Бакыттын үрөнү (үзүндү)

عَنْ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُوْلَ اللهِ صَلَّى الله عليه وسلم قَالَ : أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّداً رَسُوْلُ اللهِ، وَيُقِيْمُوا الصَّلاَةَ وَيُؤْتُوا الزَّكاَةَ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَـهُمْ إِلاَّ بِحَقِّ الإِسْلاَمِ وَحِسَابُهُمْ عَلَى اللهِ تَعَالىَ (رواه البخاري ومسلم)

Сегизинчи Хадис

Мусулмандын кадыр-баркы.

Ибн Умардын (аларга Алла ыраазы болсун) айтымында, Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адамдар: “Алладан башка сыйына турган илах жок, Мухаммад Алланын элчиси” деп күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче аларга каршы турууга буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда жанын жана малын сактап калышкан болот. Бирок Ислам укугуна жооп беришет. Алардын эсебин Алла Өзү берет”.

Хадистин маанилүүлүгү

Бул хадис дагы Исламдын маанилүү эрежелерин камтыган хадис. Алар: “Алладан башка ибадат кылууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Алланын элчиси”, деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берип, тили менен тастыктоо, намазды бардык шарттарын аткарып толук окуу жана зекет алууга акысы барларга зекет берүү.

Хадистен алынуучу сабактар жана пайдалар:

