Ак калпактуу атакем

Түшүнгөнгө “ата” деп кайрылуунун өзү чоң бакыт. Мейли, атаңыз балким сизди колдобостур, кагып-силкип сизди түшүнбөстүр, балким арак да ичип үйдө тынчтык жок чыгаар. Бирок, сиздин көз карашыңызда жаман болсо да, атаңыз бар. Бир күн келет “ата” деп кайрылууга зар болуп сагынасыз. Азыркыдай аталап, күнүгө жок эле дегенде 5 жолу кайталаган сөзүңүздү айда-жылда бир эстеп дуаларыңызда гана айтып каласыз.

Айтаарым, бир нерсе кылып бергени үчүн же чоңойткону үчүн эмес жөн гана атаңыздын болгонуна кубаныңыз. Ал инсанды кемчилиги менен кошо кабыл алыңыз, жөн гана тирүү болгонуна ыраазы болуп сүйүүнү үйрөнүңүз. Анткени, атаңызга нааразы болду дегиче сизде көп жакшылыктардын эшиктери жабылат. Алла Таала мыкты Тарбиячы, инсанга эмне керек болгонун, аны кантип тарбиялоо жолдорун мыкты билет. Биз ата-энени тандабайбыз, алар дагы балдарын тандашпайт, тескерисинче Алла баарын тандап берет. Атаңызга нааразы болуу менен Жаратканга нааразычылык көрсөтүп, Анын тагдырын кабыл албай жаткандыгыңызды унутпаңыз.

Атасы бар инсандар дүйнөдөгү эң бактылуу, эң бай инсандар. Тилекке каршы, кээде бул неемат үчүн Жаратканга шүгүр келтирүүнү унутуп, атабыздан кабар албай, узакка чейин баарлашпай, белек-бечкек да бербей коёт экенбиз. Эстеңизчи, качан Жаратканга атаңыздын жөн гана бары үчүн ыраазы болуп, шүгүр намазын окудуңуз эле?…

Соңку сөзүм: атаңыз тирүү болсо, урматын жайына коюп сыйлаңыз, болушунча аны нааразы кылбай ыраазычылыгына жетип калыңыз! Жаратканга ал үчүн шүгүр айтуунү эсиңизден чыгарбаңыз.

Эгер атаңыз бул дүйнөдөн өтсө, анын акырети үчүн азык болуучу соопторду камдаңыз.

Аллахым бей капар эмес, ой жүгүртүүчү пенделерден кылсын.

Макаланы жазган: Айтикул кызы Апал