بِالنِّيَّاتِ وَإِنَّمَا لِكُلِّ امْرِئٍ مَا نَوَى. فَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ إِلَى اللهِ وَرَسُوْلِهِ فَهِجْرَتُهُ إِلَى اللهِ وَرَسُوْلِهِ، وَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ لِدُنْيَا يُصِيْبُهَا أَوْ امْرَأَةٍ يَنْكِحُهَا فَهِجْرَتُهُ إِلَى مَا هَاجَرَ إِلَيْهِ. (رواه البخاري ومسلم)

Момундардын амири, Абу Хафс Умар бин Хаттаб (ага Алла ыраазы болсун) Алланын элчисинин (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын кабарлайт: “Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгы, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин көчүүсү Алла жана Анын элчиси үчүн болсо, демек, анын көчүүсү Алла жана Анын элчиси үчүн болгон болот. Ал эми кимдин көчүүсү жетчү дүнүйө үчүн же үйлөнчү аял үчүн болсо, анын көчүүсү ошол нерселер үчүн болгон болот”.


ЭКИНЧИ ХАДИС

Ислам, ыйман жана ихсан

عَنْ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَيْضاً قَالَ: بَيْنَمَا نَحْنُ جُلُوْسٌ عِنْدَ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ يَوْمٍ إِذْ طَلَعَ عَلَيْنَا رَجُلٌ شَدِيْدُ بَيَاضِ الثِّيَابِ شَدِيْدُ سَوَادِ الشَّعْرِ، لاَ يُرَى عَلَيْهِ أَثَرُ السَّفَرِ، وَلاَ يَعْرِفُهُ مِنَّا أَحَدٌ، حَتَّى جَلَسَ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَسْنَدَ رُكْبَتَيْهِ إِلَى رُكْبَتَيْهِ وَوَضَعَ كَفَّيْهِ عَلَى فَخِذَيْهِ وَقَالَ: يَا مُحَمَّد أَخْبِرْنِي عَنِ اْلإِسْلاَمِ، فَقَالَ رَسُوْلُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: اْلإِسِلاَمُ أَنْ تَشْهَدَ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُوْلُ اللهِ وَتُقِيْمَ الصَّلاَةَ وَتُؤْتِيَ الزَّكاَةَ وَتَصُوْمَ رَمَضَانَ وَتَحُجَّ الْبَيْتَ إِنِ اسْتَطَعْتَ إِلَيْهِ سَبِيْلاً قَالَ : صَدَقْتَ، فَعَجِبْنَا لَهُ يَسْأَلُهُ وَيُصَدِّقُهُ، قَالَ: فَأَخْبِرْنِي عَنِ اْلإِيْمَانِ قَالَ : أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَمَلاَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ وَتُؤْمِنَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ. قَالَ صَدَقْتَ، قَالَ فَأَخْبِرْنِي عَنِ اْلإِحْسَانِ، قَالَ: أَنْ تَعْبُدَ اللهَ كَأَنَّكَ تَرَاهُ فَإِنْ لَمْ تَكُنْ تَرَاهُ فَإِنَّهُ يَرَاكَ. قَالَ: فَأَخْبِرْنِي عَنِ السَّاعَةِ، قَالَ: مَا الْمَسْؤُوْلُ عَنْهَا بِأَعْلَمَ مِنَ السَّائِلِ. قَالَ فَأَخْبِرْنِي عَنْ أَمَارَاتِهَا، قَالَ أَنْ تَلِدَ اْلأَمَةُ رَبَّتَهَا وَأَنْ تَرَى الْحُفَاةَ الْعُرَاةَ الْعَالَةَ رِعَاءَ الشَّاءِ يَتَطَاوَلُوْنَ فِي الْبُنْيَانِ، ثُمَّ انْطَلَقَ فَلَبِثْتُ مَلِيًّا، ثُمَّ قَالَ : يَا عُمَرَ أَتَدْرِي مَنِ السَّائِلِ؟ قُلْتُ : اللهُ وَرَسُوْلُهُ أَعْلَمَ . قَالَ فَإِنَّهُ جِبْرِيْلُ أَتـَاكُمْ يُعَلِّمُكُمْ دِيْنَكُمْ. (رواه مسلم)

Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) дагы минтип айткан:

“Биз бир күнү пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурсак, аппак көйнөкчөн, чачтары көөдөй кара бир киши келди. Анын сырткы кейпине караганда алыс жактан келгендей көрүнбөйт, бирок арабыздан бирөө да аны тааныбады. Ал Алланын элчисинин жанына өтүп келип, тизесине тизелерин тийгизе жакын отурду да, колун санына коюп: “Мухаммад, мага Ислам тууралуу айтып бер?” – деди. Ал: “Ислам – Алладан башка ибадат кылууга татыктуу илах жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүүң, намаз окууң, зекет берүүң, Рамазанда орозо кармооң жана мүмкүнчүлүгүң болсо, Алланын үйүнө барып ажы амалын аткарууң”, – деп жооп кайтарды. Тиги киши: “Туура айтасың” – деди. Биз буга таң калдык, өзү сурайт да, кайра өзү туура деп тастыктайт. Анан ал: “Эми мага ыйман тууралуу айтчы?” – деди. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ыйман – Аллага, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, Акырет күнүнө, тагдырдын жакшы-жаманы Алладан болоруна ишенүүң”, – деп жооп берди. Тиги киши дагы: “Туура айттың” – деди да, анан: “Эми ихсан тууралуу айтып бер?” – деди. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ихсан – Алла Тааланы көрүп турганыңдай ибадат кылууң, сен Аны көрбөгөнүң менен Ал сени көрүп турат”, – деди. Тиги кайра сурады: “Мага Кыямат тууралуу айтып берчи?”. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Бул жаатта суралган адам суроо сурагандан артык билбейт” – деди. Тиги: “Анда Кыяматтын белгилери тууралуу айт?” – деди. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Күңдүн өзүнө кожоюн төрөгөнү, жылаңач, жылаң аяк кедей койчулардын атаандашып кабат-кабат үйлөрдү салганы Кыяматтын белгиси”, – деди. Кийин тиги киши чыгып кетти. Биз бир топко жымырап отуруп калдык. Бир маалда пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Умар, суроо берген ким экенин билдиңби?” – деп сурады. Мен: “Алла жана Анын элчиси билүүчү”, – дедим. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун): “Бул Жебирейил периште, ал силерге диниңерди үйрөтүү үчүн келиптир” – деди.


ҮЧҮНЧҮ ХАДИС

Исламдын түркүктөрү

عَنْ أَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ : سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُوْلُ : بُنِيَ اْلإِسْلاَمُ عَلَى خَمْسٍ : شَهَادَةُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّداً رَسُوْلُ اللهِ وَإِقَامُ الصَّلاَةِ وَإِيْتَاءُ الزَّكَاةِ وَحَجُّ الْبَيْتِ وَصَوْمُ رَمَضَانَ. (رواه الترمذي ومسلم)

Ибн Умар (ага да, атасына да Алла ыраазы босун) мындай дейт: “Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Ислам беш нерсеге негизделген: Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок, Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк келмесин айтуу, намаз окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана Рамазандын орозосун кармоо”.


ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

Адам баласынын жаралуу этаптары жана анын акыркы амалы

عَنْ أَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَبْدِ اللهِ بنِ مَسْعُوْدٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : حَدَّثَنَا رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم وَهُوَ الصَّادِقُ الْمَصْدُوْقُ : إِنَّ أَحَدَكُمْ يُجْمَعُ خَلْقُهُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِيْنَ يَوْماً نُطْفَةً، ثُمَّ يَكُوْنُ عَلَقَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يَكُوْنُ مُضْغَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يُرْسَلُ إِلَيْهِ الْمَلَكُ فَيَنْفُخُ فِيْهِ الرُّوْحَ، وَيُؤْمَرُ بِأَرْبَعِ كَلِمَاتٍ: بِكَتْبِ رِزْقِهِ وَأَجَلِهِ وَعَمَلِهِ وَشَقِيٌّ أَوْ سَعِيْدٌ. فَوَ اللهِ الَّذِي لاَ إِلَهَ غَيْرُهُ إِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الْجَنَّةِ حَتَّى مَا يَكُوْنُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إِلاَّ ذِرَاعٌ فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الْكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ فَيَدْخُلُهَا، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ حَتَّى مَا يَكُوْنُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إِلاَّ ذِرَاعٌ فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الْكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الْجَنَّةِ فَيَدْخُلُهَا. (رواه البخاري ومسلم)

Абдулла бин Масъуд (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Бизге чынчылдардын чынчылы болгон Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Силердин жаралууӊар, алгач кырк күн энесинин ичинде суу боюнча турат. Анан дагы кырк күн коюу кан болуп турат. Анан дагы кырк күн бир тиштем эт болуп турат. Анан ага периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Анан төрт нерсени жазууга буйрулат: ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун. Андан башка ибадат кылууга татыктуу эч нерсе болбогон Аллага ант берип айтамын, бириӊер бейишке кирчүлөрдүн амалын кылып, бейиш менен анын ортосундагы аралык эки карыш калганда, анын тагдырына жазылганы болуп, тозокко кирүүчүлөрдүн амалын кылат да, тозокко кирет. Бириӊер тозокко кирүүчүлөрдүн амалын кылып, тозок менен анын ортосундагы аралык эки карыш калганда, анын тагдырына жазылганы болуп, бейишке кирүүчүлөрдүн амалын кылат да, бейишке кирет”.


БЕШИНЧИ ХАДИС

Тыюу салынган жана бидъат иштердин кабыл болбоосу

عَنْ أُمِّ الْمُؤْمِنِيْنَ أُمِّ عَبْدِ اللهِ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ : قَالَ رَسُوْلُ الله صلى الله عليه وسلم : مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ. (رواه البخاري ومسلم وفي رواية لمسلم : مَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ)

Айша энебиздин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Кимде-ким биздин динибизде болбогон жаңы нерсени алып келсе, ал кайтарылат”, – деп айткан.
Имам Муслимдин хадисинде: “Кимде-ким биздин динибизде буйрук болбогон ишти жасаса, ал кабыл кылынбайт”, – деп келген.


АЛТЫНЧЫ ХАДИС

Адал жана арам

عَنْ أَبِي عَبْدِ اللهِ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيْرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُوْلُ : إِنَّ الْحَلاَلَ بَيِّنٌ وَإِنَّ الْحَرَامَ بَيِّنٌ وَبَيْنَهمَا أُمُوْرٌ مُشْتَبِهَاتٌ لاَ يَعْلَمُهُنَّ كَثِيْرٌ مِنَ النَّاسِ، فَمَنِ اتَّقَى الشُّبُهَاتِ فَقَدْ اسْتَبْرَأَ لِدِيْنِهِ وَعِرْضِهِ، وَمَنْ وَقَعَ فِي الشُّبُهَاتِ وَقَعَ فِي الْحَرَامِ، كَالرَّاعِي يَرْعىَ حَوْلَ الْحِمَى يُوْشِكُ أَنْ يَرْتَعَ فِيْهِ، أَلاَ وَإِنَّ لِكُلِّ مَلِكٍ حِمًى أَلاَ وَإِنَّ حِمَى اللهِ مَحَارِمُهُ أَلاَ وَإِنَّ فِي الْجَسَدِ مُضْغَةً إِذَا صَلَحَتْ صَلَحَ الْجَسَدُ كُلُّهُ وَإِذَا فَسَدَتْ فَسَدَ الْجَسَدُ كُلُّهُ أَلاَ وَهِيَ الْقَلْبُ. (رواه البخاري ومسلم)

Нуъман бин Башир (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адал иштер да, арам иштер да белгилүү. Бул экөөнүн ортосунда күмөндүү иштер бар. Мына ушул иштерди элдин көпчүлүгү билбейт. Кимде-ким күмөндүү иштерден сактанса, ал абийирин да, динин да таза сактаган болот. Ал эми ким күмөндүү иштерге кадам таштаса, ал корулган жерге жакын кайтарган кою корукка кирип кетүү коркунучу бар койчуга окшош иш кылган болот. Билип алгыла! Ар бир кожоюндун коругу болот. Билип алгыла! Алланын коругу – арам кылган иштери. Көңүл бургула! Денеде муштумдай эт бар, эгер ал таза болсо, дене бүт таза болот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Билип алгыла, – бул жүрөк!”


ЖЕТИНЧИ ХАДИС

Дин – бул насыйкат

عَنْ أَبِي رُقَيَّةَ تَمِيْم الدَّارِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : الدِّيْنُ النَّصِيْحَةُ . قُلْنَا لِمَنْ ؟ قَالَ : لِلَّهِ وَلِكِتَابِهِ وَلِرَسُوْلِهِ وَلأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِيْنَ وَعَامَّتِهِمْ . (رواه البخاري ومسلم)

Абу Рукая Тамим бин Аус ад-Дари (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Дин – бул насыйкат», – деди. Биз: “Ким үчүн?” – деп сурадык. Ал: “Аллага, Анын китептерине, Анын пайгамбарына, мусулман башчыларына жана жалпы мусулмандарга” – деди.


СЕГИЗИНЧИ ХАДИС

Мусулмандын кадыр-баркы

عَنْ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم قَالَ : أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّداً رَسُوْلُ اللهِ، وَيُقِيْمُوا الصَّلاَةَ وَيُؤْتُوا الزَّكاَةَ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَـهُمْ إِلاَّ بِحَقِّ الإِسْلاَمِ وَحِسَابُهُمْ عَلَى اللهِ تَعَالىَ (رواه البخاري ومسلم)

Ибн Умардын (аларга Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адамдар: “Алладан башка сыйына турган илах жок, Мухаммад Алланын элчиси” деп күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче аларга каршы турууга буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда жанын жана малын сактап калышкан болот. Бирок Ислам укугуна жооп беришет. Алардын эсебин Алла Өзү берет”.


ТОГУЗУНЧУ ХАДИС

Диндин жеңилдиги

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ صَخْر رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُوْلُ : مَا نَهَيْتُكُمْ عَنْهُ فَاجْتَنِبُوْهُ، وَمَا أَمَرْتُكُمْ بِهِ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ، فَإِنَّمَا أَهْلَكَ الَّذِيْنَ مَنْ قَبْلَكُمْ كَثْرَةُ مَسَائِلِهِمْ وَاخْتِلاَفُهُمْ عَلَى أَنْبِيَائِهِمْ . (رواه البخاري ومسلم)

Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканына кулагым чалынды: “Мен силерди эмнеден тыйсам, андан алыс болгула! Эмнеге буйрусам, аны күчүңөр жетишинче аткаргыла! Чынында, силерден мурда өткөн коомдордун бир далайы көп суроо бергендиги жана пайгамбарына каршы чыккандыгы үчүн кыйрап жок болгон”.


ОНУНЧУ ХАДИС

Адал жана таза нерселердин гана кабыл болуусу

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : إِنَّ اللهَ تَعَالَى طَيِّبٌ لاَ يَقْبَلُ إِلاَّ طَيِّباً، وَإِنَّ اللهَ أَمَرَ الْمُؤْمِنِيْنَ بِمَا أَمَرَ بِهِ الْمُرْسَلِيْنَ فَقَالَ تَعَالَى “: يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا “وَقاَلَ تَعَالَى:: “يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ كُلُواْ مِن طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ” ثُمَّ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيْلُ السَّفَرَ أَشْعَثَ أَغْبَرَ يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ ياَ رَبِّ يَا رَبِّ وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ فَأَنَّى يُسْتَجَابُ لَهُ. (رواه مسلم)

Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Алла Таала чынында Таза, Ал тазаларды гана кабыл кылат. Алла Таала момундарга да элчилерге буйругандай буйрук берген. Тагыраак айтканда, элчилерге: “Оо, элчилер, таза азыкты гана жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла!” – деп буйруса, момундарга: “Оо, ыймандуулар, Биз силерге ырыскы кылган таза азыктардан жегиле!” – деп буйруган”. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишини сүрөттөп: “Ал алыс сапарда жүрөт, чачы үксүйүп, чаӊ баскан, алакан жайып: “Оо, Роббим! Оо, Роббим!” деп жалбарат. Бирок, жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арам менен азыктанган, анан анын дубасы кайдан кабыл болмок эле? – деди”.


