61 – Сафф

سُورَةُ الصَّفِّ

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِی ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَمَا فِی ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِیزُ ٱلۡحَكِیمُ 1

61:1 Алланы асмандардагылар менен жердегилердин баары Аруулады. Ал – Ызаттуу, Даанышман.


یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفۡعَلُونَ 2

61:2 Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар? 


كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُوا۟ مَا لَا تَفۡعَلُونَ 3

61:3 Алланын алдында, өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар Алланын алдында чоң күнөө!


إِنَّ ٱللَّهَ یُحِبُّ ٱلَّذِینَ یُقَـٰتِلُونَ فِی سَبِیلِهِۦ صَفࣰّا كَأَنَّهُم بُنۡیَـٰنࣱ مَّرۡصُوصࣱ 4

61:4 Акыйкатта, Анын жолунда, бекем дубал өңдүү катар, тыгыз туруп салгылашкандарды Алла жакшы көрөт.


وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ یَـٰقَوۡمِ لِمَ تُؤۡذُونَنِی وَقَد تَّعۡلَمُونَ أَنِّی رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَیۡكُمۡۖ فَلَمَّا زَاغُوۤا۟ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡۚ وَٱللَّهُ لَا یَهۡدِی ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَـٰسِقِینَ 5

61:5 Муса өзүнүн коомуна: “Эй коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Алланын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңерго!» – деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Алла дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Алла бузуку коомду Туура Жолго баштабайт!


وَإِذۡ قَالَ عِیسَى ٱبۡنُ مَرۡیَمَ یَـٰبَنِیۤ إِسۡرَ ٰ⁠ۤءِیلَ إِنِّی رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَیۡكُم مُّصَدِّقࣰا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیَّ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَمُبَشِّرَۢا بِرَسُولࣲ یَأۡتِی مِنۢ بَعۡدِی ٱسۡمُهُۥۤ أَحۡمَدُۖ فَلَمَّا جَاۤءَهُم بِٱلۡبَیِّنَـٰتِ قَالُوا۟ هَـٰذَا سِحۡرࣱ مُّبِینࣱ 6

61:6 Марйам уулу Иса: “Эй Исраил уулдары! Мен силерге мага чейин жөнөтүлгөн, Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу элчи тууралуу сүйүнүчтүү кабарды угузууга жиберилген Алланын элчисимин” – деди. Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкырго!» дешти. 


وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُوَ یُدۡعَىٰۤ إِلَى ٱلۡإِسۡلَـٰمِۚ وَٱللَّهُ لَا یَهۡدِی ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّـٰلِمِینَ 7

61:7 Исламга чакырылганда Аллага жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Алла заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт!


یُرِیدُونَ لِیُطۡفِـُٔوا۟ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَ ٰ⁠هِهِمۡ وَٱللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَـٰفِرُونَ 8

61:8 Алар Алланын Нурун өздөрүнүн оозу менен үйлөп өчүрүп коюуну каалашат. Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Алла Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет!


هُوَ ٱلَّذِیۤ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِینِ ٱلۡحَقِّ لِیُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّینِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ 9

61:9 Мушриктер жек көрсө да, Ал (Алла) Өзүнүн пайгамбарын Туура Жол жана Акыйкат Дин менен – ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн жиберди.


یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ تِجَـٰرَةࣲ تُنجِیكُم مِّنۡ عَذَابٍ أَلِیمࣲ 10

61:10 Эй, ыймандуулар! Силерге өзүңөрдү катуу азаптан куткара турган соодалашууну көргөзөйүнбү?


تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُجَـٰهِدُونَ فِی سَبِیلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَ ٰ⁠لِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡۚ ذَ ٰ⁠لِكُمۡ خَیۡرࣱ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ 11

61:11 (Ал соода төмөндөгүчө:) Аллага жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Алланын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Эгер билсеңер ушул силер үчүн жакшы (соода).


یَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡ وَیُدۡخِلۡكُمۡ جَنَّـٰتࣲ تَجۡرِی مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَـٰرُ وَمَسَـٰكِنَ طَیِّبَةࣰ فِی جَنَّـٰتِ عَدۡنࣲۚ ذَ ٰ⁠لِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِیمُ 12

61:12 (Ошондо Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет жана силерди алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына жана Бейиштеги түбөлүктүү көркөм (кооз, таза) орундарга киргизет. Бул – Улуу Жеңиш. 


وَأُخۡرَىٰ تُحِبُّونَهَاۖ نَصۡرࣱ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَتۡحࣱ قَرِیبࣱۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِینَ 13

61:13 (Эй, ыймандуулар!) Силер сүйгөн дагы бир нерсе: Алладан келген жардам жана жакында болуучу жеңиш (бар). (О, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) момундарга сүйүнчүлөгүн. 


یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ كُونُوۤا۟ أَنصَارَ ٱللَّهِ كَمَا قَالَ عِیسَى ٱبۡنُ مَرۡیَمَ لِلۡحَوَارِیِّـۧنَ مَنۡ أَنصَارِیۤ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِیُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِۖ فَـَٔامَنَت طَّاۤىِٕفَةࣱ مِّنۢ بَنِیۤ إِسۡرَ ٰ⁠ۤءِیلَ وَكَفَرَت طَّاۤىِٕفَةࣱۖ فَأَیَّدۡنَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ عَلَىٰ عَدُوِّهِمۡ فَأَصۡبَحُوا۟ ظَـٰهِرِینَ 14

61:14 О, ыйман келтирген пенделер! Алланын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Иса дагы шакирттерине «Алла жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз – Алланын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исраил урпактарынан бир тайпасы (Исанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалар каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты.