مَتْنُ العَقِيدَةِ الطَّحَاوِيَّةِ
بِسمِ اللهِ الرَّحمـنِ الرَّحِيم
الحَمدُ للهِ رَبِّ العَالَمِين والصَّلاةُ والسَّلامُ عَلى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ رَسُولِ اللهِ
قالَ العلاَّمةُ حُجَّةُ الإِسلامِ أبو جعفرٍ الوَرَّاقُ الطَّحاوِيُّ (238- 321) بمصرَ رحمَهُ اللهُ: هذا ذكْرُ بَيَانِ عَقِيدَةِ أَهْلِ السُّنَّةِ وَالجَمَاعَةِ عَلَى مَذْهَبِ فُقَهَاءِ المِلَّةِ: أَبي حَنِيفَةَ النُّعْمانِ بْنِ ثَابِتٍ الكُوفِيِّ، وأَبي يوسُفَ يَعْقُوبَ بْنِ إبْرَاهِيمَ الأنْصَارِيِّ، وَأَبِي عَبْدِ اللهِ مُحمَّدِ بْنِ الحَسَنِ الشَّيبَانِيِّ، رِضْوَانُ اللهِ عَلَيْهِمْ أَجْمعينَ وَما يَعْتَقِدُونَ مِنْ أُصُولِ الدِّينِ وَيدِينُونَ بِهِ لِرَبِّ العَالَمِينَ
Имам Абу Жаъфар Тахави өзүнүн акыйда китебинде мындай деген:
Бул (колубуздагы китеп) – диндин факихтери Абу Ханифа Нуъман бин Сабит, Абу Юсуф Якуб бин Ибрахим аль-Ансари жана Абу Абдулла Мухаммад бин Хасан Шайбанилердин (Алла алардын баарына ыраазы болсун) мазхабына негизделген “ахлю сунна уаль жамаанын” акыйдасынын түшүндүрмөсү жана алар дин негиздеринде ишенип, аны менен ааламдардын Роббисине баш ийген ишенимдин баяны.
ТАУХИД ТУУРАЛУУ
نَقُولُ في تَوحِيدِ اللهِ مُعْتَقِدِينَ بِتَوْفِيقِ اللهِ: إنَّ اللهَ وَاحِدٌ لا شَرِيكَ لَهُ وَلا شَىءَ مِثلُهُ،
Алла Тааланын тауфик берүүсү менен Алланын таухиди жөнүндө Ага ишенген абалда минтип айтабыз: “Алла Таала Жалгыз, Анын шериги жок жана Ага эч нерсе окшобойт”.
وَلا شَىءَ يُعْجِزُهُ، وَلا إِلهَ غَيْرُهُ
Аны алсыз кылуучу эч нерсе жок жана Андан башка сыйынууга татыктуу Зат жок.
قَدِيمٌ بِلا ابْتِدَاءٍ، دَائِمٌ بِلا انْتِهَاءٍ،
Эзелки, башталышы жок. Түбөлүктүү, аягы жок.
لا يَفْنَى وَلا يَبِيدُ،
Ал кайып болуп кетпейт жана Анын барлыгы жок болбойт.
وَلا يَكونُ إلاَّ ما يُريدُ،
Анын гана каалаганы болот.
لا تَبْلُغُهُ الأَوْهَامُ، وَلا تُدْرِكُهُ الأَفْهَامُ، وَلا يُشبِهُ الأَنَامَ،
Аны элестетүү мүмкүн эмес жана ой-кыял Аны түшүнө албайт. Макулуктарга окшобойт.
حيٌّ لا يَمُوتُ قَيُّومٌ لا يَنَامُ،
Тирүү, өлбөйт. Баарын өз ордуна жайгаштырып, башкарып туруучу. Ал эч качан уктабайт.
خَالِقٌ بِلا حَاجةٍ، رَازِقٌ بِلا مُؤْنَةٍ، مُمِيتٌ بِلا مَخَافَةٍ، بَاعِثٌ بلا مَشَقَّةٍ،
Муктаждыксыз (макулуктарга) Жаратуучу. Кыйналбастан ырыскы берүүчү. Коркпостон эле жан алуучу. Машакатсыз эле кайра тирилтүүчү.
مَا زَالَ بِصِفَاتِهِ قَدِيمًا قَبْلَ خَلْقِهِ
Ал макулуктарды жарата электе эле Өзүнүн эзелки сыпаттары менен болгон.
لَمْ يَزْدَدْ بِكَوْنِهِمْ شَيئًا لَمْ يَكُنْ قَبلَهُمْ مِنْ صِفَتِهِ وَكَما كَانَ بِصِفَاتِهِ أَزَلِيًّا كَذَلِكَ لا يَزَالُ عَلَيْها أَبَدِيًّا،
Алар (макулуктар) бар болгондон кийин деле Анын сыпаттарына эч нерсе кошулган жок. Ал Өзүнүн сыпаттары менен эзелтеден бар болгондой эле, түбөлүккө ошол бойдон калат.
لَيْسَ بَعْدَ خَلْقِ الخَلْقِ اسْتَفَادَ اسْمَ الخَالِقِ، وَلا بإِحْدَاثِهِ البرِيَّةَ استَفَادَ اسْمَ البَارئ،
Анын “аль-Хаалик” (Жаратуучу) деген аты макулуктарды жараткандан кийин пайда болгон эмес. Ошондой эле “аль-Баарий” (Жаратуучу) деген ысымга макулуктарды пайда кылгандан кийин ээ болгон эмес.
لَهُ مَعْنَى الرُّبُوبِيَّةِ وَلا مَرْبُوبَ، وَمَعْنَى الخَالِقِ وَلا مَخْلُوقَ،
Марбууб (башкара турган нерселер) жок кезде эле, башкаруучулук (рубубия) сыпатка ээ болгон. Макулуктар жок кезде эле, Жаратуучу (Хаалик) сыпатка ээ болгон.
وَكَمَا أَنَّهُ مُحْيِي المَوْتَى بَعْدَمَا أَحْيا اسْتَحَقَّ هذا الاسْمَ قَبْلَ إحْيائِهِم، كَذَلِكَ اسْتَحَقَّ اسْمَ الخَالِقِ قَبْلَ إِنْشَائِهِمْ،
Өлүктөрдү тирилткенден кийин да, аларды тирилте электе дагы Тирилтүүчү деген атка ээ болгондой, аларды жарата электе эле Жаратуучу деген ысымга ээ болгон.
ذَلِكَ بِأَنَّهُ عَلَى كُلِّ شَىءٍ قَدِيرٌ، وَكُلُّ شَىءٍ إلَيهِ فَقِيرٌ، وَكُلُّ أَمْرٍ عَلَيهِ يَسِيرٌ، لا يَحْتَاجُ إلى شَىءٍ، لَيْسَ كَمِثْلِهِ شَىءٌ وَهُوَ السَّمِيعُ البَصِيرُ،
Анткени, Ал бардык нерсеге кудурети жетүүчү. Баары Ага муктаж жана Ага баары жеңил. Өзү эч нерсеге муктаж эмес. “Ага эч нерсе окшобойт. Ал Угуучу, Көрүүчү”. (Шуура, 11)
خَلَقَ الخَلْقَ بِعِلْمِهِ وَقَدَّرَ لَهُمْ أَقْدَارًا وضَرَبَ لَهُم ءَاجَالاً
Алла Таала макулуктарды Өз илими менен жараткан. Алардын тагдырын белгилеген жана ажалдарын жазып койгон.
ولَمْ يَخْفَ عَلَيْهِ شَىْءٌ قَبْلَ أَنْ يَخْلُقَهُمْ، وَعَلِمَ مَا هُمْ عَامِلُونَ قَبْلَ أَنْ يَخْلُقَهُمْ،
Макулуктарды жаратуудан мурда да алардын иштери Ага белгилүү болгон жана аларды жараткандан кийин алар кандай иш кылаарын жаратуудан мурда эле билген.
وَأَمَرَهُمْ بِطَاعَتِهِ وَنَهَاهُمْ عَن مَعْصِيَتِهِ.
Алла Таала макулуктарды Ага моюн сунууга буйруду жана күнөөкөр болуудан тыйды.
وَكُلُّ شَىءٍ يَجْرِي بِتَقْدِيرِهِ وَمَشِيئَتِهِ، وَمَشِيئَتُهُ تَنْفُذُ لا مشيئةَ للعبادِ إلاَّ مَا شَاءَ لَهُمْ، فَمَا شَاء لَهُمْ كَانَ وَمَا لَمْ يَشَأْ لَمْ يَكُنْ،
Бардык нерсе Алла Тааланын жазган тагдыры жана каалоосу менен жүрөт. Анын каалоосу гана аткарылат. Кулдарынын каалоосу Алла каалаганда гана ишке ашат. Алла аларга эмне кааласа, ошол нерсе орундалат, каалабаса болбойт.
يَهْدي مَنْ يَشَاءُ وَيَعْصِمُ ويُعَافي فَضْلاً، وَيُضِلُّ مَنْ يشاءُ وَيَخْذُلُ وَيَبْتَلي عَدْلا، وَكُلُّهُمْ يتقلَّبونَ في مَشِيئتِهِ بَيْنَ فَضْلِهِ وَعَدْلِهِ،
Ал каалаганын айкөлдүк кылып, хидаятка салат жана каалаганын балээ-апааттан сактап, куткарат. Каалаганын адаштырат, жардамдан кур калтырат жана Өз адилеттүүлүгү менен сынайт. Бардык макулуктар Алланын каалоосунун астында. Айкөлдүгү жана адилеттүүлүгүнүн ортосунда болот.
وَهُوَ مُتَعَالٍ عن الأضْدادِ وَالأنْدادِ، لا رَادَّ لِقَضَائِهِ، وَلا مُعَقِّبَ لِحُكْمِهِ وَلا غَالِبَ لأمْرِهِ، ءامَنَّا بِذَلِكَ كُلِّهِ وَأَيْقَنَّا أَنَّ كُلاً مِنْ عِنْدِهِ،
Алла Таала Өзүнө каршы же Өзүнө окшош нерседен Аруу. Эч ким Анын чечимин кайтара албайт, өкүмүн өзгөртө албайт жана буйругуна үстөмдүк кылуучу жок. Биз ушул айтылгандардын баарына ыйман келтирдик жана баары Алладан экенин анык билип, ишендик.
МУХАММАД ПАЙГАМБАРГА (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ИШЕНҮҮ
وَإِنَّ مُحَمَّدًا صلى الله عليه وسلم عَبْدُهُ المُصْطَفى وَنَبِيُّهُ المُجْتَبَى وَرَسُولُهُ المُرْتَضَى وَإنَّهُ خَاتَمُ الأنبِيَاءِ وإمامُ الأتقياء وسيّدُ المُرْسَلين وَحَبيبُ رَب العَالَمِينَ،
Мухаммад – Алланын тандалган кулу, пайгамбары жана ыраазы болгон элчиси. Ал пайгамбарлардын мөөрү, такыбалардын имамы, элчилердин төрөсү, ааламдардын Роббисинин сүйүктүүсү.
وَكُلُّ دَعْوَى نُبُوَّةٍ بَعْدَ نُبُوَّتِهِ فَغَيٌّ وَهَوًى، وَهُوَ المَبْعُوثُ إلى عَامَّةِ الجِن وَكَافَّةِ الوَرَى بِالحَقِّ وَالهُدَى وَبِالنُّورِ والضِّياءِ،
Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийин пайгамбарчылыкты көздөө – адашуу жана өз напсинин кызыкчылыгын ээрчүү болуп эсептелинет. Ал акыйкат жана хидаят, нур жана жарык менен бүткүл жиндерге жана адамзатка жиберилген
КУРАНГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ
وإنَّ القُرءانَ كلامُ الله مِنْهُ بَدَا بلا كَيْفِيَّةٍ قَوْلا، وَأَنْزَلَهُ عَلى رَسُولِهِ وَحْيًا،
Куран – Алла Тааланын сөзү. Ал Андан кейипсиз (биля кайфия) жеткен. Алла аны Өз пайгамбарына вахий кылып түшүргөн.
وَصَدَّقَهُ المُؤْمِنُونَ عَلَى ذَلِكَ حَقًّا، وَأَيْقَنُوا أَنَّهُ كَلامُ الله تَعالى بالحَقِيقَةِ لَيْسَ بِمَخْلُوقٍ كَكَلامِ البَرِيَّةِ،
Аны момундар чындык деп тастыкташты жана Алланын чыныгы сөзү экенин, адамдардын сөзүнө окшоп жаратылбаганын шек-күмөнсүз, чын жүрөгү менен билип, ишеништи.
فمَنْ سَمِعَهُ فَزَعَمَ أنَّه كلامُ البَشَرِ فَقَد كَفَرَ، وَقَدْ ذَمَّهُ الله وعَابَهُ وأَوْعَدَهُ بسَقَرَ حيثُ قالَ تعالى: ﴿سَأُصْلِيهِ سَقَر﴾، فلمَّا أَوْعَدَ الله بسَقَرَ لِمَن قَالَ:﴿إِنْ هَذَا إِلا قَوْلُ البَشَرِ﴾، عَلِمْنَا وَأَيْقَنَّا أَنَّهُ قَوْلُ خَالِقِ البَشَرِ ولا يُشْبِهُ قَوْلَ البَشَرِ،
Кимде-ким аны угуп “бул адамдын сөзү” деп айтса, ал каапыр болот. Акыйкатта, Алла Таала аны уяткарып, айыптап, тозок менен коркутуп: “Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин” – деп айткан (74:26). “Бул – адамдын гана сөзү” – деп айткан адамга Алла тозокту убада кылды (74:25). Куран адамзаттын Жаратуучусу Алланын сөзү жана ал инсандардын сөзүнө окшобойт экенине ишендик.
АЛЛАНЫ МАКУЛУКТАРГА ОКШОШТУРУУДАН БАШ ТАРТУУ
وَمَنْ وَصَفَ الله بِمعنًى مِنْ مَعاني البَشَرِ فَقَدْ كَفَرَ، فَمَنْ أَبْصَر هَذَا اعتَبَرَ، وَعَنْ مِثْلِ قَوْلِ الكُفَّار انْزَجرَ، وَعَلِمَ أنَّهُ بِصِفَاتِهِ لَيْسَ كَالبَشَرِ،
Кимде-ким Алла Тааланы адамдын сыпаттарынын бири менен сыпаттаса, ал каапыр болот. Ким бул тууралуу ой жүгүртүп, кабыл алса, каапырлар сүйлөгөн сөздөрдү айтуудан тыйылса, Алла Таала сыпаттары менен адамга окшобойт экенин түшүнөт.
والرؤْيةُ حَقٌّ لأهْلِ الجَنَّةِ بِغَيْرِ إحاطَةٍ وَلا كَيفيَّةٍ، كَمَا نَطَقَ بِهِ كِتَابُ رَبِنَا: ﴿وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَاضِرَةٌ (22) إِلَى رَبِّهَا نَاظِرَةٌ (23)﴾ وَتَفْسِيرُهُ عَلى مَا أرَادَهُ الله تَعَالى وَعَلِمَهُ،
Бейиш ээлери Алла Тааланы тарапсыз жана кейипсиз көрүүлөрү анык. Роббибиздин китебинде: “Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып, Роббисине карашат”, – деп айтылган. (75:22-23) Мунун чечмелөөсү Алла Таала каалагандай жана Ал аны билет.
وَكُلُّ مَا جَاءَ في ذلِكَ مِنَ الحَدِيثِ الصَّحيحِ عَنِ الرَّسُولِ صلى الله عليه وسلم فَهُوَ كما قالَ وَمَعْنَاهُ على ما أرادَ، لا نَدْخُلُ في ذلكَ مُتَأوِّلينَ بِآرائنَا وَلا مُتَوَهّمِين بِأهْوائِنا، فإنهُ مَا سَلِمَ في دينِهِ إلاَّ مَنْ سَلَّمَ للهِ عَزَّ وجَلَّ ولرسولِهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ وَرَدَّ عِلْمَ ما اشتَبَهَ عليهِ إلى عَالِمِهِ،
Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул маселе боюнча келген сахих хадистерди, ал айткандай жана анын мааниси ал каалагандай түшүнүү керек. Аны өз оюбуз менен тавиль (божомолдоо) кылбайбыз жана кыялыбызда элестетпейбиз. Аллага жана Анын элчисине баш ийген жана түшүнбөгөн нерсесин билген адамга тапшыргандын гана дини коопсуз болот.
وَلا تَثْبُتُ قَدَمٌ في الإِسْلامِ إلاَّ على ظَهْرِ التَّسْليمِ والاستِسْلامِ، فَمَنْ رَامَ عِلْمَ مَا حُظِرَ عَنْهُ عِلْمُهُ وَلَمْ يَقْنَعْ بِالتَّسْلِيمِ فَهْمُهُ حَجَبَهُ مَرَامُهُ عَنْ خَالِصِ التَّوْحِيدِ وَصَافِي المَعْرِفَةِ وَصَحِيحِ الإِيمانِ
Моюн сунуу жана баш ийүүсүз инсандын Исламы бекем болбойт. Кимде-ким тосулган илимди ачууга умтулса жана моюн сунууга ыраазы болбосо, анын умтулуусу чыныгы таухидден, таза түшүнүктөн жана туура ыймандан тосуп коет.
فَيَتَذَبْذَبُ بَيْنَ الكُفْرِ وَالإِيمَانِ وَالتَّصْدِيقِ وَالتَّكْذِيبِ وَالإِقْرارِ وَالإِنْكارِ مُوَسْوِسًا تائِهًا شاكًّا لا مؤمنًا مُصَدِّقًا ولا جاحِدًا مكذِّبًا،
Анан ал каапырдык менен ыймандын, чындык деп билүүнүн жана жалганга чыгаруунун, кабылдоо менен четке кагынуунун ортосунда эки анжы болуп, азгырыкка алдырат. Мындай адам акыйкатты моюндап, кабыл алган же аны жалганга чыгарып, баш тарткан инсандын катарына да кире албайт.
ولا يَصِحُّ الإِيمانُ بالرؤيةِ لأهلِ دارِ السَّلامِ لمنِ اعتبرَها منْهُم بوَهْمٍ، أوْ تأوَّلَها بفَهْمٍ إذْ كانَ تأويلُ الرؤيةِ وتأويلُ كلِّ معنًى يضافُ إلى الرُّبُوبِيَّةِ بتركِ التأويلِ ولزومِ التَّسليمِ وعليهِ دِينُ المسلِمينَ،
Эгерде Алланы бейиште көрүү тууралуу өз кыялы же түшүнүгү менен чечмелесе, мындай адамдын ишеними туура эмес. Анткени, Алланы көрүү, ошондой эле Жаратканга тиешелүү болгон ар түрдүү маанилерди туура түшүнүүнүн жолу – тавиль кылуудан баш тартып, толук баш ийүү. Мына ушул мусулмандардын дини.
АКЫЙКАТТЫ КАРМАНГАНДАРДЫН ДИН ИШЕНИМИНИН МАҢЫЗЫ
وَمَنْ لَمْ يَتَوَقَّ النَّفْيَ وَالتَّشْبِيهَ زَلَّ وَلَمْ يُصِبِ التَّنْزِيهَ، فَإنّ رَبَّنا جَلَّ وَعَلا مَوْصُوفٌ بِصِفاتِ الوَحْدَانِيَّة، مَنْعُوتٌ بِنُعُوتِ الفَرْدَانِيَّةِ، لَيسَ في مَعْنَاهُ أَحَدٌ مِنَ البَرِيّةِ،
Кимде-ким өзүн Алланын сыпаттарын жокко чыгаргандан жана Алланы бир нерсеге окшотуудан (ташбих) тыйылбаса, ак жолдон адашып, Аны аруулай албаптыр (танзих). Анткени, биздин Роббибиз жалгыздык жана теңдешсиздик сыпаттары менен гана сыпатталат. Бир дагы макулук Анын сыпаттары менен сыпатталбайт.
وَتَعَالَى عَنِ الحُدُودِ وَالغَايَاتِ وَالأرْكَانِ وَالأَعْضَاءِ وَالأَدَوَاتِ، لا تحويه الجهاتُ السِّتُّ كسائرِ المبتدعاتِ،
Ал чектерден, рүкүндөрдөн, дене-мүчөлөрдөн жана органдардан Аруу, Бийик. Макулуктарга окшоп, Аны алты тарап курчап алган эмес.
ИСРА ЖАНА МИРАЖ
والمِعْرَاجُ حَقٌّ، وقدْ أُسْرِيَ بالنَّبِيِّ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ، وَعُرِجَ بِشَخْصِهِ في اليَقَظَةِ إلى السَّمَاءِ ثُمَّ إلى حَيْثُ شَاءَ اللهُ مِنَ العُلى،
Мираж (Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көккө көтөрүлгөнү) чындык. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түнкү саякат (исра) (Меккеден Иерусалимге) кылган. Асманга денеси менен өңүндө эле, көтөрүлгөн. Андан ары Алла каалаган бийиктикке чейин чыккан.
وأَكْرَمَهُ اللهُ بِما شَاءَ وَأَوحَى إلَيْهِ مَا أَوْحَى ﴿مَا كَذَبَ الفُؤَادُ مَا رَأَى﴾ ، فَصَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ في الآخِرَةِ والأُوْلى،
Алла Таала Өз каалоосу менен ага сый-урмат көрсөттү жана каалагандай вахий кылды: “Жүрөк көргөнүн жалган деген жок”. (53:11) Алла ага ырайым кылды жана бул дүйнөдө да, акыретте да тынчтык тартуулады.
ХАУЗ (КӨЛ), ШАПААТ ЖАНА АЛЬ-МИЙСАККА ИШЕНҮҮ
والحَوضُ الذي أَكْرَمَهُ اللهُ تَعَالى بهِ غِيَاثًا لأُمَّتِهِ حَقٌّ،
Алла Таала (Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун)) үммөтүнө жардам кылуу үчүн аны Хауз көлү менен сыйлаганы чындык.
والشَّفَاعَةُ التي ادَّخَرَها لَهُمْ حَقٌّ كمَا رُويَ في الأخبارِ،
Хадистерде айтылгандай, Алла алар үчүн (мусулмандарга) даярдап койгон шапаат да чындык.
والمِيثَاقُ الذي أَخَذَهُ اللهُ تعالى مِنْ ءادَمَ وَذُريَّتِه حَقٌّ،
Алла Тааланын Адам ата жана анын урпактарынан алган убадасы (аль-Мийсак) чындык.
ТАГДЫРГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ
وَقَدْ عَلِمَ اللهُ تَعالى فِيمَا لَمْ يَزَلْ عَدَدَ مَنْ يَدْخُلُ الجَنَّةَ وَعَدَدَ مَنْ يَدْخُلُ النارَ جُمْلَةً وَاحِدَةً، فَلا يُزادُ في ذلِكَ العَدَدِ وَلا يُنْقَصُ مِنْهُ،
Алла Таала эзелтеден эле бейишке жана тозокко кирүүчүлөрдүн так санын билген. Бул сан өзгөрбөйт. Андан көбөйбөйт же азайбайт.
وَكَذلِكَ أَفْعَالُهُمْ فِيمَا عَلِمَ مِنْهُمْ أَنْ يَفْعَلُوه، وَكُلٌّ مُيَسَّرٌ لِمَا خُلِقَ لَهُ،
Ошондой эле Алла алардын бардык аткараар ишин мурда эле билген. Ким кайсыл орун үчүн жаралган болсо, ага ошол амал оңой кылынган.
وَالأَعْمَالُ بِالْخَواتِيمِ، وَالسَّعيدُ مَنْ سَعِدَ بِقَضَاءِ اللهِ تَعَالى وَالشَّقِيُّ مَنْ شَقِيَ بِقَضَاءِ اللهِ تَعَالى،
Өмүрдүн акырында аткарылган амал чечүүчү. Бактылуу же бактысыз болуу дагы Алланын тагдыры менен болот.
وَأَصْلُ القَدَرِ سِرُّ اللهِ تَعَالى في خَلْقِهِ لَمْ يَطَّلِعْ عَلَى ذَلِكَ مَلَكٌ مُقَرَّبٌ وَلا نَبِيٌّ مُرْسَلٌ،
Тагдыр – Алла Тааланын макулуктардан жашырып койгон сыры. Бул туурасында Аллага жакын периште да, вазыйпа менен жөнөтүлгөн пайгамбар да кабар (илим) алган эмес.
وَالتَّعَمُّقُ وَالنَّظَرُ في ذلِكَ ذَرِيعَةُ الخِذْلانِ وَسُلَّمُ الحِرْمَانِ وَدَرَجَةُ الطُّغْيَانِ فَالحَذَرَ كُلَّ الحَذَرِ مِنْ ذلِكَ نَظَرًا وَفِكْرًا وَوَسْوَسَةً،
Тагдыр маселесине терең чуңкуп кирүү жана изилдөө ооматсыздыктын себеби, ажыроонун тепкичи жана адашуунун бийик чокусу. Ал тууралуу ойлонуудан жана изилдөөдөн өтө сак болуп, ар түрдүү күмөндөргө жана (шайтандын) азгырыгына туруштук берүүсү зарыл.
فَإنَّ اللهَ تَعَالى طَوَى عِلْمَ القَدَرِ عَنْ أَنَامِهِ وَنَهَاهُمْ عَنْ مَرَامِهِ ، كَمَا قَالَ تَعَالى في كِتَابِهِ: ﴿لا يُسْأَلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْأَلُونَ﴾،
Чындыгында Алла Таала тагдыр илимин инсандан жаап-жашырып койгон. Анын максатын изилдөөдөн адамдарды тыйган. Алла Куранда мындай деп айткан: “Ал (Алла) кылган ишине сурак бербейт. Ал эми адамдар суракка алынат”. (21:23)
فَمَنْ سَأَلَ لِمَ فَعَلَ فَقَدْ رَدَّ حُكْمَ الكِتَابِ وَمَنْ رَدَّ حُكْمَ الكِتَابِ كانَ منَ الكافرِينَ،
Ошондуктан “Эмне себептен Алла мындай кылды?” деп сураган адам, Курандын чечимине каршы келген болот. Ал эми Курандын чечимин четке какса, каапырлардын катарына кошулат.
فَهذِهِ جُمْلَةُ مَا يَحْتَاجُ إلَيْهِ مَنْ هُوَ مُنوَّرٌ قَلْبُهُ منْ أَوْلياءِ اللهِ تَعَالى، وَهِيَ دَرَجَةُ الرّاسِخِينَ في العِلْمِ لأنَّ العِلمَ عِلْمانِ: عِلمٌ في الخَلْقِ مَوْجُودٌ وَعِلْمٌ في الخَلْقِ مَفْقُودٌ، فإنكارُ العِلْمِ الموجودِ كفرٌ وادِّعاءُ العِلْمِ المفقودِ كفرٌ،ولا يَثْبُتُ الإِيمانُ إلا بقَبولِ العِلْمِ الموجودِ وتَرْكِ طَلَبِ العِلمِ المفقودِ،
Мына ушул Алла Таалага жакын, жүрөгү нурданган адамдардын жана илимде бекем болгондордун даражасы. Анткени, илим эки түрдүү болот. Макулуктарга ачык-айкын берилген жана алардан жашырылган илим. Бар болгон ачык илимди жокко чыгарып, аны четке кагуу – каапырлык. Ошондой эле макулуктарга жашыруун болгон илимди билемин деп дооматтануу – каапырлык. Бар болгон ачык илимди кабыл алып, жашыруун илимге умтулууну таштоо менен гана ыйманы бекем болот.
ЛЯУХУЛЬ МАХФУЗ МЕНЕН КАЛЕМГЕ ИШЕНҮҮ
وَنُؤْمِنُ بِاللَّوْحِ والقَلَمِ وَبِجَمِيعِ مَا فِيهِ قَدْ رُقِمَ، فَلَوِ اجْتَمَعَ الخَلْقُ كُلُّهُمْ عَلَى شَىْءٍ كَتَبَهُ اللهُ تَعَالى فِيهِ أَنَّهُ كَائِنٌ لِيَجْعَلُوهُ غَيْرَ كَائِنٍ لَمْ يَقْدِرُوا عَلَيْهِ، ولوِ اجْتَمَعُوا كُلُّهُمْ عَلى شَىْءٍ لَمْ يَكْتُبْهُ اللهُ تَعَالى فِيهِ لِيَجْعَلُوهُ كَائِنًا لَمْ يَقْدِرُوا عَلَيْهِ،
Ляух, Калем жана анда жазылган бардык нерсеге ишенебиз.
Алла Таала ага кайсыл бир ишти болот деп жазып койсо, жаратылгандардын баары чогулса да аны болтурбай койгонго кудуреттери жетпейт. Ошондой эле Алла Таала ага жазбаган нерсени болтурабыз десе да, кудуреттери жетпейт.
جَفَّ القَلَمُ بمَا هُو كَائِنٌ إلى يَوْمِ القِيَامَةِ، وَمَا أَخْطَأَ العبدَ لمْ يَكُنْ لِيُصيبَهُ وَمَا أَصَابَهُ لَمْ يَكُنْ لِيُخطِئَهُ،
Анткени, Кыяматка чейинки амалдардын баарын калем жазып бүтүргөн. Ошондой эле пендени кыйгап өткөн нерсе, ага эч качан туш келүүсү мүмкүн эмес эле. Ал эми ага туш келген нерсе, аны кыйгап өтүүсү мүмкүн эмес.
وَعَلَى العَبْدِ أَنْ يَعْلَمَ أنَّ اللهَ قَدْ سَبَقَ عِلْمُهُ في كُلِّ كَائِنٍ مِنْ خَلْقِهِ فَقَدَّرَ ذلِكَ تَقْدِيرًا مُحْكَمًا مُبْرَمًا لَيْسَ فِيهِ نَاقِضٌ وَلا مُعَقِّبٌ وَلا مُزِيلٌ ولا مُغَيِّرٌ وَلا مُحَوِّلٌ ولا نَاقِصٌ وَلا زَائِدٌ مِنْ خَلْقِهِ في سَمَاواتِهِ وَأَرْضِهِ،
Алла Таала (ааламды жарата электен мурда эле) ар бир макулугунун тагдыры жөнүндө алдын-ала билген деп пенде билүүсү зарыл. Алла аны биротоло чечип, өзгөрүлбөс кылып тагдырына жазган. Анын Өкүмүн асман менен жердеги макулуктары жокко чыгарып, кечиктире албайт, өчүрүп, өзгөртө албайт, оңдоп, кемитип, кошо да албайт.
وَذلِكَ مِنْ عَقْدِ الإِيمانِ وَأُصُولِ المَعْرِفَةِ والاعْتِرَافِ بِتَوْحِيدِ اللهِ تَعَالى وَرُبُوبِيَّتِهِ كَمَا قَالَ تَعَالى في كِتَابِهِ: ﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيرًا﴾، وقالَ تعالى: ﴿وَكَانَ أَمْرُ اللهِ قَدَرًا مَقْدُورًا﴾،
Бул (тагдыр) – ыймандын негизинин бири. Ошондой эле Алланын таухиди жана Жетекчилиги (Рубубия) боюнча билимдердин бири болуп эсептелет. Алла Таала Өз китебинде мындай деп айткан: “Ал бардык нерселерди жараткан жана тагдырын белгилеп-өлчөп койгон”. (25:2) “Алланын буйругу – тагдырда бекемделген”. (33:38)
فَوَيْلٌ لِمَنْ صَارَ للهِ تَعَالَى في القَدَرِ خَصِيمًا، وأَحْضَرَ للنَّظَرِ فِيهِ قَلْبًا سَقِيمًا، لَقَدِ التَمَسَ بِوَهْمِهِ في فَحْصِ الغَيْبِ سِرًّا كَتِيمًا وَعَادَ بِمَا قَالَ فيهِ أَفَّاكًا أَثِيمًا،
Тагдыр маселесинде Алла менен касташып, оорулуу жүрөгү менен аны изилдөөгө аракет кылган кишиге каргыш болсун. Ал өз ой жүгүртүүсү менен эч качан таба албай турган жашыруун илимди издейт. Ошол себептен ал күнөөкөр жана жалакор инсанга айланат.
АРШ ЖАНА КУРСИГЕ ИШЕНҮҮ
وَالْعَرْشُ وَالكُرْسِيُّ حَقٌّ، وَهُوَ مُسْتَغْنٍ عَنِ العَرْشِ وَمَا دُونَهُ، مُحِيطٌ بِكُلِّ شَىءٍ، وَفَوْقَهُ، وَقَدْ أَعْجَزَ عَنِ الإِحَاطَةِ خَلقَهُ،
Арш жана Курсинин бар экени анык. Алла Таала Аршка да, андан башкасына да муктаж эмес. Ал баарын куурчап алган, баарынан бийик. Макулуктар Аны түшүнө албайт.
ПЕРИШТЕЛЕРГЕ, ПАЙГАМБАРЛАРГА ЖАНА КИТЕПТЕРГЕ ИШЕНҮҮ
وَنَقُولُ إنَّ اللهَ اتَّخَذَ إِبراهِيمَ خَلِيلاً، وَكَلَّمَ اللهُ مُوسى تَكْلِيمًا إيمانًا وتَصْدِيقًا وَتَسْلِيمًا،
Биз Алла Таала Ибрахимди Өзүнө жакын дос кылган жана чындап эле Муса менен сүйлөшкөн – деп ишеним, тастык жана баш ийүү менен айтабыз.
وَنُؤْمِنُ بالمَلائِكَةِ وَالنَّبِيِّينَ والكُتُبِ المُنَزَّلَةِ عَلَى المُرْسَلِينَ، وَنَشْهَدُ أَنَّهُمْ كَانُوا عَلَى الحَقِّ المُبينِ،
Биз периштелерге, пайгамбарларга жана элчилерге түшүрүлгөн китептерге ишенебиз. Алар (пайгамбарлар жана элчилер) ак жолдо болгонуна күбөлүк беребиз.
КЫБЛА ЭЭЛЕРИ
وَنُسَمِّي أَهْلَ قِبْلَتِنَا مُسْلِمِينَ مُؤْمِنِينَ مَا دَامُوا بِما جَاءَ بهِ النَّبيُّ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ مُعْتَرفينَ ولَهُ بِكُلِّ مَا قَالَهُ وَأَخْبَرَ مُصَدِّقينَ غَيْرَ مُنْكِرِينَ،
Биз Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген нерсени моюнга алып, ал айткан жана кабар берген нерселерди тастыктаган адамдарды кыбыла ээлери жана момун мусулмандар деп атайбыз.
ИСЛАМ ДИНИ, КУРАН КИТЕБИ ЖАНА АЛЛА ТААЛА ЖӨНҮНДӨ БИЛБЕСТЕН СӨЗ КАТУУ – КҮНӨӨ
وَلا نَخُوضُ في اللهِ، وَلا نمَارِي في دِينِ اللهِ، وَلا نُجَادِلُ في القُرءانِ، وَنَشْهَدُ أَنَّهُ كَلامُ رَبِّ العَالَمِينَ نَزَلَ بِهِ الرُّوحُ الأمِينُ فَعَلَّمَهُ سَيِّدَ المُرْسَلِينَ مُحَمَّدًا صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ
Биз Алланын Заты туурасында (ой жүгүртүп) киришпейбиз. Анын дини жөнүндө наадан талаштарды жүргүзбөйбүз жана Куран жөнүндө талкуу кылбайбыз. Куран ааламдардын Роббиси Алланын сөзү экенин, аны Жабраил периште алып келип, элчилердин төрөсү Мухаммадка (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйрөткөнүнө күбөлүк беребиз.
وَهُوَ كَلامُ اللهِ تَعالى لا يُسَاوِيهِ شَىءٌ مِنْ كَلامِ المَخْلُوقِينَ وَلا نَقُولُ بِخَلْقِهِ، وَلا نُخَالِفُ جَمَاعَةَ المُسْلِمين،
Бул Алла Тааланын Сөзү, ага эч бир макулуктун сөзү тең келбейт. Ошондой эле биз Куранды жаратылган деп айтпайбыз жана мусулмандар жамаатына каршы чыкпайбыз.
КҮНӨӨ ДИНДЕН ЧЫГАРБАЙТ
وَلا نُكَفِّرُ أَحَدًا مِنْ أَهْلِ القِبْلَةِ بِذَنْبٍ مَا لَمْ يَسْتَحِلَّهُ،
Кыбыла ээлеринин бирин дагы жасаган күнөөсүнөн улам, аны (күнөөнү) адал дебеген эле болсо, каапыр деп эсептебейбиз.
وَلا نَقُولُ لا يَضُرُّ مَعَ الإِيمانِ ذَنبٌ لِمَنْ عَمِلَهُ،
Ыймандуу адам күнөө кылса, ага күнөөсүнүн зыяны тийбейт деп дагы айтпайбыз.
نَرْجُو لِلمُحْسنينَ منَ المُؤْمِنِينَ أَنْ يَعفُوَ عَنْهُم وَيُدْخِلَهُمُ الجنَّةَ برَحْمَتِهِ وَلا نَأمَنُ عَلَيْهِم، وَلا نَشْهَدُ لَهُمْ بِالجَنَّةِ، وَنَسْتَغْفِرُ لِمُسِيئِهِمْ وَنَخَافُ عَلَيْهِمْ وَلا نُقَنِّطُهُمْ،
Сооп иш кылган мусулман пендесин Алла Таала күнөөсүн кечирип, Өз ыракматы менен бейишке киргизет деп үмүт кылабыз. Бирок алар сөзсүз бейишке кирет деп өтө кепил да, күбө да бере албайбыз.
