Адам адеби (үзүндү)

КАЛПТЫН КАЗАНЫ КАЙНАБАЙТ

Адам баласынын жашоосу чындыкка негизделген. Ааламда жалган нерсе жок. Алла Таала асман-жерди жаратканы чындык.

Адамга өмүр бергени чындык. Адамдын жанын алары да чындык. Акырет, бейиш, тозок, баары чындык. Ал эми жалганды ойлоп тапкан адамдын өзү. Эгер адам баласы өзүнүн Жараткан ыроологон табиятынан чыкпай жашаганда, жер бетинде жалган деген түшүнүк болмок эмес. А жалганчылык болбосо, күмөн саноо, шектенүү, ишенбөө сыяктуу жаман сапаттар да жок болмок. Бирок адамдар бири-бирине жалган айтышты. Бири-бирин алдаганды үйрөндү. Ал тургай Кудайдын куттуу китептерин да өзгөртүп, жалган-жашыкты кошушту. Акырында диндин өзү жалганга чыкты. Пайгамбарларды жалганчы деп ишенишпеди. Кудайдын бар экенин жокко чыгарышты. Элдин абалы ушундай даражага жеткенде Кудай Таала чындыктын үстүнө курулган Ислам динин жиберди. Коомдо Исламды орнотуу чындык менен башталды. Адамдардын жүрөгүнө сиңип калган күмөн саноо, ишенбөөчүлүктү тазалоо менен башталды. “Жаман күмөн саноодон өзүңөрдү тазалагыла! Анткени, жаман күмөн – иштердин эң жалганы”, – деп Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактосу болсун) мусулмандарды күмөн саноодон кайтарды. Жалаң жалганга берилип, жүрөктөрү шекке, күмөнгө толуп, акылына чындык илешпей калган коомдор тууралуу Касиеттүү Куранда Алла Таала минтип эскерет: “…алар жалган күмөндү жана напси каалаган нерсени гана ээрчип жүрүшөт. Аларга Раббиси тарабынан туура жол көрсөтүлгөн болчу”.

Ислам чындыкты урматтаганы жана жалганды жек көргөнү үчүн, ар бир иште чындыктын болуусуна көңүл бурат. Айша энебиз айтат: “Алланын элчисинин эң жаман көргөнү жалган айтуу эле. Эгер бирөөнүн жалган сүйлөгөнүн угуп калса, качан тиги жалган айтканына тобо келтиргенин укмайынча, аны эсинен чыгара алчу эмес”.

Мусулмандардын алгачкы мугалими болгон Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыкка чейин да, андан кийин да жалган сүйлөгөн эмес. Жалганчылык адамдын напсисиндеги зыяндуу ооруу. Дене мүчөлөрүңдүн бири ооруганда аны дарылаган сыяктуу эле, жалганчылыкты да дарылоого болот. Кээ бир адамдар малынан зекет берерде же садага кыларда манжалары титиреп, напсиси каалабай араң эле узатат же такыр эле бербейт. Кээ бирөөлөр кышкы суукта же жайкы аптапта кандайдыр бир жумуш аткаруу зарыл болуп калса, кыйыктанып араң аткарат же аткарбай эле коёт. Мына ушулар сыяктуу эле жалганга көнүп алган адам чын сүйлөөсү кыйын. Бирок жогорудагылар кээде кечиримдүү, анткени алардын зыяны өзүнө гана тиет. А жалганчылыктын зыяны башкаларга тиери белгилүү. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мусулман ар кандай кемчилик кетирүүсү мүмкүн, бирок эч качан жалган сүйлөбөйт”, – деген. Дагы бир жолу Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирөөлөр: “Момун адам коён жүрөк болуусу мүмкүнбү?” – деп сураганда, ал: “Мүмкүн”, – деп жооп берген. “Момун адам бакыл (сараң) болуусу мүмкүнбү?” – деп сураганда да: “Бакыл болуусу да мүмкүн”, – деген. “Момун адам жалган айтуусу мүмкүнбү?” – деп сураганда: “Жок, момун эч качан жалган сүйлөбөйт”, – деп жооп берген. Жогоруда бакылдык кылып зекет, садага бербөө тууралуу айтылганда Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман болуп туруп бирок бакылдык кылуусу мүмкүн деп жооп берди. Чынында, зекет бербей коюу адамдын ыйманына зыянын тийгизе турган чоң күнөө. Ал эми жогорудагы хадистен жалган сүйлөө бакылыдыктан да оор экенин байкасак болот.