ОН БИРИНЧИ ХАДИС

Анык ишти жасап, күмөн иштен сактануу

عَنْ أَبِي مُحَمَّدٍ الْحَسَنِ بْنِ عَلِي بْنِ أبِي طَالِبٍ سِبْطِ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَرَيْحَانَتِهِ رَضِيَ الله عَنْهُمَا قَالَ : حَفِظْتُ مِنْ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: دَعْ مَا يَرِيْبُكَ إِلَى مَا لاَ يَرِيْبُكَ. (رواه الترمذي وقال : حديث حسن صحيح)

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйкүмдүү, жыты ширин небереси Хасан бин Али бин Абу Талиб (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Мен Алланын элчисинин (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Сага күмөндүүнү таштап, күмөнсүзүн ал”, – деген сөзүн эсиме түйүп алгам.


ОН ЭКИНЧИ ХАДИС

Пайдалуу иш менен алектенүү

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم: مِنْ حُسْنِ إِسْلاَمِ الْمَرْءِ تَرْكُهُ مَا لاَ يَعْنِيْهِ. (حديث حسن رواه الترمذي وغيره هكذا)

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Өзүнө тиешеси болбогон ишке баш салбаганы – адамдагы Исламдын толуктугунан кабар берет”.


ОН ҮЧҮНЧҮ ХАДИС

Ыйман менен Исламдагы бир туугандык

عَنْ أَبِي حَمْزَةَ أَنَس بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، خَادِمِ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لأَخِيْهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ. (رواه البخاري ومسلم)

Алланын элчисинин кызматчысы Анас бин Маликтин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Өзүнө жакшы көргөн нерсени башка бир тууганына да жакшы көрмөйүнчө, силердин эч бириӊердин ыйманы толук болбойт”.


ОН ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

Мусулмандын жанынын кадыр-баркы

عَنِ ابْنِ مَسْعُوْدٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم : لاَ يَحِلُّ دَمُ امْرِئٍ مُسْلِمٍ يَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنِّي رَسُوْلُ اللهِ إِلاَّ بِإِحْدَى ثَلاَثٍ : الثَّيِّبُ الزَّانِي، وَالنَّفْسُ بِالنَّفْسِ وَالتَّارِكُ لِدِيْنِهِ الْمُفَارِقُ لِلْجَمَاعَةِ. (رواه البخاري ومسلم)

Ибн Масъуддун (ага Алла ыраазы болсун) айтымында Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Алладан башка ибадат кылууга ылайыктуу илах жок экенине жана менин Алланын элчиси экениме күбөлүк берген мусулмандын каны-жаны арам. Бирок, төмөнкү үч түрдүү адамга андай эмес: үйлөнгөндөн (же турмушка чыккандан) кийин зына кылган адамдын, бейкүнөө бирөөнү өлтүргөн адамдын, динден кайтып, мусулмандардын катарынан чыгып кеткен адамдын”.


ОН БЕШИНЧИ ХАДИc

Жакшы сөз сүйлөө, конокко жана кошунага сый мамиле жасоо ыймандан

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ فَلْيَقُلْ خَيْراً أًوْ لِيَصْمُتْ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَاْليَوْمِ الآخِرِ فَلْيُكْرِمْ جَارَهُ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ فَلْيُكْرِمْ ضَيْفَهُ. (رواه البخاري ومسلم)

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын. Ким Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, кошунасын сыйласын. Ким Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын”, – деген.


ОН АЛТЫНЧЫ ХАДИС

Ачууга алдырбаган адам – бейиши

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَجُلاً قَالَ لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَوْصِنِي، قَالَ : لاَ تَغْضَبْ فَرَدَّدَ مِرَاراً، قَالَ: لاَ تَغْضَبْ (رواه البخاري)

Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) минтип айткан: “Бир киши пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: “Мага насаат айтыңызчы”, – деп суранды. Ал: “Ачууланба!” – деди. Тиги бир канча жолу суранды, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ачууланба!”, – деп кайталады.


ОН ЖЕТИНЧИ ХАДИС

Ар бир ишти жакшылык менен аткаруу

عَنْ أَبِي يَعْلَى شَدَّاد ابْنِ أَوْسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : إِنَّ اللهَ كَتَبَ اْلإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ، فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا الْقِتْلَةَ وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذِّبْحَةَ وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ وَلْيُرِحْ ذَبِيْحَتَهُ .(رواه مسلم)

Абу Йаьлаа Шаддад бин Аустун (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Алла Таала ар бир ишти чеберчилик менен аткарууну буюрду. Эгер бир жандыкты өлтүрсөңөр, кыйнабай, жеңил өлтүргүлө! Эгер мууздасаңар, жакшы мууздагыла, кимиӊер болсо да курмандыгын кыйнабоо үчүн бычагын жакшылап курчутсун!”


ОН СЕГИЗИНЧИ ХАДИС

Такыбалык жана жакшы мүнөз

عَنْ أَبِي ذَرّ جُنْدُبْ بْنِ جُنَادَةَ وَأَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ مُعَاذ بْن جَبَلٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا عَنْ رَسُوْلِ اللهِ صلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : اِتَّقِ اللهَ حَيْثُمَا كُنْتَ، وَأَتْبِعِ السَّيِّئَةَ الْحَسَنَةَ تَمْحُهَا، وَخَالِقِ النَّاسَ بِخُلُقٍ حَسَنٍ. (رواه الترمذي وقال حديث حسن وفي بعض النسخ حسن صحيح)

Абу Зарр Жундуб бин Жунада менен Абу Абдурахман Муаз бин Жабалдын айтымында (аларга Алла ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Кайда болбогун Алладан корк. Жамандыктын артынан дароо аны жууп кетире турган жакшылык кыл. Адамдарга жакшы кулк-мүнөзүӊ менен мамиле кыл”.


ОН ТОГУЗУНЧУ ХАДИС

Алла Тааланын жардамы жана колдоосу

عَنْ أَبِي الْعَبَّاسِ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ : كُنْتُ خَلْفَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْماً، فَقَالَ : يَا غُلاَمُ إِنِّي أُعَلِّمُكَ كَلِمَاتٍ: اْحْفَظِ اللهَ يَحْفَظْكَ، احْفَظِ اللهَ تَجِدْهُ تُجَاهَكَ، إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلِ اللهَ وَإِذَا اسْتَعَنْتَ فَاسْتَعِنْ بِاللهِ، وَاعْلَمْ أَنَّ اْلأُمَّةَ لَوْ اجْتَمَعَتْ عَلَى أَنْ يَنْفَعُوْكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَنْفَعُوْكَ إِلاَّ بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللهُ لَكَ، وَإِنِ اجْتَمَعُوا عَلَى أَنْ يَضُرُّوْكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَضُرُّوْكَ إِلاَّ بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللهُ عَلَيْكَ، رُفِعَتِ اْلأَقْلاَمُ وَجَفَّتِ الصُّحُفُ. (رواه الترمذي وقال : حديث حسن صحيح وفي رواية غير الترمذي: احْفَظِ اللهَ تَجِدْهُ أَمَامَكَ، تَعَرَّفْ إِلَى اللهِ فِي الرَّخَاءِ يَعْرِفْكَ فِي الشِّدَّةِ، وَاعْلَمْ أَنَّ مَا أَخْطَأَكَ لَمْ يَكُنْ لِيُصِيْبَكَ، وَمَا أَصَابَكَ لَمْ يَكُنْ لِيُخْطِئَكَ، وَاعْلَمْ أَنَّ النَّصْرَ مَعَ الصَّبْرِ، وَأَنَّ الْفَرَجَ مَعَ الْكَرْبِ وَأَنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْراً)

Абдулла бин Аббас (аларга Алла ыраазы болсун) кеп кылат:

Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) улоосуна мени учкаштырып бара жаткан. Бир маалда мага кайрылып: “Балам, сага буларды үйрөтөйүн: Алла Тааланын буйрук жана эскертүүсүнө көңүл бур. Алла Таала да сага көңүл бурат. Бир нерсе сурасаң, Алла Тааладан сура, жардам, коргонуу тилесең да Алла Тааладан тиле. Бардык адамдар сага пайда келтирүү үчүн чогулушса да, Алла Таала сенин тагдырыңа жазганчалык гана пайда келтире алат. Ошондой эле бардык адамдар сага зыян келтирүү үчүн чогулушса, Алла Таала сенин тагдырыңа жазганчалык зыян келтирет. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган”, – деди.

