Биз жөнүндө

Ас салам алейкум, урматтуу окурман!

Туулуп өскөн жерим – Нарын шаары (Кыргызстан). Атымды апам Элза деп койгон. Бул ысымды тандоосунун себеби кош бойлуу – мезгилинде окуп жаткан китептин башкы каарманын жактырган. Бой жетип, чоңойгонго чейин атымдын маанисин билген эмесмин. Немис тилинен алынган бул ысым “Аллага моюн сунган” деген маанини туюндурат. Алгачкы дин окуу жайына киргенде, ал мезгилдеги кыздарды туурап атымды Солиха (таза/пакиза) деп өзгөрткөм. Илим алуу сапарым 2001-ж. Расул Акрам Институтунан башталып, 2003-ж. Хазрети Умар (азыркы Ислам университети) атындагы университетинде 2006-ж. уланган. Ошол эле жылы мугалим (Фикх сабагынан) болуп алындым жана кызматымды баштадым. Бул иш сапарым 2021- ж. чейин созулду. 2022-ж. үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам университеттен кеттим. Азыркы учурда үй-бүлөөм менен Молдова мамлекетиндемин. Фатиха академиясын негиздеп, онлайн сабактарым аркылуу илимимди таратууну улантып жатам.

Фатиха Академияасы 2022 жылдын март айында негизделди.
“Фатиха” аталышынын мааниси
“Фатиха” сөзү – “ачуу”, “ачкыч”, “алгачкы”, “ачылган”, “ачылуу”, “алдыңкы”, “башталгыч”, “баштоо”, “киришүү” деген маанилерди ичине камтыйт. Курани Каримдин бет ачар сүрөсүнүн аты да “Ал-Фатиха”.
Муфассир (Куранды чечмелеген) аалымдар “Ал-Фатиха” мындан сырткары дагы бир нече маанилерди билдирерин айткан. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:
– Ал-Фатиха же Фатиха ал-Китаб – Китепти Ачуучу, анткени Куран ушул сүрө менен башталат;
– Умм Ал-Китаб же Умм ал-Куран – Китептин Энеси, анткени бул сүрөдө ыйык Курандын негизги маани-маңызы бүт камтылган.
– Ас-Сабъ ал-Масани – Жети кайталануучу Куран аяттары, анткени ал-Фатиха сүрөсү жети аяттан турат;
– Аш-Шафия – Шыпаа берүүчү, анткени Мухаммад пайгамбардын хадисинде айтылган боюнча, бул сүрө көп ооруга шыпаа.
– Ал-Хамд – Мактоо, анткени сүрө биринчи эле ушул сөз менен башталат.
Чынында, бул өтө көп маанини ичине камтыган аталыш. Ошолордун баарын бир сөзгө топтой турган болсок, “ачкыч” деген туура жана ар биринин маанисин түшүндүрөт. Анткени, туура ачкыч менен гана эшик ачылат. Анын “тиштери” ар түрдүү болгону менен бир ачкычка топтолгон. “Тиштери”: акыйда (Аллага ишенүү, Аны жалгыздоо); ибадат (намаз окуу, орозо тутуу, садага-зекет берүү); адеп-ахлак (жакшы жүрүм-турум, алака); тарых (такыба адамдардын өмүр таржымалдары) ж.б.;
Мындай “ачкыч” менен адамдардын жүрөгүн Исламга, ыйманга, адептүүлүккө ача алабыз. Албетте, жеңил жана жакшы курал – бул Алланын китеби Куран. Куранды алгач туура окууну үйрөнүп, андан соң маанилерин изилдеп, акыл жүгүрткөн адам эки дүйнөнүн бактылуулугуна жетет. Жашоосу максаттуу, өмүрү берекелүү, адамдар менен жакшы мамиледе болуп, ынтымактуу өмүр сүрөрү, ошондой эле акырети да ийгиликтүү болору шексиз. Андыктан, “Фатиха – бул, ачкыч” деген ар бир мусулмандын урааны болууга тийиш.
Ислам дини тууралуу кыскача маалымат
Ислам – “баш ийүү”, “моюн сунуу”, “тынчтык” маанисиндеги арапча “салима” деген сөздүн уңгусунан чыгып, “Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, Ага өзүн тапшырып, тынчтыкта өмүр сүрүү, эч кимге колу менен да, тили менен да зыян тийгизбөө” деген маанилерди камтыйт.
Ислам дини дүйнөдөгү эң таасирдүү жана эң адал дин. Ислам – адамдардын дүйнөдө тынчтык жана эркиндикте жашап, акыретте түбөлүк бакытка жетүүлөрүн камсыз кылуучу эрежелердин жыйындысы. Ислам адамдарды бири-бирин сүйүп, бири-бирине жардамдашып бир туугандай өмүр сүрүүгө чакырат. Ислам жандуу-жансыз ар бир жаратылганга карата жоопкерчиликти жүктөгөн. Алланын буйруктарын урматтоону, бардык жандууларга мээримдүү болууну буйруган. Ушуну менен катар, адамдын напси каалоолорунан арылуусун камсыздайт. Жаман көнүмүш адаттардан алыстап, напсини тарбиялоого чакырат. Жалкоолукка, убакытты текке кетирүүгө тыюу салып, илим-билимге, кол өнөрчүлүккө, соода-сатыкка, дыйканчылыкка, өндүрүшкө, кыскасы, эмгекке чоң маани берет. Ислам дини адамзаттын эки дүйнөдө тең бактылуу болуусун көздөйт.
Ислам – тынчтыктын, коопсуздуктун жана бейпилдиктин дини. Ислам динин тутунган адам айлана-чөйрөсүнө, тууган-туушкандарына, деги эле Алла жараткан макулуктун баарына мээримдүү, аяр мамиле жасайт.

Ар бир мусулман туура ибадат кылуу үчүн өз динин үйрөнүшү керек. Фатиха Академияасы сизге керектүү эшике, туура ачкычты табууга жардам берет.

Биздин ураан: “Фатиха – ар бир адамдын жүрөгүнүн ачкычы”

Аллага чексиз шүгүрлөр болсун!