Эмне үчүн жалган айтууга тыюу салынган? Эмне үчүн динибизде жалган сүйлөө чоң күнөө болуп, жалган сүйлөгөн адам азапка кабылат? Бул суроолордун жообун өмүрүндө бир эле жолу кимдир бирөөнүн жалганына ишенип, ошонун айынан, кийин башын ташка койгулаган адамдар жакшы билет. Бир жалгандын айынан достук бузулуусу мүмкүн. Бир жалгандын айынан үй-бүлө ажыроосу мүмкүн. Бир жалгандын айынан бүтүндөй коом, мамлекет талкалануусу мүмкүн. Жалган сүйлөө шариятта тыюу салынган иш болгондуктан, эч качан жакшылыкка алып барбайт. “Кайырчы байыбайт, калпычы жарыбайт”, “Калптын казаны кайнабайт” деп ошон үчүн айтылган.

Тийгизген зыянына карата жалган сүйлөөнүн күнөөсү да ар түрдүү болот. Ошого карап жалганды бир канчага бөлүшөт. Жалгандын эң жаманы – динде жалган айтуу, тагыраак айтканда, Алланын же Пайгамбардын атынан жалган сүйлөө. Алла Таала Куранда айтпаган сөздү, “Куранда минтип айтылган” деп жалган айтуу, же Куранда айтылган нерсени “мындай айтылган эмес” деп жалганга чыгаруу өтө чоң күнөө. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атынан жалган сүйлөп: “Хадисте минтип айтылган” деп, айтылбаган нерсени оюнан токуп чыкса, бул да өтө оор күнөө.

Бул тууралуу ыйык хадистеринин биринде Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мага жалган айтуу башакаларга жалган айтуу сыяктуу эмес. Кимде-ким менин атымдан атайлап жалган айтса, ал өзүнө тозоктон орун камдаган болот”, – деп айткан. Пайгамбарга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган сүйлөөнүн ичине, ал айтпаган нерсени айтуу, ал аткарбаган ишти аткаруу, ал тыюу салган нерсени уруксат деп, уруксат берген нерсени тыйган деп айтуу кирет. Бул диндин өзгөрүүсүнө, бузулуусуна алып келери белгилүү. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буга катуу тыюу салып, мындан сактанууну алдын ала эскерткен хадисинде минтип кайрылган: “Акыр заманда жалганды чындай сүйлөгөн адамдар чыгат. Алар, ата-бабаңар да, өзүңөр да укпаган нерселерди айтышат. Мына ошондо аларга жакын жолой көрбөгүлө! Алар силерди адаштырып, чагымчылык кылып араңарга от жакпасын!”

Жалгандын дагы бир түрү жетекчинин кол алдында иштеген кызматкерлерине жалган айтуусу. Жетекчи адилеттүү жана чынчыл болуусу зарыл. Эгер бул эки сапаттын биринен эле тайса, демек ал кызматчыларына кыянат кылат. Жетекчи дегенде биз үй-бүлөдөгү атадан баштап, мамлекет башчысына чейин түшүнүүбүз керек. Булардын жалган сүйлөөсү жеке адамдардын жалганына карагандар көбүрөөк зыян алып келет. Демек, күнөөсү да ошончо оор болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу минтип айткан: “Үч түрдүү адамдар (күнөөсү жуулмайынча) бейишке кирбейт: бузулган карыя, жалганчы жетекчи жана текебер томаяк”.

Тамашалашууда же адамдарды күлдүрүү максатында жалган айтуунун да күнөөсү оор. Адамдардын көбү тамашалап жалган айтып коюуну жеңил санашат, күнөө деп эсептешпейт. Бирок тамашалап жалган айтуунун айынан эки достун душманга айланганын көрүп эле жүрөбүз. Тамашалашуу дагы пайдалуу, бирок ага жалган аралашпоого тийиш. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мен да тамашалашууну каалайм, бирок чындыкты гана айтам”, – деген. Ошондой эле дагы бир хадисинде: “Тамашалганда да жалган аралаштырбаган адамга бейиштин дал ортосунан бир үйдү убада берем”, – деп айтса, экинчи бир хадисинде: “Тамашалашууда да жалган айтпаган адам – толук ыймандуу боло алат”, – деген.

