Мусулман аялдын бейнеси (үзүндү)

Мусулман аялдын балдарына болгон мамилеси

Мусулман бир тууганым! Балдар көздүн кареги, жашоонун маңызы жана бактылуулуктун булагы.

Алар менен жашоо кооздолот, ырыскы кеңейет, максаттар орундалып, жан-дүйнө тынчтык табат. Ата балдарынан жардамды, урпактын жана үй-бүлөлүк каада-салттардын уланышын көрсө, эне балдарынан жашоонун үмүтүн, жан дүйнөнүн бейпилдигин, жүрөгүнүн кубанычын жана жашоонун маңызын көрөт. Ал үчүн балдарды адеп-ахлакка, адамгерчиликке жана ата энесине, коомго пайдасын тийгизе турган жакшы сапаттар менен тарбиялоо зарыл. Ыйык Куранда: “Байлык жана балдар бул дүйнөнүн зыйнаттары…..” , деп айтылган. Эгерде балдардын тарбиясына, адамдык жакшы сапаттардын калыптанышына кайдыгер мамиле жасалса, бала бала эмес, балээ болору турган кеп.

Ошондуктан энелердин балдардын тарбиясында, жеке адамдык мыкты сыпаттар менен калыптануусунда орду чоң. Балдар апага жакын, убакыттын көпчүлүгүн аны менен өткөзгөндүктөн апанын жоопкерчилиги атанын жоопкерчилигинен алда канча өйдө. Балдардын наристе кезинен баштап өспүрүм курагына жана эрезеге жеткенге чейинки аралыктагы абалын, ой-пикирин, кыймыл-аракетинин маанилүү жагдайлардын баарын апа жакшы билет. Ыйык Куранда Алла Таала айтты: “Оо, ыйман келтиргендер! Отуну таштар жана адамдардан болгон тозоктон өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү куткаргыла!” Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз сөзүндө: “Ар бириңер башкаруучусуңар жана башкарган нерсеңерге жоопкерсиңер. Имам башкаруучу жана кол астындагылардан жоопкер. Киши үй-бүлөсүнүн башкаруучусу жана башкарган нерсесинде жоопкер. Ар бириңер башкаруучусуңар жана ошол нерсеге жоопкерсиңер”, – деп айткан.

Жаратуучу адам баласына ата-эне болуу бактысы мене кошо жоопкерчиликти да жүктөгөн. Ата-энени балдарынын тарбиясында жоопкерчилиги чоң. Айрыкча балдарына исламий тарбияны берүүдө, инсандык жеке сыпаттардын, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруган көркөм адеп-ахлактын калыптануусунда апанын жоопкерчилиги жогору. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мен көркөм адеп-ахлакты толуктоо үчүн жиберилгенмин”, – деп көркөм адеп-ахлактуулуктун туу чокусун көрсөтүп, бизге мурас кылып калтырып кеткен.

Ата-эненин балдарына исламга шайкеш келген тарбияны берүүдөн артык жакшылык жок. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Балдарыңар жети жашка келегенде намазды үйрөткүлө. Он жашка келген куракта намаз окууга буйругула”, – деп айтканы тууралуу ар бир ислам үй-бүлөсү кабардар. Намазды толук окуп, ага бекем болуусуна көндүрүү үчүн балдарды жаш кезинен намазга кызыктыруу, буйруу ата-эненин милдети. Балдардын ибадатты аткаруудагы кемчилдиктери үчүн ата-эне жооптуу. Үй-бүлө өзүнө тиешелүү тартип-түзөнү, эреже-мыйзамдары бар өзүнчө бир кичинекей коом. Ар бир бала үй-бүлөдө өзүнүн жөндөмдөрүн, интеллектин, жүрүм-турумун калыптандырат. Айрыкча кичинекей наристе куракта балдар көп жөндөмдөрдү, маалыматтарды, тарбияны кабыл алып, өзүнө сиңирип алат. Андыктан күчтүү мусулман аял айрыкча ушул куракта балдарынын аң сезимин, акылын жана жан дүйнөсүн асыл баалуулуктар менен толтурат.