Бул айтымды Имам Тирмизи китебине жазып, хадис ишенимдүү деп баа берген. Ал эми Имам Тирмизиден башкалардын айтымында хадис мындай баяндалат:

“Алла Тааланын буйрук жана эскертүүсүнө көңүл бур, Алла Тааланы алдыӊдан табасың. Өзүңдү жыргалчылык мезгилде Алла Таалага тааныт, кыйынчылык келгенде Алла Таала да сени тааныйт. Билгин, сенин башыңа келбеген нерсе, тагдырда жок эле. Сенин тагдырыңа жазылган нерсе, сенден четтеп өтүүсү мүмкүн эмес эле. Билгин, жеңиш сабыр менен биргеликте болот. Кутулуу да кыйынчылык менен бирге болот. Албетте, кыйынчылыктан кийин жеңилдик, жакшылык келет”.


ЖЫЙЫРМАНЧЫ ХАДИС

Уяттуулук – ыймандын бир бутагы

عَنْ أَبِي مَسْعُوْدٍ عُقْبَةَ بِنْ عَمْرٍو الأَنْصَارِي الْبَدْرِي رَضِيَ الله عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : إِنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ مِنْ كَلاَمِ النُّبُوَّةِ الأُوْلَى، إِذَا لَمْ تَسْتَحِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ. (رواه البخاري)

Абу Масъуд бин Укба бин Амр Ансари Бадринин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Өткөн пайгамбарлардан бери эч өзгөрбөй бизге жеткен сөз: “Уялбасаң, каалаганыңды жасай бер”, – деген сөз”.


ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ ХАДИС

Туруктуулук жана ыйман

عَنْ أَبِي عَمْرو، وَقِيْلَ : أَبِي عَمْرَةَ سُفْيَانُ بْنِ عَبْدِ اللهِ الثَّقَفِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قُلْتُ : يَا رَسُوْلَ اللهِ قُلْ لِي فِي اْلإِسْلاَمِ قَوْلاً لاَ أَسْأَلُ عَنْهُ أَحَداً غَيْرَكَ . قَالَ : قُلْ آمَنْتُ بِاللهِ ثُمَّ اسْتَقِمْ . (رواه مسلم)

Суфян бин Абдулла Сакафи (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Мен Алланын элчисине: “Оо, Алланын элчиси, мага Исламдагы (маанилүү, түшүнүктүү) бир сөздү айтчы, муну сенден башка эч кимден сурабайын”, – десем, ал: “Аллага ыйман келтирдим деп, анан ошол жолдо туруктуу бол”, – деди.


ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ ХАДИС

Бейиштин жолу

عَنْ أَبِي عَبْدِ اللهِ جَابِرْ بْنِ عَبْدِ اللهِ الأَنْصَارِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا : أَنَّ رَجُلاً سَأَلَ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : أَرَأَيْتَ إِذَا صَلَّيْتُ اْلمَكْتُوْبَاتِ، وَصُمْتُ رَمَضَانَ، وَأَحْلَلْتُ الْحَلاَلَ، وَحَرَّمْت الْحَرَامَ، وَلَمْ أَزِدْ عَلَى ذَلِكَ شَيْئاً، أَأَدْخُلُ الْجَنَّةَ ؟ قَالَ : نَعَمْ . (رواه مسلم)

Абу Абдулла Жабир бин Абдулла Ансари (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Бир киши Алланын элчисине (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылып, сурады: «Парз намаздарды окуп, рамазандын орозону кармап, адалды адал, арамды арам деп ошого амал кылсам, мындан башка эч нерсе кылбасам бейишке киремби?» Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Ооба», – деп жооп берди.


ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ ХАДИС

Бардык жакшылыктар – садага

عَنْ أَبِيْ مَالِكْ الْحَارِثِي ابْنِ عَاصِم اْلأَشْعَرِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : الطُّهُوْرُ شَطْرُ اْلإِيْمَانِ، وَالْحَمْدُ للهِ تَمْلأُ الْمِيْزَانِ، وَسُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ للهِ تَمْلأُ – أَوْ تَمْلآنِ – مَا بَيْنَ السَّمَاءِ وَاْلأَرْضِ، وَالصَّلاَةُ نُوْرٌ، وَالصَّدَقَةُ بُرْهَانٌ، وَالْقُرْآنُ حُجَّةٌ لَكَ أَوْ عَلَيْكَ . كُلُّ النَّاسِ يَغْدُو فَباَئِعٌ نَفْسَهُ فَمُعْتِقُهَا أَوْ مُوْبِقُهَا. (رواه مسلم)

Харис бин Асим Ашаринин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Тазалык – ыймандын жарымы. “Алхамду лиллах” деп мактоо айтуу таразанын сооп табагын толтурат. “СубханАлла” деп аруулоону жана “Алхамду лиллах” деп мактоону чогуу айтуу асман-жердин ортосун соопко толтурат же бири айтылса да ушундай. Намаз – нур, садага – шоола, сабыр – табы бар, жарыгы күчтүү нур, Куран – сенин пайдаңа же зыяныңа далил. Адамдардын баары эрте менен чыгышат да, напсисин (же Аллага ибадат кылууга, же шайтанга кызмат кылууга) сатат, аныгы, напсисин (дүйнө жана акыреттин азабынан) кутултат же тутултат”.


ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

Заалымдык кылуу – арам

عَنْ أَبِي ذَرٍّ الْغِفَارِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيْمَا يَرْوِيْهِ عَنْ رَبِّهِ عَزَّ وَجَلَّ أَنَّهُ قَالَ : يَا عِبَادِي إِنِّي حَرَّمْتُ الظُّلْمَ عَلىَ نَفْسِي وَجَعَلْتُهُ بَيْنَكُمْ مُحَرَّماً، فَلاَ تَظَالَمُوا . يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ ضَالٌّ إِلاَّ مَنْ هَدَيْتُهُ، فَاسْتَهْدُوْنِي أَهْدِكُمْ . يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ جَائِعٌ إِلاَّ مَنْ أَطْعَمْتُهُ فَاسْتَطْعِمُوْنِي أَطْعِمْكُمْ . يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ عَارٍ إِلاَّ مَنْ كَسَوْتُهُ فَاسْتَكْسُوْنِي أَكْسُكُمْ . يَا عِبَادِي إِنَّكُمْ تُخْطِئُوْنَ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَأَناَ أَغْفِرُ الذُّنُوْبَ جَمِيْعاً، فَاسْتَغْفِرُوْنِي أَغْفِرْ لَكُمْ، يَا عِبَادِي إِنَّكُمْ لَنْ تَبْلُغُوا ضُرِّي فَتَضُرُّوْنِي، وَلَنْ تَبْلُغُوا نَفْعِي فَتَنْفَعُوْنِي . يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ كَانُوا عَلَى أَتْقَى قَلْبِ رَجُلٍ وَاحِدٍ مِنْكُمْ مَا زَادَ ذَلِكَ فِي مُلْكِي شَيْئاً . يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ كَانُوا عَلَى أَفْجَرِ قَلْبِ رَجُلٍ وَاحِدٍ مِنْكُمْ مَا نَقَصَ ذَلِكَ مِنْ مُلْكِي شَيْئاً . يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ قَامُوا فِي صَعِيْدٍ وَاحِدٍ فَسَأَلُوْنِي فَأَعْطَيْتُ كُلَّ وَاحِدٍ مَسْأَلَتَهُ مَا نَقَصَ ذَلِكَ مِمَّا عِنْدِي إِلاَّ كَمَا يَنْقُصُ الْمَخِيْطُ إِذَا أُدْخِلَ الْبَحْرَ . يَا عِبَادِي إِنَّمَا هِيَ أَعَمَالُكُمْ أُحْصِيْهَا لَكُمْ ثُمَّ أُوْفِيْكُمْ إِيَّاهَا فَمَنْ وَجَدَ خَيْراً فَلْيَحْمَدِ اللهَ وَمَنْ وَجَدَ غَيْرَ ذَلِكَ فَلاَ يَلُوْمَنَّ إِلاَّ نَفْسَهُ .(رواه مسلم)