Ал эми элди күлдүрүү максатында жалган сүйлөгөн адам тууралуу айтылган хадисте: “Азапка кабылсын, элди күлдүрүү үчүн жалган айткандар азапка кабылсын, азапка кабылсын”, – деп айтылган.

Жалгандын дагы бир түрү кайсы бир адамга жагынуу же анын кадыр-баркын жогорулатуу үчүн жалган айтып мактоо. Кимдир бирөөнү мактаганда ал жөнүндө эмнени билсе ошону гана айтуу керек. А бизде болсо, мактаса кыргыз мактасын деп, төбөсүн көккө жеткире мактайбыз. Жамандасак жерге киргизе жамандайбыз. Макталып жаткан адам мактоого канчалык татыктуу болсун, баары бир көкөлөтө мактоо ага зыянын тийгизбей койбойт. Пенде мактоо көтөрө албайт. Мактоо чындык менен башталуусу мүмкүн, бирок акыры жалганга айланары турган кеп. Ошон үчүн мактоого ылайыктуу, төгөрөгү төп келишкен Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы өзүн мактоодон тыйган. Муну: “Христиандар Иса пайгамбарды ыйыктагандай мени да ыйыктап жибербегиле. Мени жөн эле “Алланын кулу жана элчиси” деп атагыла”, – деген сөзүнөн байкайбыз. Текеберлик, өзүн өзгөлөрдөн өйдө сезүү, менменсинүү сыяктуу жаман сапаттарды адамдарга биз өзүбүз тартуулайбыз. Мактоо адамды көз көрүнөө өзгөртөт. Көп макталган адам өзүнүн кемчилигин билбей калат. Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун): “Алланын элчиси “бирөөнү ашыра мактаган адамдын бетине топурак чачкыла” деп айтчу” дегени да мактоо зыяндуу экенин айгинелеп турат. Адамдагы жакшы сапатты көтөрмөлөөнүн чеги канчалык болуу керектигин төмөнкү окуядан билсек болот. Бирде Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган бирөө экинчи бир адамды ашыра мактап жибергенде, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ой, сен тигинин омурткасын сындырбадыңбы! Эгер бирөөнүн жакшылыгын билсеңер жана аны айткыңар келсе: “Тигини мен ушундай деп ойлойм, Алланын алдында эч кимди даңазалабайм” дегиле”, – деп, адамды канчалык деңгээлде мактоого болорун үйрөткөн.

Соодада жалган айтуунун да кедергиси чоң. Учурда соода-сатык кылынчу жердин баары жалгандын чордонуна айланды. Сатуучу товарын өткөрүү үчүн жалган айтат, алуучу арзаныраак алуу үчүн жалган айтат. Мындай, жалган менен коштолгон сооданы Ислам четке кагат. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алуучу менен сатуучу бири-биринен ажырап кеткенче (сатпай кайра алууга же саткан соодасын улантууга) ыктыярдуу болушат. Эгер айыбын ачык айтып, жалган айтпай соода кылышкан болсо, соодалары берекелүү болот. Эгер айыбын жашырып, жалган айтып соода кылышкан болсо, соодасы жүргөн менен анын берекеси болбойт”, – дегени буга айкын далил. Ошондой эле муну: “Буюм-териминин айыбын билип туруп, аны башкаларга жашырып сатуу мусулманга адал эмес”, – деген осуяттынан да байкасак болот. Сатуучу тилинен бал тамыза жалган сүйлөп, алуучуну ишендиргени анын күнөөсүнө күнөө кошот. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана болсун) минтип айткан: “Жалган айтуу менен экинчи бир тууганыңды ишендирүүң, ага кылган кыянатыңды андан бетер көбөйтөт”. Абу Авфанын уулунун кеп салуусунда, бир жолу бирөө буюмун сатуу үчүн жалган айтып Алланын аты менен ант ичет. Ошондо Алла төмөнкү аятты түшүргөн: “Аллага берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага саткан кишилердин акыретте эч кандай насиби жок. Кыяматта Алла аларга сүйлөбөйт (ырайымы менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан ооруткан азап бар”.