Күнөөкөр мусулмандар үчүн кечирим сурайбыз. Алар (тозокко түшөт деп) корксок дагы, (Алланын ырайымынан) үмүт үзбөйбүз.
وَالأَمْنُ والإِيَاس يَنْقُلانِ عَنْ مِلَّةِ الإِسْلامِ وسَبِيلُ الحَقِّ بَيْنَهُمَا لأهلِ القِبْلَةِ، وَلا يَخْرُجُ العَبْدُ مِنَ الإِيمانِ إلاَّ بِجحُودِ مَا أَدْخَلَهُ فِيهِ،
(Алланын каарынан) коопсуз болуусуна ишенүү жана (Анын ырайымынан үмүт үзүү) адамды динден чыгарат. Кыбыла ээлери үчүн туура жол – ушул эки абалдын ортосунда жайгашкан.
Исламга алып келген нерсени инсан жокко чыгаруу менен ыймандан чыгат.
ЫЙМАН ЖАНА ЫЙМАНДУУЛАР
والإِيمانُ هُوَ الإِقْرَارُ بِاللسَانِ وَالتَّصْديقُ بِالجَنَانِ،
Ыйман – тил менен тастыктап, жүрөк менен ишенүү.
وَجَمِيعُ مَا صَحَّ عَنْ رَسُولِ الله صلى الله عليه وسلم مِنَ الشَّرْعِ وَالبَيَانِ كُلُّهُ حَقّ،
Пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү жол менен жетип келген шарият жана баяндын (Куран жана Ислам) баары чындык.
وَالإِيمانُ وَاحدٌ وَأهْلُهُ في أَصْلِهِ سَوَاءٌ والتَّفاضُلُ بَيْنَهُم بِالخَشْيَةِ والتُّقَى ومُخَالَفَةِ الهَوَى وَمُلازَمَةِ الأَوْلى،
Ыйман – (баарында) бирөө гана. Ыйман ээлеринин баары ыйман негизинде бирдей. Бирок алардын арасынан өз каалоолоруна каршы туруп, эң жакшы нерсени (сөз, иш-аракет) карманууда кээси такыбалыгы жана момундугу менен башкалардан жогору турат.
وَالمُؤْمِنُونَ كُلُّهُم أَوْلِيَاءُ الرَّحْمنِ، وَأَكْرَمُهُمْ عِنْدَ الله أَطْوَعُهُمْ وَأَتْبَعُهُمْ لِلقُرْءانِ،
Ыймандуулардын баары Алланын олуялары. Алла алдында эң сыйлуулары – көбүрөөк моюн сунгандары жана Куранды эң мыкты ээрчигендери.
وَالإِيمانُ هُوَ الإِيمَانُ بِالله وَمَلائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَاليَوْمِ الآخِرِ وَالقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ وَحُلْوِهِ وَمُرِّهِ مِنَ اللهِ تَعَالى،
Ыйман бул – Аллага, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, акыретке, жакшылык менен жамандык, тагдырдын ачуу-таттуусу Алладан экенине ишенүү.
وَنَحْنُ مُؤْمِنُونَ بِذَلِكَ كُلِّهِ لا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَنُصَدِّقُهُمْ كُلَّهُمْ عَلَى مَا جَاءُوا بِهِ،
Биз булардын баарына ишенебиз. Алланын элчилерин бөлбөстөн, аларга жана алар алып келген нерселерге ишенип, тастыктайбыз.
ЧОҢ КҮНӨӨ КЫЛГАН МУСУЛМАНДАРДЫН АБАЛЫ
وَأَهْلُ الكَبائِرِ مِنْ أُمَّةِ مُحَمَّدٍ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ في النَّارِ لا يَخْلُدُونَ إذَا مَاتُوا وَهُمْ مُوَحِّدُونَ وَإنْ لَمْ يَكُونُوا تَائِبِينَ، بَعْدَ أَنْ لَقُوا اللهَ عَارفِينَ مُؤْمِنِينَ،
Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн ичинен чоң күноо жасагандар Алланын жалгыздыгына ишенип, Аны таанып, ыймандуу абалда Аллага жолукса, бирок кылган күнөөлөрүнө тообо кылбастан өлсө, тозокто түбөлүк калышпайт.
وَهُمْ في مَشِيئَتِه وَحُكْمِهِ إنْ شَاءَ غَفَرَ لَهُمْ وَعَفَا عَنْهُمْ بِفَضْلِهِ كَمَا ذَكَرَ عَزَّ وَجَلَّ في كِتَابِهِ: ﴿وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ﴾،
Алардын тагдыры Алланын каалоосу жана өкүмүнө көз каранды болот. Эгер кааласа, айкөлдүк кылып кечирип коет. Алла Таала Өз китебинде айткандай: “Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды кааласа кечирет”. (4:116).
وَإنْ شَاءَ عَذَّبَهُمْ في النَّارِ بِعَدْلِهِ ثُمَّ يُخْرِجُهُمْ مِنْهَا بِرَحْمَتِهِ وَشَفَاعَةِ الشَّافعينَ مِنْ أَهْلِ طَاعَتِهِ ثُمَّ يَبْعَثُهُمْ إلى جَنَّتِهِ وذَلِكَ بأَنَّ اللهَ تَعَالى تَوَلَّى أَهْلَ مَعْرِفَتِهِ وَلَمْ يَجْعَلْهُمْ في الدَّارَيْنِ كَأَهْلِ نُكْرَتِهِ الَّذِينَ خَابُوا مِنْ هِدايَتِهِ، وَلَم يَنَالُوا مِن وِلايَتِهِ
Эгер кааласа, Өзүнүн адилеттүүлүгү менен күнөөсүнө жараша жазалайт. Андан кийин Өз ырайымы менен тозоктон чыгарып, Ага моюн сунгандардын шапааты менен аларды бейишке киргизет. Анткени, Алла Таала Өзүн тааныгандардын коргоочусу. Эки дүйнөдө Алланын жалгыздыгын танып, Анын туура жолуна жакындабаган жана Анын коргоосун кабыл кылбагандардын катарына аларды кошпойт.
اللهمَّ يا وَلِيَّ الإسلامِ وأَهلِهِ ثَبِّتْنَا عَلَى الإسلامِ حتى نَلقَاكَ بِهِ
Оо, Ислам жана аны жолдогондорун жардамчысы болгон Аллахым! Өзүңө жолукканча бизди Исламда бекем кыл!
АХЛЮ СУННА УАЛЬ ЖАМААНЫН ПРИНЦИПТЕРИ
وَنَرَى الصَّلاةَ خَلْفَ كُلِّ بَرٍّ وَفَاجِرٍ مِنْ أَهْلِ القِبْلَةِ، وَعَلَى مَنْ مَاتَ مِنْهُمْ،
Такыба же күнөөкөр болсун, Кыбыла ээлеринин ар биринин артынан намаз окуса болот жана алар (момун жана күнөөкөр) каза болсо, ага жаназа намазы да окулат деп эсептейбиз.