Абу Зарр Гифаринин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Роббисинин айтканын минтип баяндайт: “(Алла Таала) мындай дейт: “Оо, пенделерим! Мен залымдыкты Өзүмө арам кылдым. Аны силердин араңарда да арам кылдым, ошондуктан, бири-бириңерге заалымдык кылбагыла! Оо, пенделерим! Мен туура жолго салгандардан башкаңар баарыңар адашуудасыңар. Андыктан, Менден туура жолго салуумду сурангыла, силерди туура жолго салайын. Оо, пенделерим! Мен тойгузгандардан башка баарыңар ачсыңар. Андыктан, Менден ырыскы даам сурагыла, силерди тойгузайын. Оо, пенделерим! Мен кийиндиргенден башкаңар баарыңар жылаңачсыңар. Андыктан, менден силерди кийиндирүүмдү сурангыла, мен кийиндирейин. Оо, пенделерим! Силер күнү-түнү күнөө кыласыӊар, бүтүндөй бардык күнөөңөрдү кечирүүчү Менмин. Андай болсо, Менден күнөөлөрдү кечирүүмдү сурангыла, силерди кечирейин. Оо, пенделерим! Силердин Мага зыян тийгизүүгө күчүңөр жетпегендиктен, зыян бере албайсыңар. Мага пайда келтирүүгө күчүңөр жетпегендиктен пайда да келтире албайсыңар. Оо, пенделерим! Мурда жашап өткөнүңөр жана кийин келе турганыңар, инсаныңар жана жиндериңер силердин ичиңерден өтө күчтүү такыба адамдын жүрөгү сыяктуу болсоңор дагы бул нерсе мүлкүмө эч нерсе кошумчалабайт. Оо, пенделерим! Силерден мурда жашап өткөн жана силерден кийин да келе турган инсандар жана жиндер баарыңар эң күнөөкөр адамдын жүрөгү сыяктуу болсоңор да ал Менин мүлкүмдөн эч нерсе кемитпейт. Оо, пенделерим! Силерден мурда жашап өткөн жана силерден кийин да келе турган инсандар жана жиндер баарыңар бир жерде турсаңар жана Менден каалаган нерселериңерди сурасаңар, Мен ар бириңерге каалаган нерсеңерди берсем, Менин казынам кемибейт. Кемисе да деңизге салынып чыгарылган ийнедеги суу тамчысындай гана кемийт. Оо, пенделерим! Албетте, булардын баары силердин аткарган амалдарыңар, аларды силердин эсебиңерге жазам. Андан кийин аларды (соопторун же жазаларын) силерге берем. Ким жакшылык көрсө, Алла Таалага мактоо-шүгүр айтсын. Ким башка нерсе (азап) көрсө, өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн”.


ЖЫЙЫРМА БЕШИНЧИ ХАДИС

Алланын ырайымы кенен

عَنْ أَبِي ذَرٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ : أَنَّ نَاساً مِنْ أَصْحَابِ رَسُوْلِ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم قَالُوا لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَا رَسُوْلَ اللهِ، ذَهَبَ أَهْلُ الدُّثُوْرِ بِاْلأُجُوْرِ يُصَلُّوْنَ كَمَا نُصَلِّي، وَيَصُوْمُوْنَ كَمَا نَصُوْمُ، وَيتَصَدَّقُوْنَ بِفُضُوْلِ أَمْوَالِهِمْ قَالَ : أَوَ لَيْسَ قَدْ جَعَلَ اللهُ لَكُمْ مَا تَصَدَّقُوْنَ : إِنَّ لَكُمْ بِكُلِّ تَسْبِيْحَةٍ صَدَقَةً وَكُلِّ تَكْبِيْرَةٍ صَدَقَةً وَكُلِّ تَحْمِيْدَةٍ صَدَقَةً، وَكُلِّ تَهْلِيْلَةٍ صَدَقَةً وَأَمْرٍ بِالْمَعْرُوْفِ صَدَقَةً وَنَهْيٍ عَن مُنْكَرٍ صَدَقَةً وَفِي بُضْعِ أَحَدِكُمْ صَدَقَةً قَالُوا : يَا رَسُوْلَ اللهِ أَيَأْتِي أَحَدُنَا شَهْوَتَهُ وَيَكُوْنُ لَهُ فِيْهَا أَجْرٌ ؟ قَالَ : أَرَأَيْتُمْ لَوْ وَضَعَهَا فِي حَرَامٍ أَكَانَ عَلَيْهِ وِزْرٌ ؟ فَكَذَلِكَ إِذَا وَضَعَهَا فِي الْحَلاَلِ كَانَ لَهُ أَجْرٌ. (رواه مسلم)

Абу Зарр (ага Алла ыраазы болсун) мындай дейт: Сахабалардын айрымдары пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: “Оо, Алланын элчиси! Байлар бүт соопторду алып кетмей болду. Себеби, алар биз сыяктуу эле намаз окушат, биз сыяктуу орозо кармашат, мындан сырткары мал-мүлкүнөн садага (зекет) да беришет”, – дешти. Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга жооп берип: “Алла Таала силерге да садага кыла турган нерселерди бербеди беле? Ар бир тасбихиңер – садага, ар бир такбириңер – садага, ар бир тахмидиңер – садага, ар бир тахлилиӊер – садага, жакшылыкка чакырганыӊар – садага, жамандыктан тыйганыӊар – садага. Ал эмес, жубайыңар менен жыныстык катнашта болууңар да садага”, – деди. Сахабалар: “Оо, Алланын элчиси! Биз кумарыбызды кандырсак да садага болобу? – деп таӊданышты. Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эгер арам жол менен кумарын кандырса күнөөгө батат беле? Ошол сыяктуу эле, адал жол менен кумарын кандырса соопко ээ болот”, – деди.


ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ ХАДИС

Адамдарды элдештирүү жана аларга адилет мамиле кылуу

عَنْ أَبِيْ هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : كُلُّ سُلاَمَى مِنَ النَّاسِ عَلَيْهِ صَدَقَةٌ، كُلُّ يَوْمٍ تَطْلُعُ فِيْهِ الشَّمْسُ تَعْدِلُ بَيْنَ اثْنَيْنِ صَدَقَةٌ، وَتُعِيْنُ الرَّجُلَ فِي دَابَّتِهِ فَتَحْمِلُهُ عَلَيْهَا أَوْ تَرْفَعُ لَهُ عَلَيْهَا مَتَاعَهُ صَدَقَةٌ وَالْكَلِمَةُ الطَّيِّبَةُ صَدَقَةٌ، وَبِكُلِّ خُطْوَةٍ تَمْشِيْهَا إِلَى الصَّلاَةِ صَدَقَةٌ وَ تُمِيْطُ اْلأَذَى عَنِ الطَّرِيْقِ صَدَقَةٌ . (رواه البخاري ومسلم)

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Күн сайын адамдар ар бир мууну үчүн садага берүүсү кажет: Эки адамды жараштыруу – садага, бирөөнү улоосуна мингизип же жүгүн артып жардам берүү – садага, жакшы сөз айтуу – садага, намазга жөнөп ташталган ар бир кадам – садага, зыяндуу нерсени жолдон алып салуу – садага”.


ЖЫЙЫРМА ЖЕТИНЧИ ХАДИС

Жакшылык жана жамандык

عَنْ النَّوَّاسِ بنِ سَمْعَانَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى الله عليه وسلم قَالَ : الْبِرُّ حُسْنُ الْخُلُقِ وَاْلإِثْمُ مَا حَاكَ فِي نَفْسِكَ وَكَرِهْتَ أَنْ يَطَّلِعَ عَلَيْهِ النَّاسُ. (رَوَاهُ مُسْلِم)وَعَنْ وَابِصَةَ بْنِ مَعْبَد رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : أَتَيْتُ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : جِئْتَ تَسْألُ عَنِ الْبِرِّ قُلْتُ : نَعَمْ، قَالَ : اِسْتَفْتِ قَلْبَكَ، الْبِرُّ مَا اطْمَأَنَّتْ إِلَيْهِ النَّفْسُ وَاطْمَأَنَّ إِلَيْهِ الْقَلْبُ، وَاْلإِثْمُ مَا حَاكَ فِي النَّفْسِ وَتَرَدَّدَ فِي الصَّدْرِ، وَإِنْ أَفْتَاكَ النَّاسُ وَأَفْتَوْكَ . (حديث حسن رويناه في مسندي الإمامين أحمد بن حنبل والدارمي بإسناد حسن)

Наввас бин Самъандын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Жакшылык – бул, кулк-мүнөздүн көркөмдүгү. Ал эми күнөө – сени тынчсыздандырып, башкаларга көрсөтүүнү каалбаган нерсе”.