  1. Хадистин түрдүү айтымдары: Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул хадиске окшош, бирок мааниси ачыгыраак бир канча хадистер келген. Имам Бухаринин жыйнагында Анастын (ага Алла андан ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Адамдар: “Алладан башка сыйына турган илах жок, Мухаммад Алланын элчиси”, деп күбөлүк бермейинче алар менен согушууга буйрулдум. Эгер алар “Алладан башка сыйына турган илах жок, Мухаммад Алланын элчиси”, деп күбөлүк беришсе, намазыбызды окуса, кыбылабызга жүздөнсө, сойгон малдарыбызды жесе, анда алардын малы-жаны бизге арам, бирок шарияттын акысын мен кече албайм”, – деген хадис келген.
    Имам Ахмаддын жыйнагында Муаз бин Жабалдын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: “Адамдар “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок, Мухаммад Алланын элчиси”, деп ыйман келтирмейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче, мен алар менен согушууга буйрулдум. Эгер бул иштерди аткарышса, малы-жанына тийбегиле. Бирок, шарияттын акысын биз чече албайбыз, анын эсеби Алла Тааланын колунда”.
  2. Күбөлүк келмесин айтуу мал-жандын корголуусуна жетиштүү шарт түзөт: пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип Исламды кабыл алууну каалаган адамдардан ал күбөлүк келмесин гана талап кылчу. Күбөлүк келмесин айткан адамдын мал-жанына кол салуу арам кылынган. Ишенимдүү хадистердин кээ биринде намаз менен зекет айтылган эмес. Имам Бухари менен имам Муслимдин жыйнагында, Абу Хурайрадан (ага Алла ыраазы болсун) келген хадисте пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Адамдар: “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок”, деп айтканга чейин алар менен согушууга буйрулдум. Ким: “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок” деп айтса, шарияттын акысы болбогон иште алардын мал-жаны арам кылынды. Анын эсеп-кысабы Алла Тааланын колунда”, – деген.
    Имам Муслимде: “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок” деп, менин пайгамбарлыгыма жана мен алып келген нерсеге ыйман келтирсе” деген текст менен келген. Имам Муслимдеги башка хадисте: “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок” деп айтса, Алладан башкага сыйынуудан баш тартса, Алла Таала анын канын жана малын арам кылды. Анын эсеп-кысабы Алла Тааланын колунда” – деп айтылган.
    Усама Ибн Зайд (ага Алла ыраазы болсун) “Лаа илаха иллаллох” деп айткан кишини, ал кылычтан коркуп келме айтты деген ишеним менен өлтүрүп салганда, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буга катуу ачууланган.
    Жогоруда келген хадистердин баары ишенимдүү. Пенде күбөлүк келмесин айтуу менен мусулман болуп эсептелет. Исламды кабыл алгандан кийин намаз окуса, зекет берсе мусулмандардын ортосундагы милдеттенмелер, жоопкерчиликтер ишке ашат. Эгерде Исламдын парздарынан бир парзды аткарбаса да, алар менен согушууга тыюу салынат. Алла Таала айткан: “Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарышса, зекет беришсе, анда алардын жолун бош койгула”. “Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарышса, зекет беришсе, анда алар силердин диндеги бир тууганыңар”.
    Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир элге казатка чыкса, таң атканга чейин кол салган эмес. Эгер ал жерде азан чакырылса, алар Исламды кабыл кылыптыр деген ыктымал, жакшы ниет менен артка кайтар эле.
  3. Абу Бакр менен Умардын (аларга Алла ыраазы болсун) талкуусу: үлкөн сахабалар Абу Бакр менен Умар (аларга Алла ыраазы болсун) зекет берүүдөн баш тарткандардын өкүмү тууралуу кайчы пикирде болуп, ортодо талкуу жүргөн. Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) халифа болуп шайланат. Анын халифаттыгында зекет берүүдөн баш тарткандар чыгат. Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) араптардын арасындагы зекет берүүдөн баш тарткандарга согуш жарыялоо керек деп эсептеген. Умар (ага Алла ыраазы болсун): “Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок” деп айтканга чейин согушууга буйрулдум. Ким: “Алладан башка сыйынууга татыктуу илах жок” деп айтса, шарияттын акысы болбогон иште алардын мал-жаны арам кылынды. Анын эсеп-кысабын Алла Таала алат” деп айткан. Анан кантип биз зекет бербегени үчүн алар менен согушабыз?” – деп, каршы чыккан.
    Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун): “Аллага ант ичип айтам, ким намаз менен зекеттин арасын ажыраткан болсо, алар менен согушам. Зекет – бул байлыктан берилүүчү акы. Аллага ант ичем, эгер алар пайгамбарга берилүүчү бир жипти берүүдөн баш тартышса, ошол үчүн да алар менен согушамын”, – дейт. Умар (ага Алла ыраазы болсун) маселенин түпкү маӊызын түшүнүп: “Аллага ант ичип айтам, Алла Таала Абу Бакрдын (ага Алла ыраазы болсун) жүрөгүн алар менен согушууга ачып койду, бул иште Абу Бакрдын (ага Алла ыраазы болсун) ою туура” – деп, ага макул болгон.
    Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) зекетти берүүдөн баш тарткандар менен согушуу милдет экенин хадистеги “Ислам укугуна жооп беришет” деген сөзгө таянып айткан. Ал эми Умар (ага Алла ыраазы болсун) күбөлүк келмесин эле айтса, анын канына, байлыгына зыян тийгизүүгө болбойт деген хадистин жалпы маанисин алган. Ал эми жогорудагы Ибн Умар (ага Алла ыраазы болсун) келтирген хадисте зекет берүүдөн баш тарткандар менен согушууга уруксат берилген эле. Бул хадис тууралуу Абу Бакр менен Умардын (аларга Алла ыраазы болсун) кабары жок болгон. Ал экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болуп, талкуу жаралган күнү Ибн Умар (ага Алла ыраазы болсун) ал жерде болгон эмес. Ошентсе да Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) кыраакы жана илимдүү болгону үчүн бул хадисти билбей туруп эле туура чечим чыгарган.
  4. Исламдын бардык негиздерин таштаган кишинин өкүмү: Ислам тарыхында зекет берүүдөн, намаз окуудан баш тарткан топторго каршы согушууга уруксат берилгендей эле, диндин бардык негиздерин аткаруудан баш тартып, жамаат болуп Ислам башчыларына каршылык көрсөтсө, алар менен да согушууга уруксат берилет. Хантата ибн Али ибн Аскаьнын: “Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) Халид ибн Валидди (ага Алла ыраазы болсун) диндеги беш негизди аткарбай койгон элге каршы согушка жиберген”, – деп айтканын Ибн Шихаб Зухри бизге айтып берген.
    Диндин негиздеринин бирин аткарбаган мусулмандын өкүмү тууралуу мазхаб аалымдары түрдүү пикирди айтышкан: Имам Малик жана имам Шаафи намаз окуудан баш тарткан адамга жаза катары балак чабылып өлтүрүлөт деген. Имам Ахмад жана Исхак ибн Мубарактын айтымында, андай адам каапыр деп эсептелип өлтүрүлөт. Эгер зекеттен, орозодон же ажылыктан баш тартса, имам Шаафинин ою боюнча өлтүрүлбөйт.
    Бул өкүмдөр шарият мыйзамдары өкүм сүргөн өлкөдө, тартип эрежелердин негизинде, тийиштүү адамдар тарабынан текшерилип анан ишке ашырылган.
  5. “Исламдын укугуна жооп беришет” дегендин мааниси: “бирок Исламдын укугуна жооп беришет” деген хадистен жогорудагы окуяда Абу Бакр Сыддык (ага Алла ыраазы болсун) намаз окуу менен зекет берүүнү Исламдын акысы деп билгенин баамдасак болот. Кээ бир аалымдар орозо менен ажылыкты да Исламдын акыларынан деп эсептешкен. Исламдын акылары тууралуу ушундай эле маанидеги дагы бир хадисте ачык айтылган. Анастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Адамдар: “Алладан башка сыйына турган илах жок, Мухаммад Алланын элчиси”, деп күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче аларга каршы турууга буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда жанын жана малын сактап калышат. Бирок Алланын акысын мен кече албайм, алардын эсебин Алла Өзү берет”, – дегенде, бирөөлөр: Алланын акысы эмне? – деп сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Үйлөнгөндөн кийин зына кылуу, ыйман келтиргенден кийин каапырлыкка кайтуу, бейкүнөө адамды өлтүрүү”, – деди.
    Ибн Ражаб: “Бул хадистин акыркы бөлүгү пайгамбарыбыздын эмес, Анастын сөзү болуш керек”, – деп күмөнсүрөгөн. Бирок, көпчүлүк хадис аалымдарынын пикиринде хадис толук бойдон пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тиешелүү. Анткени, ушундай эле маанидеги хадис Ибн Масъуддун (ага Алла ыраазы болсун) айтымында да келген. Анда пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алладан башка ибадат кылууга татыктуу илах жок”, деп жана мени Алланын элчиси деп күбөлүк берген адамдын мал-жаны бизге арам. Бирок бул үч нерсе анын мал-жанын адал кылат: үйлөнгөн адамдын зына кылуусу, бейкүнөө адамды өлтүрүү жана динден чыгып, жаматтан бөлүнүү”, – деп айткан. Жыйынтыктап айтканда, ким келме келтирип мусулман болсо, анын өзүнө, малына, үй-бүлөсүнө, деги эле ага тиешелүү болгондун эч бирине тийишүүгө болбойт. Анын кадыр-баркы мусулман катары сакталат. Ал эми андан кийин жасаган күнөөлөрүнө Алланын алдында өзү жооп берет.
  6. Акыреттеги эсеп-кысабы Аллага таандык: Алла Таала адамдын ичинде катылган сырларды билүүчү, пендени ошого жараша эсеп-кысап кылат. Ким чын жүрөгүнөн ыйман келтирген болсо, аны бейишке киргизет. Ким сыртынан мусулман көрүнүп, жүрөгүндө каапырдык болсо, эки жүздүү мунафыктардын катарында тозоктун түбүндө калат.
    А бул дүйнөдө пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) милдети эскертүү гана. Алла Таала ага: “Эскерткин, анткени сен эскертүүчүсүң. Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң. Ал эми ким баш тартса жана каапыр болсо, Алла аны азаптайт!” – деп буйрулган.
    Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Халид бин Валидге (ага Алла ыраазы болсун): “Мен адамдардын жүрөгүн оодарып көрүүгө жана ичиндегини изилдөөгө буйрулган эмесмин”, – деп айтканы бар.
  7. Мусулмандардын кан-жаны кол тийбес болуп сакталган.
  8. Хадис бизди бутпарастарга каршы күрөшүүгө үндөйт.