وَلا نُنَزِّلُ أَحَدًا مِنْهُمْ جَنَّةً وَلا نَارًا، وَلا نَشهَدُ عَلَيْهمْ بِكُفْرٍ وَلا بِشِرْكٍ وَلا بِنِفَاقٍ مَا لَمْ يَظْهَرْ مِنْهُمْ شَىءٌ مِن ذلِكَ، وَنَذَرُ سرَائِرَهُمْ إلَى اللهِ تَعَالى،
Мусулман адам сөзсүз бейишке же тозокко түшөт деп кесе айтпайбыз. Ачык-айкын көрсөтмөйүнчө аларды күфр, ширк, нифак (эки жүздүүлүк) сыпаттары менен айыптабайбыз. Сырларын Аллага калтырабыз.
وَلا نَرَى السَّيْفَ عَلَى أَحَدٍ مِنْ أُمَّةِ مُحَمَّدٍ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ إلاَّ مَنْ وَجَبَ عَلَيهِ السَّيْفُ،
Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнөн шариат негизинде өлүм жазасы милдетүү болгондордон башкасын өлтүрүүнү туура эмес деп эсептейбиз.
وَلا نَرَى الخُروجَ عَلَى أَئِمَّتِنَا وَوُلاةِ أمُورِنَا وإنْ جَارُوا، وَلا نَدْعُو عَلَيْهمْ ولا نَنْزِعُ يَدًا مِنْ طَاعَتِهِمْ، ونَرَى طَاعَتَهُمْ مِنْ طاعَةِ اللهِ عَزَّ وَجَلَّ فَريضَةً مَا لمْ يأمُرُوا بِمَعْصِيَةٍ، وَنَدْعُو لَهُمْ بِالصَّلاحِ والمُعَافَاةِ،
Имамдарыбызга жана башчыларыбызга алар заалым болушса да каршы чыгуу (бунт) туура эмес деп билебиз. Алардын эч бирине каршы дуба кылбайбыз жана аларга баш ийбей койбойбуз. Күнөө ишке буйруганга чейин, аларга баш ийүүнү Алла Таалага баш ийүү деп билебиз. Аларга (Алладан) оңолуу жана сак-саламаттык сурап дуба кылабыз.
وَنَتْبَعُ السُّنَّةَ والجَمَاعَةَ وَنَجْتَنِبُ الشُّذُوذَ والخِلافَ والفُرْقَةَ وَنُحِبُّ أَهْلَ العَدْلِ وَالأَمَانَةِ وَنُبْغِضُ أَهْلَ الجَوْرِ والخِيَانَةِ،
Биз сүннөттү жана жамаатты ээрчийбиз. Обочолонуудан, талашып-тартышуудан жана бөлүнүүдөн сактанабыз. Адилеттүүлөрдү жана аманаткөйлөрдү жакшы көрөбүз. Заалымдар менен кыянатчыларды жек көрөбүз.
وَنَقُولُ اللهُ أَعْلَمُ فِيمَا اشْتَبَهَ عَلَيْنَا عِلْمهُ،
Бизге эки анжылыкты пайда кылган нерселер жөнүндө “Алла билүүчүрөөк” деп айтабыз.
وَنَرَى المَسْحَ عَلَى الخُفَّينِ فِي السَّفَرِ وَالحَضَرِ كمَا جَاءَ في الأَثَرِ،
Сапарда же үйдө болобу эки маасыга масх тартуунун (дааратта) хадиске таянып туура деп айтабыз.
وَ لحَجُّ والجهادُ مَاضِيَانِ مَعَ أُولِي الأَمرِ مِنَ المُسْلِمِينَ بَرِّهِمْ وَفَاجِرِهِمْ إلى قيامِ السَّاعَةِ لا يُبْطِلُهُمَا شَىْءٌ وَلا يَنْقُضُهُما،
Мусулмандардын такыба же күнөөкөр имамдарынын башкаруусу менен ажылык жана жихад кылуу амалы Кыяматка чейин улана турган парздар. Эч нерсе аны жокко чыгарып, (толугу менен) жоё албайт.
ӨЛГӨНДӨН КИЙИНКИ ЖАШОО
اوَنُؤْمِنُ بِالكرَامِ الكَاتِبِينَ فَإنَّ اللهَ قَدْ جَعَلَهُمْ عَلَيْنا حَافِظِينَ،
(Амалдарыбызды жазуучу) асыл периштелерге (киромуль каатибийн) ишенебиз. Анткени, Алла Таала аларды бизге көзөмөлчү кылып койгон.
وَنُؤْمِنُ بِمَلَكِ الموْتِ المُوَكَّلِ بِقَبْضِ أَرْوَاحِ العَالَمينَ،
Ошондой эле, бүткүл ааламдагы жандарды алуу жоопкерчилиги жүктөлгөн жан алгыч периштенин бар экенине ишенебиз.
وَبعذابِ القبْرِ لِمَنْ كَانَ لَهُ أَهلاً، وَسُؤَالِ مُنْكَرٍ وَنَكِيرٍ في قَبْرِهِ عَنْ رَبّهِ وَدِينِهِ ونَبيِّهِ عَلَى مَا جَاءَتْ بِهِ الأَخْبَارُ عَنْ رَسُولِ الله صلى الله عليه وسلم وَعَنِ الصَّحابةِ، رِضْوَانُ الله عَلَيْهِم،
Кабыр азабына татыктуу болгондорго жаза бар экенине жана Мункар менен Накир (периштелер) анын Жаратуучусу, дини, пайгамбары (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тууралуу кабырда суралаарына ишенебиз. Бул туурасында бизге Алланын элчисинен (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардан кабарлар жеткен.
والقبْرُ رَوْضَةٌ مِنْ رِيَاضِ الجَنَّةِ أَوْ حُفْرَةٌ مِنْ حُفَرِ النّيرَانِ،
Кабыр – бул бейиш бактарынын же тозок чуңкурларынын бири.
وَنُؤْمِنُ بِالبَعْثِ وَجَزَاءِ الأَعْمَالِ يَوْمَ القِيَامَةِ وَالعَرْضِ والحِسَابِ وَقِرَاءةِ الكِتَاب، والثَّوَابِ والعِقَابِ والصراطِ وَالمِيزَان،
Биз (өлгөндөн кийин) кайра тирилүүгө, Кыямат Күнү амалдарга жараша жаза берилүүсүнө, адамдын (амалдары өзүнө) көрсөтүлөт экенине, Алланын алдында сурак берүүгө, (амал) китеп окулуп, сыйлык жана жаза берилээрине, Сырат көпүрөсүнө, таразага ишенебиз.
وَالجَنَّةُ وَالنَّارُ مَخْلوقَتَانِ لا تَفْنَيانِ أَبَدًا ولا تَبِيدَانِ، وإنَّ اللهَ تَعَالى خَلَقَ الجَنَّةَ وَالنَّارَ قَبْلَ الخَلْقِ، وَخَلَقَ لَهُمَا أَهْلاً فَمَنْ شَاءَ مِنْهُمْ إلى الجَنَّةِ فَضْلاً مِنْهُ وَمَنْ شَاءَ مِنْهُم إلى النَّارِ عَدْلاً مِنْهُ وَكُلٌّ يَعْمَلُ لِمَا قَدْ فُرِغَ لَهُ وَصَائِرٌ إلى مَا خُلِقَ لَهُ،
Бейиш менен тозок жаратылган. Алар жоюлбайт жана жок болуп кетпейт. Алла Таала бейиш менен тозокту жаратып, андан соң (аларга татыктуу) макулуктарды жаратты: каалаганын Өз ырайымы менен бейишке киргизет. Каалаганын адилеттүүлүк кылып, тозокко салат. Ар бири анын тагдырына жазылганын аткарат жана кайсыл орун үчүн жаралган болсо, ошого ылайык иш кылып, ал жерге барат.
وَالخَيْرُ والشَّرُّ مُقَدَّرَانِ عَلَى العِبَادِ،
Жакшылык да, жамандык да (Алланын) кулдарына тагдыр кылып коюлган.
