100 – Адийат

سُورَةُ العَادِيَاتِ

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

وَٱلۡعَـٰدِیَـٰتِ ضَبۡحࣰا 1

100:1 Алкынып чуркаган тулпарларга ант!


فَٱلۡمُورِیَـٰتِ قَدۡحࣰا 2

100:2 (Туяктарынан) от чачыраган (күлүк) аттарга ант!


فَٱلۡمُغِیرَ ٰ⁠تِ صُبۡحࣰا 3

100:3 Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!


فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعࣰا 4

100:4 Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.


فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا 5

100:5 Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.


إِنَّ ٱلۡإِنسَـٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودࣱ 6

100:6 Ырасында, инсан өз Роббисине (каапырлыгы менен) чектен ашкан.


وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَ ٰ⁠لِكَ لَشَهِیدࣱ 7

100:7 Буга өзү да күбө.


وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَیۡرِ لَشَدِیدٌ 8

100:8 Акыйкатта инсандын ырахат-жыргалды жакшы көрүүсү өтө күчтүү.


۞ أَفَلَا یَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِی ٱلۡقُبُورِ 9

100:9 Билбейби?! Эгерде мүрзөлөрдүн ичиндегилер чыгарылса,


وَحُصِّلَ مَا فِی ٱلصُّدُورِ 10

100:10 Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда


إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ یَوۡمَىِٕذࣲ لَّخَبِیرُۢ 11

100:11 Аныгында алардын Роббиси ошол күнү тигилер жөнүндө толук кабардар.