АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ
1973-жылдын күзү болчу. Атагын алыстан угуп жүргөн Акимжан каарынын бет маңдайында отуруп сабак окуу менин да бешенеме жазылыптыр. Барган күндөн эле окуган сабагымды бат өздөштүрүп, ийгилик жарата баштадым. Полтехникалык институтта бир жыл окуп, аркы-беркиге көзүм ачылып калган экен. Тынбай китеп окуу, конспект жазуу мен үчүн адаттагы эле иш болчу. Бул жерде балдар үжүрө тартибинде окушат экен. Үжүрөдө бир гана предмет окутулат, качан аны толук окуп бүткөндөн кийин, экинчисине өтөт. Бир үжүрөдө 8-12 бала турат. Устаз келип сабак өтүп, теманы түшүндүрүп кетет. Ал кеткенден кийин бул сабакты мурда окуган, үжүрөдөгү түшүнүгү артып калган балдардан бирөөсү устаздын айтканын төкпөй-чачпай дагы бир сыйра түшүндүрүп берет. Муну “мукаллама” же “кайталоо” деп аташат. Андан кийин балдардын арасындагы зээни таза, идиреги теманы дагы бир жолу айтып чыгат. Андан кийин дагы бирөө… Ошентип отуруп 10-12 баланын баары сабакты айтып чыгат. Сабак ошол жерде бышып, мээге кыт куйгандай орнойт. Кайра эртеңки сабакка чейин балдар ошол сабакты жаттарын жаттап, кайталарын кайталап ошону менен алагды болот. Андан башка аларга эч кандай сабак да, алагды кылчу башка жумуш да жок. Үжүрөнүн артыкчылыгы ушунда, алган сабагың чийки болбойт. Мен барганда балдардын алды “Шарх Мулла” деген китепти окуп жатышыптыр. Арап тилинин грмамматикасын эски ыкма менен үйрөткөн бул китепти толук түшүнүп, жаттарын жаттап окуган адам, арап тилиндеги кандай китеп болбосун окуп которгонго жарап калат. Ошол үчүнбү, илимдүүлөрдүн арасында “Шарх Мулла окубаган адам молдо эмес” деген сөз бар болчу. Балдардын көбү жаш балдар. Мага окшоп үйлөнүп, жашы улуулап калгандардан төрт бала бар экен. Алгачкы күндөрү эле балдарга мукаллама кылып берчү болдум. Сабак ошол эле жерде бышып, калган убактымды башка китептерди окуу менен өткөрдүм. Бат эле менден 1-2 жыл мурда келген балдарды кууп жеттим. Үжүрөнүн жакшы жери окусаң алдыга жылып кете бересиң. Жаныңдагы башка балдарга карамай жок. Бир китепти бүтсөң, экинчисине өтөсүң.
Жаз башталганча илим алып, ала баарда үйгө келип дыйканчылык, башка иштер менен алектендим. Бир кышта эле далай китеп окуп, арапчадан сабатым жоюлуп калганын көргөн Маадамин чоң атам: “Аа, аккан арыктан суу агат деген ушу, орустун окуусун да жакшы окудуң эле, диний окууну да жакшы окуп жатыпсың” деп, мактап коёт. Ичимден “жайы-кышы жылбай окусам мындан да көптү окуйт элем” деп курсүнүп алам. Айла жок, тиричилик кылыш керек. Ата-энемдин абалы жакшы эмес, катын бала багыш керек дегендей.
Ошентип кеч күздө барып, кышы менен окуп, кайра жаздын алды айылга келип иштеп жүрүп, баш-аягы беш кышты Маргалаңда Акимжан карынын жанында өткөрдүм. Ал кишиден сабак алам, кайра башкаларга сабак берем. Үжүрөдө бирини-бири жетелемей. Келген баланын баары бир устаздын оозун карап отурбайт. Устаз кат сабаты жоюлуп, арапча китептерди өз алдынча окуп калган балдарга чоң китептерден сабак берет. Андан сабак алып чыккан балдар өздөрүнө бөлүнүп берилген кийинки курстун, б.а. былтыр окуган китебин окуп жаткан балдарга сабак берет. Алар болсо, алардан кийинкилерди окутат. Тактап айтканда, Акимжан каарыдан сабак алам деп келген бала, келер замат эле каарынын маңдайына отуруп калбайт. Жок эле дегенде бир жарым, эки жыл башка балдардан окуп, анан устаздан сабак алчу даражага жетет. Мен да беш кыштын төрт кышын окуп, кайра окутуу менен өткөрдүм. Ошол учурда эле алгачкы шакирттерим пайда болду. Уламдан-улам алардын саны көбөйдү. Сабак окуу өзүнчө түйшүк болсо, сабак окутуу өзүнчө түйшүк. Мен үчүн окуунун түйшүгүнө караганда, окуткандын түйшүгү оор болду…