Жалган күбөлүк берүү тууралуу да динде катуу айтылган. Сотто же башка бир зарыл учурда көрбөгөнүн көрдүм, укпаганын уктум деп, же тескерисинче жалган күбөлүк берүү адам баласынын жашоосуна олуттуу зыянын тийгизе турган иш. Ошол себептен буга тыюу салынып, мындай кылган адам күнөөгө батары айтылган. Касиеттүү Куранда мындай буйрук бар: “Оо, ыймандуулар! Адилеттүү болгула жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин тууган-уругуңардын зыянына болсо да, алардын бай, кедейлигине карабай, Алла үчүн туура күбөлүккө өткүлө. Аларга (силерден) Алла жакыныраак. Адилетсиздик кылып, өз кызыкчылыгыңарды көздөбөгүлө. Эгер (чындыкты) бурмалап, адилеттиктен тайсаңар, Алла силердин бардык ишиңерден кабары бар”.

Мындан айкын көрүнүп тургандай, күбө болгондо өзүңө же өзүңө жакын адамга зыяны тие турган болсо да, баары бир чындыкты айтуу зарыл. Учурда канчалаган адамдар жалган күбөлүктүн айынан өзүнө тиешелүү мүлктү башкага алдырып жиберип, ал тургай күнөөсүз темир тордун артында калып жа- тышат. Бул бүтүндөй коомчулуктун көйгөйү болгону үчүн шарият буга тыюу салган.

Жалган күбөлүк берүүнүн күнөөсү кандай оор экенин Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү осуятынан да байкайбыз. Бакранын атасы минтип кеп салат: Бир жолу Алланын элчиси бизге: “Силерге өтө оор күнөөлөрдү айтып берейинби?” – деп кайрылып калды. Биз бир ооздон: “Айтыңыз”, – деп сурандык. Алланын элчиси: “Аллага башка нерсени шерик кылуу, ата-эненин каргышына калуу, адам өлтүрүү”, – деп айтып баштады да, сөзүнүн ушул жерине келгенде мурдагы жамбаштап отурган абалын өзгөртүп, өйдөрөөк боло калып: “Жалган күбөлүк берүү, жалган күбөлүк берүү”, – деп токтобостон кайталай берди эле, биз: “эми токтоп калгыдай эле” деп тилеп жибердик. Жалган күбөлүк берилген жерде чындык эч качан ачыкка чыкпайт. Чындык чыркырап, жалгандын күнү тууй берет. “Жалгандын жолу миң, чындыктын жолу бир” дегени ушул.

Жалганчылыкты адамдагы оору экенин жогоруда айтып өттүк. Анын кесепеттери жөнүндө да сөз болду. Эми бул оорууну дарылоонун жолдоруна бир аз токтололу. Медицинада “Оорууну дарылоого караганда аны алдын алуу жеңил” деген сөз бар. Руханий ооруулардан да аны жугузуп алуудан мурда сактанган жакшы. Баарыбызга белгилүү болгондой адам баласы туура ишеним менен, ак барактай таза төрөлөт. Күн өтүп, акыл-эси толо баштаганда айлана-чөйрөсүнө карап, өзгөрө баштайт, тагыраагы ак барактын бетине кара чекиттер пайда болот. Мына ушундай кара чекиттердин алгачкылары “жалган айтуу чекиттери” десек болот. Баланын аң-сезиминде алгач жалган айтуу деген түшүнүк жашабайт. Качан гана ал ата-энесинин, ага-эжелерин жана башкалардын ага же бири-бирине жасаган жалган мамилелерин көргөндө анда жалган айтуу сезими ойгонот. Демек, биз анча деле маани бербей, же жалган деп эсептебестен айтып койгон бир ооз сөз, келечекте баланын эң мыкты жалганчы болуп чыгуусуна ачылган алгачкы эшик болуусу толук мүмкүн. Ал эми “Балам, мага бирөө келип калса, жок деп койчу” деп, бөлмөсүнө эс алганы кирип кеткен ата, кийин баласынын кайсы бир жалганын угуп калса, ага күнөөлүүнү алыстан издебесин. “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” же “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегени ушул. Баланын жалганчы болуусуна ата-эне өзү себепкер болот. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) балага жалган айтуудан катуу тыйган. Амирдин уулу Абдулла бир окуяны мындайча баяндайт: Бирде апам мени чакырып: “Бери кел, сага бир нерсе берем”, – деп калды. Үйүбүздө Алланын элчиси отурат эле. Ал апамдан: “Балаңа эмнени бергиң келип жатат?” – деп сурады. Апам: “Курманы берейин деп жатам”, – деди. Ошондо Алланын элчиси: “Аа, жакшы, эгер минтип чакырып, анан эч нерсе бербей койсоң, анда жалганчы деп жазылып калмаксың”, – деди.

