سُورَةُ المَسَدِ
﷽
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!تَبَّتۡ یَدَاۤ أَبِی لَهَبࣲ وَتَبَّ 1
111:1 Абу Лахабдын эки колу куурап калсын! Ал куурап калды.
مَاۤ أَغۡنَىٰ عَنۡهُ مَالُهُۥ وَمَا كَسَبَ 2
111:2 Ага мал-дүйносү да, кесиби да эч пайда берген жок.
سَیَصۡلَىٰ نَارࣰا ذَاتَ لَهَبࣲ 3
111:3 Ал жакында алоолонгон Тозокко ташталат.
وَٱمۡرَأَتُهُۥ حَمَّالَةَ ٱلۡحَطَبِ 4
111:4 Ал эми (Пайгамбарга каршы доомат – ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда!
فِی جِیدِهَا حَبۡلࣱ مِّن مَّسَدِۭ 5
111:5 Анын мойнунда (тозоктогу) курма дарагынын буласынан (эшилген) жип!