Вабиса бин Маъбад (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Мен Алланын элчисине (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келдим. Ал менден: “Жакшылык тууралуу сураганы келдиӊби?” – деп сурады. Мен: “Ооба”, – дедим. Ал: “Жүрөгүӊдү тыӊша, жакшылык – бул, сенин жүрөгүндү тынчтандырган иш. Күнөө – бул элдер аны сага туура дешсе да, сени тынчсыздандырып, жүрөгүӊдү өйүгөн нерсе. Андыктан өзүңдү ук!”


ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ ХАДИС

Сүннөттү кармануу жана бидъаттан сактануу

عَنْ أَبِي نَجِيْحٍ الْعِرْبَاضِ بْنِ سَاريةَ رَضي الله عنه قَالَ : وَعَظَنَا رَسُوْلُ اللهِ صَلىَّ الله عليه وسلم مَوْعِظَةً وَجِلَتْ مِنْهَا الْقُلُوْبُ، وَذَرِفَتْ مِنْهَا الْعُيُوْنُ، فَقُلْنَا : يَا رَسُوْلَ اللهِ، كَأَنَّهَا مَوْعِظَةُ مُوَدَّعٍ، فَأَوْصِنَا، قَالَ : أُوْصِيْكُمْ بِتَقْوَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ، وَالسَّمْعِ وَالطَّاعَةِ وَإِنْ تَأَمَّرَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ، فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ فَسَيَرَى اخْتِلاَفاً كًثِيْراً. فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِيْنَ الْمَهْدِيِّيْنَ عَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ، وَإِيَّاكُمْ وَمُحْدَثَاتِ اْلأُمُوْرِ، فَإِنَّ كُلَّ بِدْعَةٍ ضَلاَلَةٌ. (رَوَاه داود والترمذي وقال : حديث حسن صحيح)

Абу Нажих Ирбад бин Сария (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бир күнү эртең мененки намаздан кийин) бизге өтө таасирдүү баян кылды. Бул баяндын таасиринен көздөр жашка, көкүрөк коркунучка толду. Биз: “Оо, Алланын элчиси, айткандарыӊыз биз менен коштошуп жаткан адамдын осуятындай туюулуп жатат, бизге наасат айтыӊызчы”, – деп сурандык. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: “Силерге айтарым: Улуу, Ызаттуу Аллага такыба болгула, башчыңар кул болсо да анын сөзүн угуп, баш ийгиле. Чынында, силерден кимиӊер узун өмүр сүрсө, көп карама-каршылыктарга күбө болот. Менин сүннөтүмдү жана туура жолго баштоочу халифаларымдын жолун бекем кармагыла. Ушул жолдо бек тургула. Динде жок “кийин ойлоп табылган нерселерден” сактангыла. Себеби бардык бидаьт (кийин ойлоп табылган нерсе) адашууга алып барат”.


ЖЫЙЫРМА ТОГУЗУНЧУ ХАДИС

Жакшылыктын эшиктери жана туура жолго багыттаган иштер

عَنْ مُعَاذُ بنُ جَبَلٍ – رضِي اللهُ عنه- قَالَ: قُلْتُ: يا رَسُوْلَ اللهِ ، أَخْبِرْنِي بِعَمَلٍ يُدْخِلُنِي الْجَنَّةَ وَيُبَاعِدُنِي عَنِ النَّارِ، قَالَ : لَقَدْ سَأَلْتَ عَنْ عَظِيْمٍ، وَإِنَّهُ لَيَسِيْرٌ عَلىَ مَنْ يَسَّرَهُ اللهُ تَعَالَى عَلَيْهِ : تَعْبُدُ اللهَ لاَ تُشْرِكُ بِهِ شَيْئاً، وَتُقِيْمُ الصَّلاَةَ، وَتُؤْتِيَ الزَّكَاةَ، وَتَصُوْمُ رَمَضَانَ، وَتَحُجُّ الْبَيْتَ، ثُمَّ قَالَ : أَلاَ أَدُلُّكَ عَلَى أَبْوَابِ الْخَيْرِ ؟ الصَّوْمُ جُنَّةٌ، وَالصَّدَقَةُ تُطْفِئُ الْخَطِيْئَةَ كَمَا يُطْفِئُ الْمَاءُ النَّارَ، وَصَلاَةُ الرَّجُلِ فِي جَوْفِ اللَّيْلِ، ثُمَّ قَالَ : ( تَتَجَافَى جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ ) حَتَّى بَلَغَ (يَعْمَلُونَ) ثُمَّ قَالَ : أَلاَ أُخْبِرُكَ بِرَأْسِ الأَمْرِ وُعَمُوْدِهِ وَذِرْوَةِ سَنَامِهِ ؟ قُلْتُ: بَلَى يَا رَسُوْلَ اللهِ قَالَ : رَأْسُ اْلأَمْرِ اْلإِسْلاَمُ وَعَمُوْدُهُ الصَّلاَةُ وَذِرْوَةُ سَنَامِهِ الْجِهَادُ. ثُمَّ قَالَ: أَلاَ أُخْبِرُكَ بِمَلاَكِ ذَلِكَ كُلِّهِ ؟ فَقُلْتُ : بَلىَ يَا رَسُوْلَ اللهِ . فَأَخَذَ بِلِسَانِهِ وَقَالِ : كُفَّ عَلَيْكَ هَذَا. قُلْتُ : يَا نَبِيَّ اللهِ، وَإِنَّا لَمُؤَاخَذُوْنَ بِمَا نَتَكَلَّمَ بِهِ ؟ فَقَالَ : ثَكِلَتْكَ أُمُّكَ، وَهَلْ يَكُبَّ النَاسُ فِي النَّارِ عَلَى وُجُوْهِهِمْ – أَوْ قَالَ : عَلىَ مَنَاخِرِهِمْ – إِلاَّ حَصَائِدُ أَلْسِنَتِهِمْ . (رواه الترمذي وقال : حديث حسن صحيح)

Муаз бин Жабал (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Мен: “Оо, Алланын элчиси, мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды айтыӊызчы?” – деп сурадым. Ал: “Чынында, сен кыйын нерсени сурадыӊ бирок, бул Алла жеӊил кылган кишиге жеӊил эле. Аллага эч нерсени шерик кылбай ибадат кыл, намаз оку, зекет бер, орозо карма жана ажылык кыл”, – деди. Анан: “Сага жакшылыктын эшиктерин айтып берейинби? Орозо – калкан, Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Кишинин түн ортосунда туруп окуган намазы…” – деп, анан: “Алардын жамбаштары жаткан орундарынан өйдө болуп, коркуп жана үмүт кылып Роббисине дуба кылышат. Дагы Биз ырыскы кылып берген нерседен садага кылышат. Эч бир жан жасаган иштери үчүн өздөрүнө (бейиште) жашыруун даярдалып койгон кубанычты билбейт”, деген аятты окуду да: “Сага иштин башатын, түркүгүн жана туу чокусун айтайынбы?” – деп сурады. Мен: “Ооба, айтыӊыз”, – дедим. Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Иштердин башаты – Ислам, түркүгү – намаз, чокусу – жихад”, – деди. Андан кийин Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эми сага ушунун баарынын тизгинин айтайынбы?” – деп сурады. Мен: “Ооба, айтыныз”, – дедим. Ал тилин учунан кармап, көрсөтүп: “Мына ушуну тый!” – деди. “Оо, Алланын элчиси, сүйлөгөн сөзүбүзгө да жооп беребизби?” – деп сурадым. Ал: “Ой, туулбай туна чөккүр десе, тилинин кесепети болбосо, адамдар тозокко тумшугу менен түшмөк беле”, – деди.