Ошондой эле Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте да Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул жөнүндө сөз козгоп: “Кимде-ким баласын бир нерсе берем деп чакырып, бирок эч нерсе бербесе, ал жалганчы болуп эсептелет – деп айткан. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата-энелерге берген бул тарбиясы бир эле убакта аларды жалган айтуудан тыйып жана балдардын да жалганчы болуусун алдын алат. Негизи эле динде күнөө иштен сактанууга караганда, ошол күнөөгө алып барчу иштерден сактанууга көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени, алдын алуу адамдын напсин таза сактайт. Жалгандын даамын татып калганды айыктыруудан, анын даамын таттырбай тарбиялоо жеңил. Жыйынтыктап айтканда, жалгандын кайсы түрү болбосун коомго олуттуу зыян алып келери белгилүү. Эне баласын алдайбы, же падыша элин алдайбы түпкүлүгүндө экөөнүн айырмасы деле жок. Экөөнүн тең акыбети жакшы эмес. Хадисте айтылат: “Чынчыл болгула, чынчылдык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат. Эгер адам ар дайым чын сүйлөсө, Алла Таала аны “чынчыл” деп жазып коёт. Ал эми жалгандан сактангыла, анткени ал жамандыкка жетелейт. А жамандык тозокко алып барат. Эгер пенде жалган сүйлөй берсе, Алла Таала аны “жалганчы” деп жазып коёт”. Дагы бир хадисте минтип айтылган: “Пенде жалган айта баштаса, анын жүрөгүндө бир кара чекит пайда болот. Эгер жалганын уланта берсе, жүрөгү толук карарат да, Алланын алдында жалганчылардын катарына жазылып калат”.

Ал эми чынчылдык жетелеп барчу жакшылык бул, тил менен айтып билдире албай турган нерсе. Бул жакшылыктын эмне экендиги тууралуу төмөнкү аятта кенен-чонон айтылат: “Жакшылык жүзүңөрдү чыгыш же батышка буруу эмес. Жакшылык – Аллага, акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн туугандарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, башын азат кылууну каалаган кулдарга садага берген, зекетти төлөгөн, убадалашканда убадасында бекем турган жана жакырчылык, оору-сыркоо, согуш убактарында сабырдуу болгон адамдардын (жакшы мүнөзү). Мына ушулар чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер”.

Адам чынчылдык сапаты менен жогоруда аятта айтылган асыл сапаттарга жете алат. Аятта адамдын ыйманына, адеби- не, маданиятына тиешелүү сапаттардын баары камтылган. Мына бул үч нерсени өзүнүн жан дүйнөсүнө батыра алган адам, башкаларга үлгү болуп, өзүнүн жакшы жагын гана көрсөтө алат. А, бул даражага жетүү үчүн адам чынчыл болууга тийиш. Чынчылдардын иши өзүнөн-өзү ийгиликтүү болуп, оңоло берет. Бул Алланын убадасы. Касиеттүү Куранда бул мындайча айтылган: “Оо, момундар! Алладан корккула жана жалаң чындыкты сүйлөгүлө. (Ошондо) Алла силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллага жана Анын элчисине моюн сунса, чоң жеңишке жетет”.

“Жалган айтып, ырыскыңды жебе” деп калчу аталарыбыз. Көрсө, жалган айтуу аркылуу кайсы бир ишти өз пайдасына чечип жаткандай болгону менен түпкүлүгүндө жалгандын зыяны гана тиет экен. “Калптын казаны кайнабайт” дегендин түпкү мааниси да мына ушунда. Ал эми чындык, кээде адамга зыян алып келгендей болгону менен түпкүлүгүндө жакшылыкка жол ачат. Муну Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынчылдыкты бекем кармангыла! Силерге чынчылдыкта зыян бардай көрүнүшү мүмкүн, бирок анда ийгилик гана бар”, – дегенинен түшүнсөк болот. Демек, чынчылдык ийгиликтин ачкычы экенинде шек жок. Чынчылдын ырыскысы мол, телегейи тегиз, эң негизгиси – жан дүйнөсү тынч болот. Бул дүйнөсү да, акырети да кайгысыз. Адамга мындан башка эмне керек? Келгиле, анда жалгандан жаа бою качып, мындан аркы жашообузду чындыктын нуру менен нурланталы.