Ислам тарыхында үммөткө зор пайдасы тийген эр-азаматтарды тарбиялап өстүргөн мусулман аялзатынын учу куру эмес. Алар балдарына баа жеткис тарбияны бере алышкан. Алардын бири Зубайр ибн Аввамдын апасы, Абдулмутталлибдин кызы София. Зубайр көрөгөчтүгү жана улуу ахлактуу тарбиясы үчүн апаына рахматын айтууга милдеттүү. Ал эми балдары Абдулла, Мунзир жана Урваны жубайы, Абу Бакрдын кызы Асма (Алла алардан ыраазы болсун) мыкты тарбиялаган. Алардын ар бири мактоогоо татыктуу өзгөчө из калтырып кетишкен.

Али ибн Абу Талиб (Алла андан ыраазы болсун) улуу наркты, акылмандыкты жана адеп-ахлакты энеси Фатима бинт Асаддан алган.

Араптардын айкөлү, кең пейилдүү Абдулла ибн Жаъфар (Алла андан ыраазы болсун) атасынан эрте калып, апасы Асма бинт Амийстин (Алла андан ыраазы болсун) артыкчылыгын өзүнө сиңирип, мыкты ахлагы менен тарбияланган.

Муъавия ибн Абу Суфян апасы Хинд бинт Утбадан (Алла андан ыраазы болсун) өзүнө инсандык күчтүү мүнөздү жана курч зээнди мурас кылып алган. Апасы Муъавиянын курч зээнин жана күчтүү мүнөзүн жаш кезинде эле байкаган. Ага “эгер көп жашаса, коомунун башчысы болот”, деп айтылганда, Хинд: “Эгерде коомунун башкаруучусу болбосо, мен (тарбияда) кемчилдик кетирген болом”, – деп айткан.

А бирок Муъавия уулу Язидге өзүнүн курч мүнөзүн жана башкаруучу жөндөмүн мурас кыла алган эмес. Анткени, Язиддин апасы аңкоо, жөнөкөй аърабий аял болгон. Муъавия анын сырткы келбетине жана уруусунун макамына карап үйлөнгөн эле.

Кийинки сөзүбүз Ислам тарыхында улуу макамга ээ болгон умаййа уруусунан эки инсан тууралуу болсун. Алардын биринчиси акылы жетик, бой десең бой, күч десең күчкө толгон, даанышман башкаруучу катары таанылган Абдулмалик ибн Марван. Экинчиси адилеттүүлүгү, жакшылыгы, салих жана такыбалыгы менен таанылган, тарыхта бешинчи халифа деп аталган Умар ибн Абдулазиз. Бул экөөсү тең акылдуу аялдардын мөмөсү эле. Абдулмалик ибн Марвандын апасы мүнөзү күчтүү, көрөгөч жана баамчыл аял катары таанылган Айша бинт Мугийра ибн Абу Аас ибн Уммаййа. Умар ибн Абдулазиздин апасы өз доорундагы аялдардын эң көрүнүктүүсү жана урматтуусу болгон Умму Аасым бинт Аасым ибн Умар ибн Хаттаб. Сууга сүттү кошуудан Алла Таала көрүп турат деп, апасынын буйругуна карабай баш тарткан аял. Бул окуяга күбө болгон Умар уулу Асмга (Умму Аасымды) жубай кылып алып берген эле.

Кайсы бир улуу инсандын тарыхына көз чаптырсак артында бул даражага жетүүсүнө себепкер болгон улуу аялды көрө алабыз. Жүрөгү мээримге, сүйүүгө толгон даанышман энелер балдарын улуу инсан болууга тарбиялашканына күбө болобуз.

Сөзүбүз андан ары улай аббаситтер доорундагы эки улуу аял тууралуу болсун. Биринчиси улуу башкаруучу Харун Рашиддин ваазири Жаъфар ибн Яхянын апасы Умму Жаъфар, экинчиси имам Шафинин апасы. Бул улуу инсандардын бийик даражаны багынтуусунда апаларынын эмгеги зор. Имам Шафинин атасы ал сүттөн чыга элек кезинде каза болгон эле. Апасы ага таалим-тарбия менен жалгыз камкордук кылган. Татыктуу тарбиянын үзүрү менен имам Шафи улуу имамдардан болгон.

