Экинчи: Такыбалык
Ырыскыны көбөйтүүгө себеп болчу иштердин дагы бири – такыбалык.
Алгач такыба деген эмнени билдирет, кандай адамды такыба дейбиз деген суроолорго жооп издейли. Такыба деген сөздү, б.а. такыбалыкты аалымдар ар түрдүү түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, баарынын айтканы айланып келип, бир эле нерсени билдирет. Мисалы, имам Асфахани: “Такыбалык – күнөө иштен напсини сактоо, мында кээ бир күнөө же күнөө эмес экени шектүү болгон иштерди, а түгүл, аткарууга уруксат берилген, бирок сооп-сыйы жок кээ бир иштерди да таштоо керек”, – деген.
Ал эми имам Навави болсо: “Алланын буйруганды аткарып, тыйгандан тыйылуу -такыбалык” – деген.
Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) такыбалыкты мындай түшүндүргөн: “Тикендүү талаада жылаңаяк басып бара жаткан киши, тикенди басып алуудан бутун кандай этияттап сактаса, Алла Таала күнөө деген иштен ошондой этияттанган киши – такыба киши ”.
Жыйынтыктап айтканда, кайсы жерде, кайсы иште болбосун Алладан коркуп, туура, так иш аткарган, күнөөдөн жаа бою качып, сооптуу ишти кылууга жан үрөгөн адамды такыба деп айтабыз.
Эми такыбалыктын ырыскыга тийгизген таасирине токтололу:
а) Касиеттүү Куранда Алла Таала минтип айткан: “Аллага такыба болгон адамдын жолун ачып коёт. Ошондой эле ал ойлобогон жактан ырыскы берет”.
Аятта Алла Таала такыба адамдарга бере турган эки нерсени айткан.
Биринчиси: дүйнө жана акыреттин кыйынчылыгынан чыгарат. Мунун мааниси, такыба адамдын жолу ачык болот деген сөз. Турмушта кээ бир адамдарын жолу ачык болот. Азыр мындайларды ийгиликтүү адамдар деп коюшат. Эмне иш кылбасын иши ийгиликтүү болуп чыгат.
Экинчиси: адам өзү ойлобогон жерден ырыскыга туш болот. Ар бир адамдын киреше ала турган, алдын ала билип, үмүт кылып күткөн киреше булактары болот. Айдын акырында айлыгым тиет, досум алган карызын берет, музоону сатсам мынча сом болот ж.б. адамдын өзүнө белгилүү ырыскы кире турган эшиктери бар. Бирок, аятта адамдын оюна келбеген жерден, б.а. өзү күтүп жүргөн киреше булактарынан башка тараптан ырыскы кирери айтылган. Хиндустани деген лакап ат менен белгилүү болгон аалым башынан өткөргөн окуяны кеп салат. Устазымдын жанында имам Бухаринин ишенимдүү хадистер жыйнагынан хадис көчүрүп отургам. Ашпоз кирип, бүгүн балдарга нан да, чай да калбаганын айтып даттана баштады эле, устазым аны тынчтандырып, бүгүн-эртең эптеп чыдасак, эки-үч күндөн кийин бир кайырлуу адамдан жардам келерин айтты. Анан балдарды чогултуп, эки-үч күн суу ичип жашап туралы, бул да Алланын сыноосу деп жооткотту. Суунун барына да шүгүр деп, бөлмөмө кирип жазуумду уланттым. Бир маалда чычкандын баласы ийнинен чыгып тамак издеп, ичке муруттарын кыймылдатып, ары-бери баса баштады. Жакындап, жакындап менин жаныма келди эле кийиз топумду үстүнө көмкөрүп койдум. Бир аздан кийин ийинден чоңураак чычкан чыкты. Менимче, ал эне чычкан окшойт, ары-бери чуркабай, бир жерде катып баласын карап жаткандай туюлду. Бул учуда кичине чычкан топудан чыга албай чыйпылдап жаткан. Эне чычкан анын добушун угуп топунун жанына чуркап келди. Баласы ошонун ичинде экенин билип, топуну тегерене чуркап, тумшугу менен түрткүлөп чыгарганга аракет кыла башады. Мен колумду шилтеп койдум эле зырт берип ийнине кирип кетти. Бир аздан кийин эне чычкан ийнинен дагы көрүндү. Бир нерсени тиштеп, ийнинен чыгара албай жатты. Эмне кылып жатканына үңүлүп, былк этпей катып турдум. Кызык. Чычкан өзүнүн башы менен тең алтын тенгени тиштеп сүйрөп келип топунун жанына таштады. Анан топуну тегеренип чуркай баштады. “Кыш” деп кол шилтеп дагы качырдым. Бир аздан кийин дагы бир тенге алып чыкты. Ушинтип отуруп, эне чычкан мага он төрт тенге берди. Акырында эч нерсе калбаганын билдирип, бошогон капчыкты сүйрөп чыкты. Топуну алып баласын бошотуп жибердим эле, экөө ээрчише чуркап ийнине кирип кетти. Тенгелерди капчыкка салып, устазыма чуркадым. Бул, бизге бир күн эмес, бир айга жете турган азык-оокат келе турган акча эле…
Хиндустаны дамылланын башынан өткөргөн бул окуя, Алла Таала ырыскыны ойго келбеген жерден берет дегенге жакшы мисал. Жашообузда ойго келбеген жерден ырыскы кирген учурлар көп эле болот. Бул биздин кайсы бир учурда Алладан коркуп такыбалык кылганыбыз үчүн Алланын берген сыйлыгы экенин бир ойлоп коюшубуз керек.
Кээде бүт бардыгынан үмүт үзүлүп, эмне кылар айлаңды таппай калганда, коюу туман ичинен бүлбүлдөп көрүнгөн жарык сыяктуу бир жакшылык чыга калат да, үмүт шооласы жанат. Аллага такыба болсоң, өтө оор учурларда Алла Таала жардамга келет.
б) Касиеттүү Куранда дагы бир аятта Алла Таала минтип айткан: “Эгер айыл эли ыйманга келип, такыба болсо, Биз аларга асман-жерден береке эшиктерин ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша жазаладык”.
Аятта Алла Таала ырыскынын берекелүү болуусуна эки нерсе себеп болорун айтып жатат.
Биринчиси: ыйманга келүү, б.а. Алланын бардыгына, бирдигине ыйман келтирип, динди кабылдоо.
Экинчиси: такыба болуу.
Абдулла бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) аятты чечмелеп: “Ыйман келтирип анан такыба болгондорго Алла Таала жакшылыктын түрүн көрсөтүп, ага жетүүнүн жолун да жеңил кылат”, – деп айткан. Аалымдар, аяттагы “Береке эшиктери” деген сөз, адам баласына зарыл болгон нерсенин баары берекелүү болот деген маани экенин айтышкан.