ОТУЗУНЧУ ХАДИС

Алла Таала чектеген жана арам кылган иштер

عَنْ أَبِي ثَعْلَبَةَ الْخُشَنِي جُرْثُوْمِ بْنِ نَاشِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، عَنْ رَسُوْلِ اللهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ : إِنَّ اللهَ تَعَالَى فَرَضَ فَرَائِضَ فَلاَ تُضَيِّعُوْهَا، وَحَدَّ حُدُوْداً فَلاَ تَعْتَدُوْهَا، وَحَرَّمَ أَشْيَاءَ فَلاَ تَنْتَهِكُوْهَا، وَسَكَتَ عَنْ أَشْيَاءَ رَحْمَةً لَكُمْ غَيْرَ نِسْيَانٍ فَلاَ تَبْحَثُوا عَنْهَا. (حديث حسن رواه الدارقطني وغيره)

Абу Саълаба Хушаний Журсум бин Наширдин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Алла Таала парздарды буйруду, аларды таштап койбогула. Ошондой эле чекти чектеди, андан ашык-кем кылбагыла. Кээ бир нерселерди арам кылды, аларга жакындабагыла. Кээ бир нерселерди силерге ырайым кылып унчукпады, аны унуткан жок, мындай нерселерди изилдебегиле”.


ОТУЗ БИРИНЧИ ХАДИС

Дүйнөгө көз артпоо жана ток пейилдүүлүк

عَنْ أَبِي الْعَبَّاس سَهْل بِنْ سَعْد السَّاعِدِي رَضِيَ الله عَنْهُ قَالَ : جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : ياَ رَسُوْلَ اللهِ دُلَّنِي عَلَى عَمَلٍ إِذَا عَمِلْتُهُ أَحَبَّنِيَ اللهُ وَأَحَبَّنِي النَّاسُ، فَقَالَ : ازْهَدْ فِي الدُّنْيَا يُحِبُّكَ اللهُ، وَازْهَدْ فِيْمَا عِنْدَ النَّاسِ يُحِبُّكَ النَّاسُ . (حديث حسن رواه ابن ماجة وغيره بأسانيد حسنة)

Сахл бин Саъд Сааъиди (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Бир адам Алланын элчисине (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: “Оо, Алланын элчиси, мени Алла Таалага да, адамдарга да жакшы көрсөтө турган ишти айтчы”, – деп сурады. Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: “Дүйнөгө көз артпасаң, Алла Таала сени сүйөт, пенделердин байлыгына көз артпасаң, алар сени сүйөт”, – деди.


ОТУЗ ЭКИНЧИ ХАДИС

Зыян тийгизүүдөн сактануу

عَنْ أَبِي سَعِيْدٍ سَعَدْ بْنِ سِنَانِ الْخُدْرِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلَّمَ قَالَ : لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ. (حَدِيْثٌ حَسَنٌ رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه وَالدَّارُقُطْنِي وَغَيْرُهُمَا مُسْنَداً، وَرَوَاهُ مَالِك فِي الْمُوَطَّأ مُرْسَلاً عَنْ عَمْرو بْنِ يَحْيَى عَنْ أَبِيْهِ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَسْقَطَ أَبَا سَعِيْدٍ وَلَهُ طُرُقٌ يُقَوِّي بَعْضُهَا بَعْضاً)

Абу Саид Саъд бин Синан Худринин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Зыянын тийгизбегенге да, тийгизгенге да зыян берүүгө болбойт”, – деген.


ОТУЗ ҮЧҮНЧҮ ХАДИС

Исламдагы өкүм чыгаруунун негиздери

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم : لَوْ يُعْطَى النَّاسُ بِدَعْوَاهُمْ، لاَدَّعَى رِجَالٌ أَمْوَالَ قَوْمٍ وَدِمَاءَهُمْ، لَكِنَّ الْبَيِّنَةَ عَلَى الْمُدَّعِيْ وَالْيَمِيْنَ عَلَى مَنْ أَنْكَرَ. (حديث حسن رواه البيهقي وغيره هكذا، وبعضه في الصحيحين)

Ибн Аббастын (аларга Алла ыраазы болсун) айтымында Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Эгер элдерге арткан доосу себептүү сураган нерселери берилсе, кээ бир адамдар, бир канча адамдын мал-жанын ээлик кылууга умтулмак. Бирок, доогерден далил, ал эми доолануучудан касам талап кылынат”.


ОТУЗ ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

Туура эмес иштен кайтаруу

عَنْ أَبِي سَعِيْد الْخُدْرِي رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صلى الله عليه وسلم يَقُوْلُ : مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَراً فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ اْلإِيْمَانِ. (رواه مسلم)

Абу Саъид Худри (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: “Силерден кимиңер жаман ишти көрсө аны колу менен тыйсын. Эгер андай кыла албаса, тили менен тыйсын. Ага да кудурети жетпесе, жүрөгү менен каршы чыксын. Мына ушул (жүрөктөн жактырбоо) ыймандын эӊ алсыздыгы”.


ОТУЗ БЕШИНЧИ ХАДИС

Исламдагы бир туугандык жана мусулмандардын өз ара акы-укугу

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم : لاَ تَحَاسَدُوا وَلاَ تَنَاجَشُوا وَلاَ تَبَاغَضُوا وَلاَ تَدَابَرُوا وَلاَ يَبِعْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَيْعِ بَعْضٍ وَكُوْنُوا عِبَادَ اللهِ إِخْوَاناً. الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لاَ يَظْلِمُهُ وَلاَ يَخْذُلُهُ وَلاَ يَكْذِبُهُ وَلاَ يَحْقِرُهُ. التَّقْوَى هَهُنَا – وَيُشِيْرُ إِلَى صَدْرِهِ ثَلاَثَ مَرَّاتٍ – بِحَسَبِ امْرِئٍ مِنَ الشَّرِّ أَنْ يَحْقِرَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ، كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ. (رواه مسلم)

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла! Бири-бириңерди алдап (өз ара бааны көтөрүп) соодалашпагыла! Ич ара бири-бириңерди жек көрүүдөн сактангыла! Бири-бириңерге таарынып, терс карап кетпегиле! Бири-бириңердин соодаңарды бузбагыла! Оо, Алланын пенделери, бир боор болуп ынтымакта жашагыла! Мусулман мусулмандын – бир тууганы, чыныгы мусулман боордошуна зулумдук кылбайт жана кордобойт, зарыл учурда колдоосуз калтырбайт” деп, анан колу менен көкүрөгүн үч жолу уруп: “Такыбалык мына бул жерде. Адамга мусулман бир тууганын өзүнөн төмөн санап, керсейгенинен өткөн жамандык жок! Ар бир мусулмандын каны, жаны, малы жана ар намысы башка мусулманга арам”.


ОТУЗ АЛТЫНЧЫ ХАДИС

Жакшылыктардын жыйындысы

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِي اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : مَنْ نَفَّسَ عَنْ مُؤْمِنٍ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ الدُّنْيَا نَفَّسَ اللهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ، وَمَنْ يَسَّرَ عَلَى مُعْسِرٍ يَسَّرَ اللهُ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ، وَمَنْ سَتَرَ مُسْلِماً سَتَرَهُ اللهُ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ وَاللهُ فِي عَوْنِ الْعَبْدِ مَا كاَنَ الْعَبْدُ فِي عَوْنِ أَخِيْهِ. وَمَنْ سَلَكَ طَرِيْقاً يَلْتَمِسُ فِيْهِ عِلْماً سَهَّلَ اللهُ بِهِ طَرِيْقاً إِلَى الْجَنَّةِ، وَمَا اجْتَمَعَ قَوْمٌ فِي بَيْتٍ مِنْ بُيُوْتِ اللهِ يَتْلُوْنَ كِتَابَ اللهِ وَيَتَدَارَسُوْنَهُ بَيْنَهُمْ إِلاَّ نَزَلَتْ عَلَيْهِمْ السَّكِيْنَةُ وَغَشِيَتْهُمُ الرَّحْمَةُ، وَحَفَّتْهُمُ الْمَلاَئِكَةُ، وَذَكَرَهُمُ اللهُ فِيْمَنْ عِنْدَهُ، وَمَنْ بَطَأَ فِي عَمَلِهِ لَمْ يُسْرِعْ بِهِ نَسَبُهُ. (متفق عليه)

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Ким бир момундун дүйнө көйгөйлөрүнөн бирин чечсе, Алла Таала анын акырет көйгөйлөрүнүн бирин чечет. Ким кыйынчылыкка кабылган адамды андан чыгарса, Алла Таала аны дүйнө жана акырет кыйынчылыктарын чыгарат. Пенде башка бир тууганына жардам берсе, Алла ага жардам берет. Ким илим жолуна түшсө, Алла Таала ага бейиштин жолун жеӊил кылат. Адамдар Алланын үйлөрүнүн бирине чогулуп, Куран китебин окушса жана бири-бирине үйрөтүшсө, аларга бейпилдик түшүп, ырайым жаап, периштелер курчап алат. Алла Таала аларды жанындагыларга (периштелерге) мактайт. “Кимдин жакшы амалы аз болсо, тегинин барктуулугу ага пайда бербейт”.


ОТУЗ ЖЕТИНЧИ ХАДИС

Алла Тааланын адилеттүүлүгү, мээрими жана кудурети

عَنْ ابْنِ عَبَّاسِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، عَنْ رَسُوْلِ اللهِ صَلى الله عليه وسلم فِيْمَا يَرْوِيْهِ عَنْ رَبِّهِ تَبَارَكَ وَتَعَالَى : إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْحَسَنَاتِ وَالسَّيِّئَاتِ، ثُمَّ بَيَّنَ ذَلِكَ : فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ عَشْرَةَ حَسَنَاتٍ إِلَى سَبْعِمِائَةِ ضِعْفٍ إِلَى أَضْعَافٍ كَثِيْرَةٍ، وَإِنْ هَمَّ بِسَيِّئَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ سَيِّئَةً وَاحِدَةً. (رواه البخاري ومسلم في صحيحهما بهذه الحروف)

Ибн Аббастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис кудсиде минтип кабарлаган: “Алла Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, андан кийин мындай деп баяндады: Ким жакшылыкты ниет кылып, бирок аткарбаса, Алла Таала ага толук бир жакшылык кылды деп жазат. Жакшылыкты ниет кылып, аны аткарса, Алла Таала ага ондон жети жүз эсеге чейин же андан да көп жакшылык кылды деп жазат. Ал эми ким жамандыкты ниет кылып, аны аткарбаса, Алла Таала ага толук бир жакшылык кылды деп жазат. Ал эми жамандыкты ниет кылып, аны аткарса, Алла Таала ага бир күнөө кылды деп жазат”.


ОТУЗ СЕГИЗИНЧИ ХАДИС

Аллага жакындоо жана Анын сүйүүсүнө ээ болуу

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم : إِنَّ اللهَ تَعَالَى قَالَ : مَنْ عَادَى لِي وَلِيًّا فَقَدْ آذَنْتُهُ بِالْحَرْبِ، وَمَا تَقَرَّبَ إِلَيَّ عَبْدِي بِشَيْءٍ أَحَبَّ إِلَيَّ مِمَّا افْتَرَضْتُهُ عَلَيْهِ، وَلاَ يَزَالُ عَبْدِي يَتَقَرَّبُ إِلَيَّ بِالنَّوَافِلِ حَتَّى أُحِبَّهُ، فَإِذَا أَحْبَبْتُهُ كُنْتُ سَمْعَهُ الَّذِي يَسْمَعُ بِهِ وَبَصَرَهُ الَّذِي يُبْصِرُ بِهِ، وَيَدَهُ الَّتِي يَبْطِشُ بِهَا، وَرِجْلَهُ الَّتِي يَمْشِي بِهَا، وَلَئِنْ سَأَلَنِي لأُعْطِيَنَّهُ، وَلَئِنِ اسْتَعَاذَنِي لأُعِيْذَنَّهُ. (رواه البخاري)

Абу Хурайранын айтымында (ага Алла ыраазы болсун) Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Чынында, Алла Таала: “Ким мага жакын болгон адамга душмандык кылса, Мен ага согуш жарыялайм. Пендем, Мен парз кылган нерселер менен Мага жакын боло алат. Пендем нафилдер (кошумча ибадаттар) менен Мага жакындоону улантса, Мен аны жакшы көрөм. Мен аны жакшы көрсөм, уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болом жана эмнени сураса берем, Мага коргонсо мен аны коргойм”, – деген”.


ОТУЗ ТОГУЗУНЧУ ХАДИС

Ислам – жеӊил дин

عَنِ ابْنِ عَبَّاس رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا : أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم قَالَ : إِنَّ اللهَ تَجَاوَزَ لِيْ عَنْ أُمَّتِي : الْخَطَأُ وَالنِّسْيَانُ وَمَا اسْتُكْرِهُوا عَلَيْهِ. (حديث حسن رواه ابن ماجة والبيهقي وغيرهما)

Ибн Аббастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Алла Таала үммөтүмдүн жаңылыштык кылып, унутуп жана мажбурланып кылган күнөөлөрүн менин урматым үчүн кечирди”.


КЫРКЫНЧЫ ХАДИС

Акыреттин ийгилиги үчүн бул дүйнөнү пайдалануу

عَنْ ابْنِ عُمَرْ رضي الله عَنْهُمَا قَالَ : أَخَذَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم بِمَنْكِبَيَّ فَقَالَ : كُنْ فِي الدُّنْيَا كَأَنَّكَ غَرِيْبٌ أَوْ عَابِرُ سَبِيْلٍ. وَكاَنَ ابْنُ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا يَقُوْلُ : إِذَا أَمْسَيْتَ فَلاَ تَنْتَظِرِ الصَّبَاحَ، وَإِذَا أَصْبَحْتَ فَلاَ تَنْتَظِرِ الْمَسَاءَ، وَخُذْ مِنْ صِحَّتِكَ لِمَرَضِكَ، وَمِنْ حَيَاتِكَ لِمَوْتِكَ. (رواه البخاري)

Ибн Умар (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени желкемден кармап: “Бул дүйнөдө чоочун же жолоочу адамдай бол”, – деп айтты. Андан кийин Ибн Умар (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Эгерде кеч кирсе, таңды күтпө. Таң атса, кечти күтпө. Дениң соо кезиӊди ооруганга чейин пайдалан, тирүүлүгүңдү өлгөнгө чейин пайдалан”.


КЫРК БИРИНЧИ ХАДИС

Алла Тааланын шариятын ээрчүү

عَنْ أَبِي مُحَمَّدٍ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرو بْنِ الْعَاصِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ : قَالَ رَسُوْلُ اللهِ صلى الله عليه وسلم : لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يَكُوْنَ هَوَاهُ تَبَعاً لِمَا جِئْتُ بِهِ. (حَديثٌ حَسَنٌ صَحِيْحٌ وَرَوَيْنَاهُ فِي كِتَابِ الْحُجَّة بإسنادٍ صحيحٍ)

Абу Мухамад Абдулла бин Амр бин Аастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Каалоосу мен алып келген нерсеге ээрчимейинче эч кимиӊ толук ыймандуу боло албайсыӊар”.


КЫРК ЭКИНЧИ ХАДИС

Алла Тааланын кечиримдүүлүгү

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : سَمِعْتُ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم يَقُوْلُ : قَالَ اللهُ تَعَالَى : يَا ابْنَ آدَمَ، إِنَّكَ مَا دَعَوْتَنِي وَرَجَوْتَنِي غَفَرْتُ لَكَ عَلَى مَاكَانَ مِنْكَ وَلاَ أُبَالِي، يَا ابْنَ آدَمَ لَوْ بَلَغَتْ ذُنُوْبُكَ عَنَانَ السَّماَءِ ثُمَّ اسْتَغْفَرْتَنِي غَفَرْتُ لَكَ، يَا ابْنَ آدَمَ، إِنَّكَ لَوْ أَتَيْتَنِي بِقُرَابِ اْلأَرْضِ خَطاَياَ ثُمَّ لَقِيْتَنِي لاَ تُشْرِكْ بِي شَيْئاً لأَتَيْتُكَ بِقُرَابِهَا مَغْفِرَةً. (رواه الترمذي وقال حديث حسن صحيح)

Анас (ага Алла ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: “Алла Таала айтат: “Оо, адам баласы, сен кечирим тилеп дуба кылып, үмүт артып турсаӊ, канча күнөөӊ болсо да кечиремин, анын көптүгүн капарыма да албаймын. Оо, адам баласы, кылган күнөөӊ асман булуттарына жетсе, кийин сен кечирим тилесеӊ, сени кечиремин. Оо, адам баласы, сен Мага жер бети толо ката-күнөөӊ менен келип, Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаӊ, Мен сага жер бети толо кечирим менен жолугам”.