Ошондон улам ар бир күчтүү эркектин артында кыйын аял турат деп бекеринен айтылбаса керек.

Балдарын ылайыктуу жана туура ыкма менен тарбиялоо: ата-эне балдары тууралуу канчалык көптү билсе, ошончолук алардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирет. Алардын таза жүрөктөрүнө адамдык улуу сыпаттардын, адеп-ахлактын үрөөнүн себет. Эне табиятынан балдарга жакын, аларга сүйүктүү жана сырдаш. Жүрөктөрүн өйкөгөн кандай маселе болбосун балдар дароо ага кайрылышып, маселени аны менен тең бөлүшүү жана кеңеш алууну каалашат. Акылдуу эне балдарынын маселесинде абалга жараша, оюндар же ар кандай ыкмалар аркылуу жардам бергенге аракет жумшайт. Алар менен жумшак, мээримдүүлүк жана жан дили менен баарлашат. Бул балдардын жүрөгүндө энеге болгон сүйүүнү күчөтөт. Алар энесинин кеңештерин кылдат угат жана айткандарын аткарышат. Ата-эненин сөзүн алардан корккондуктан эмес, аларга болгон сүйүү жана урматтоодон улам угушат. Ал эми катуу кол, каардуу мамиленин таасири убактылуу болот. Темирдей катуу орнотулган талап кеткенде ал баш ийүү да кошо кетип, балдар тил албас болот. Андыктан тарбия берүүдө балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык туура ыкмаларды колдонуу балдардагы туруктуу мүнөздөрдү калыптандырат.

Балдарга сүйүү жана боорукерликти ачык билдирүү: балдар тунук сезимдер менен жан дүйнөсү жабыркабастан, толук кандуу жетилүүсү үчүн сүйүүгө толгон эненин жылуу кучагы менен чыныгы боорукерлигине муктаж. Мээрим жана сүйүү менен балдардын жүрөгүнө ишенимди, аң сезимине үмүт жана чыныгы сүйүүнү толтура аласың. Аң сезимдүү мусулман аял ар бир учурда балдарына болгон чексиз сүйүүсүн, мээримин ачык көрсөтүп, алардын жашоосун кубанычка, бакытка бөлөйт. Жан дүйнөсүн ишеним жана бейпилдикке толтурат. Ислам педагогикасында бул өтө кылдат мааниге ээ. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул нерсеге сөзү жана иш-аракети менен кызыктырып кеткен. Анас (Алла андан ыраазы болсун) баян кылат: “Пайгамбарыбыздан (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артык үй-бүлөсүнө мээримдүүрөөк башка адамды көрбөдүм. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен кошо сапарга чыктык. Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолго аттанаардан мурда үйгө кирип, баласы Ибрахимди колуна алып, аны өөп андан соң жолго чыкты”.

Анас (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаш балдардын алдынан өткөн учурда аларга жылмайып салам берери тууралуу айткан.

Ислам тарбиясында “Ким кичүүгө мээрим кылбаса, улуунун урматын билбесе, бизден эмес” деген накыл кеп бар.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) баяндаган хадисте: “Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) небереси Хасанды өптү. Ибн Хабис: “Менин он балам бар алардын бирөөсүн да өппөйм”, – деди. Ошондо Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким ырайым кылбаса, ырайым көрбөйт”, – деп айткан.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адам баласыны тиешелүү болгон сезимдерди, мээрим, боорукерлик жана сүйүү булагын жан дүйнөлөргө орнотулуусунда өрнөк болгон улуу тарбиячы эле. Бир жолу аърабий келип: “Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү?! Биз балдарыбызды өппөйбүз”, – деп айтат. Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алла сенин жүрөгүңдөн мээримди алып таштаган болсо эмне кыла алат элем?!”, – деп жооп берген.

Айша энебиз Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима энебиз келген кезде ордунан туруп, өөп учурашып, өзүнүн ордуна отургузаарын жана Фатима энебиздин үйүнө барганда Фатима энебиз да ордунан туруп, колун кармап, өөп учурашып, өз ордуна отургузаары тууралуу айтып берген.

Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курайш мусулман аялдарын мактайт эле. Анткени, алар балдарына мыкты тарбия берген, камкор эне жана өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарышкан мыкты жубай болушкан. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Төөчөн аялдардын эң жакшысы курайш аялдары. Алар балдарына мээримдүү, күйөөлөрүнө камкор”, – деп айтканын уктум.

Мусулман аялзаты Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул улуу осуяттарына амал кылып, балдарын мээрим кучагы менен тарбиялайт. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул улуу осуяттары катуу мүнөз ата-энелердин да жүрөгүнө сүңгүп кирип, таш боор жүрөктөрдү жумшартат, мээрим жел ыргасын ойготпой койбойт. Мындай тарбияга азыркы учурубузда коомубуз муктаж. Анткени, көпчүлүк аялдар жеке кызыкчылыктары, карьера же күнүмдүк оокат түйшүгү деп балдарына ылайыктуу тарбия, жетиштүү мээрим бере албай калды.

Шам өлкөлөрүнүн, азыркы Сирия өлкөсүнүн активист аялдарынын бири Салма ал-Хаффар Америкага болгон саякатынан кийин аялдар тууралуу буларды айтып берген: “Тилекке каршы аялдар табиятынан берилген баалуулуктарды жоготуп жатышат. Алгач аялдык назиктикти андан соң аялдык бакытты жоготуп жатат. Күнүмдүк тиричиликтеги уланып турган иштер алардын жер жүзүндөгү кичинекей бейиш аянтчасынан куру калтырды. Анткени, бул аянтча эркек аялга бирдей маанилүү болгон тынчтык жана бейпилдиктин очогу, эне мээримине толгон үй-бүлө. Бул нерсе жеке адамдык жана коомдук бактылуулуктун, жакшы каада-салттардын уланып туруусунун өзөк-тамыры”.

Балдардын ортосунда адилеттүүлүк: бардык учурда балдарга бирдей мамиле жасап, бирин экинчисинен өйдө кылбоо керек. Бир баласын экинчи бир баласынан өйдө коюу бул Ислам шариятында жактырылбаган (макүрөө) амал. Анткени, ата-эненин мындай мамилеси бир баласынын жүрөгүндө башкалардын акыларына ачкөздүктү пайда кылса, экинчи баласынын жүрөгүндө жек көрүү, көрөалбастык жана өзүнө ишенбестикти пайда кылат. Ислам дини ата-энеден балдарга адилеттүү мамиле жасап, көрөалбастык, ичи тардык сыяктуу жаман сыпаттардан алыс болгон, жүрөктөрүндө сүйүү, боорукердик, кечиримдүүлүк жашаган балдарды тарбия кылуусун талап кылат.

Нуъман ибн Баширден (Алла андан ыраазы болсун) баяндалат: Атасы, баласы (Башир) менен чогуу Пайгамбарыбызга (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: “Мен бул балама мага кызмат кылган кызматчы баланы белек кылып бердим”, – деп айтты. Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан: “Бул нерсени бардык балдарыңа да жасадыңбы?” – деп сурады. Ал: “Жок”, – деп жооп бергенде, Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алладан корк, балдарыңдын ортосунда адилеттүү бол!”, – деп айтты. Башка бир риваятта Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мени бул ишке күбө кылба! Анткени, мен адилетсиздикке күбө болбойм”, – деп айткан. Андан кийин “алардын баары сага бирдей жакшылык кылуусу сени кубантабы?”, деп сураган. Ал: “Албетте”, – деди. Пайгамбар (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Анда мындай кылба!”, – деп айтты.

Ошондуктан такыба мусулман аял балдарынын бирин башка биринен артык көрүп, адилетсиздик кылбайт. Материалдык же моралдык жактан болсун аларга бирдей мээримин төгөт. Алардын жүрөгү ага карата дуба менен ачылат, жан дүйнөлөрү ага болгон кайрымдуулук менен урмат-сыйга толот.