ПЕНДЕЛЕРДИН ИШ-АРАКЕТТЕРИН АЛЛА ЖАРАТАТ
وَالاسْتِطَاعَةُ التي يَجِبُ بِها الفِعْلُ مِنْ نَحْوِ التَّوْفِيقِ الَّذي لا يَجُوزُ أَنْ يُوصَفَ المَخْلُوقُ بِهِ فَهِيَ مَعَ الفعْلِ،
Иш-аракетти пайда кылуучу кудурет (жөндөм), мисалы макулуктарга таңууга болбой турган тауфик сыяктуу сыпат, амал менен бирге пайда болот.
وَأَمّا الاسْتطَاعَةُ مِنْ جِهَةِ الصحَّةِ وَالوُسْعِ والتَّمَكُّنِ وَسَلامَةِ الآلاتِ فَهِي قَبْلَ الفِعْلِ، وَبِهَا يَتَعَلَّقُ الخِطَابُ، وهِيَ كَمَا قَالَ تَعَالى: ﴿لا يُكَلِّفُ اللهُ نَفْسًا إِلا وُسْعَهَا﴾
Ал эми ден-соолук, жөндөм, мүмкүнчүлүк, дене-мүчөлөрдүн амандыгынан турган кудурет – амалдан мурда болот. Ушул нерсеге таклиф (буйрук, милдет) негизделген. Алла Таала мындай дейт: “Алла ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт”. (2:286)
وَأَفْعَالُ العِبَادِ خَلْقُ اللهِ وَكَسْبٌ مِنَ العِبَادِ،
Пенделердин кылган иштерин Алла Таала жараткан, бирок пенделер аркылуу ал ишке ашат. (касб)
وَلَمْ يُكَلِّفْهُمُ اللهُ تَعَالى إلاَّ مَا يُطِيقُونَ، وَلا يُطَيَّقُونَ إلاَّ مَا كَلَّفَهُمْ، وَهُوَ تَفْسِيرُ لا حَوْلَ وَلا قُوَّةَ إلاَّ بِاللهِ نَقُولُ لا حِيلَةَ لأَحَدٍ وَلا حَرَكَةَ لأحَدٍ وَلا تَحَوُّلَ لأحَدٍ عَنْ مَعْصِيةِ اللهِ إلاَّ بِمَعُونَةِ اللهِ،
Жараткан Алла пенеделерге алардын кудурети жеткен ишти гана аткаруу милдетин жүктөйт жана пенделер да Алла аларга жүктөгөн милдеттерди аткарууга гана кудуреттүү болушат. Бул “Алладан башка эч кимде күч-кубат жок” деген сөздүн чечмеленүүсү.
وَلا قُوَّةَ لأَحَدٍ عَلَى إقَامةِ طَاعَةِ اللهِ وَالثَّبَاتِ عَلَيْهَا إلاَّ بِتَوْفِيقِ اللهِ
Алланын жардамысыз эч ким күнөө иштен сактануунун айласын таба албайт жана аракет да кыла албайт. Алланын топугусуз (тауфиксиз) эч ким Аллага итаат кылып, ибадатта бекем боло албайт.
، وَكُلُّ شَىءٍ يَجْرِي بِمَشِيئَةِ اللهِ تَعَالى وَعِلْمِهِ وَقَضَائِهِ وَقَدَرِهِ، غَلَبَتْ مَشِيئتُهُ المَشِيئَاتِ كُلَّهَا، وغَلَبَ قَضَاؤُهُ الحِيَلَ كُلَّها،
Бардык нерсе Алла Тааланын каалоосу, илими, өкүмү, жазган тагдыры менен ишке ашат. Анын каалоосу бардык макулуктардын каалоолорунун үстүндө жана Анын өкүмү бардык макулуктардын көздөмүнөн жогору.
يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ وَهُوَ غَيرُ ظَالِمٍ أَبَدًا تَقَدَّسَ عَنْ كلِّ سُوءٍ وَحَيْنٍ، وَتَنَزَّهَ عَنْ كُلِّ عَيْبٍ وَشَيْنٍ، ﴿لا يُسْأَلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْأَلُونَ﴾
Ал каалаганын кылат жана эч качан заалымдык кылбайт. Ал бардык жаман нерседен жана адилетсиздиктен Таза. Ал (Алла) ар түрдүү айыптардан, кемчиликтерден Аруу. “Ал (Алла) кылган иштери тууралуу суралбайт, алар суракка алынат”. (21:23)
МАРКУМДАР ДУА ЖАНА САДАКАЛАРДАН ПАЙДА АЛЫШАТ
وَفي دُعَاءِ الأَحْيَاءِ وَصَدَقَاتِهِمْ مَنْفَعَةٌ لِلأَمْوَاتِ،
Тирүүлөрдүн өлгөндөр үчүн кылган дубаларында жана садагаларында маркумдарга пайда бар.
وَالله تَعَالى يَسْتَجِيبُ الدَّعَوَاتِ وَيَقْضِي الحَاجَاتِ،
Алла Таала дубаларды кабыл алат жана муктаждыктарды чечет.
وَيَمْلِكُ كُلَّ شَىءٍ وَلا يَمْلِكُهُ شَىْءٌ، وَلا غِنَى عَنِ اللهِ تَعَالى طَرفَةَ عَيْنٍ، وَمَنْ [زَعَمَ أَنَّهُ] اسْتَغْنَى عَنِ اللهِ طَرْفَةَ عَيْنٍ فَقَدْ كَفَرَ وَصَارَ مِنْ أَهْلِ الحَيْنِ،
Ал баарына ээлик кылат, Ага эч ким ээ боло албайт. Баары Аллага көз ирмемчилик убакытта да муктаж. Көз ирмегенчелик деңгээлде дагы Аллага көз каранды эмесмин деп эсептесе, каапыр болду жана өзүн зыянга учуратты.
واللهُ يَغْضَبُ وَيَرْضَى لا كَأَحَدٍ مِنَ الوَرَى،
Алла Тааланын ачуулануусу жана ыраазылыгы макулуктардыкына окшобойт.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ҮЙ-БҮЛӨӨСҮ ЖАНА АНЫН САХАБАЛАРЫ
وَنُحِبُّ أَصْحَابَ رَسُولِ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ، وَلا نُفْرِطُ في حُبِّ أَحَدٍ مِنهُمْ وَلا نَتَبَرَّأُ مِنْ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنُبْغِضُ مَنْ يُبْغِضُهُمْ وبِغَيْرِ الخَيْرِ يَذْكُرُهُمْ ولا نَذْكُرُهُمْ إلاَّ بِخَيْرٍ وحُبُّهُمْ دِينٌ وإيمانٌ وإحْسانٌ، وَبُغْضُهُمْ كُفْرٌ ونِفَاقٌ وَطُغْيَانٌ،
Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын жакшы көрөбүз. Алардын ичинен кайсы бирин жакшы көрүүдө чектен чыкпайбыз жана алардын эч кимисинен баш тартпайбыз. Аларды жек көргөндөрдү жана аларды жаманаттуу кылгандарды жек көрөбүз. Аларды жакшы сөздөр менен гана эскеребиз. Аларды жакшы көрүү – дин, ыйман жана жакшылыктын белгиси. Ал эми аларды жек көрүү – каапырлык, мунафыктык жана адашуу.
وَنُثْبِتُ الخِلافَةَ بَعْدَ رَسُولِ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ أَوَّلاً لأَبي بَكْرٍ الصِّدِّيقِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ تَفْضِيلاً لَهُ وَتَقْدِيمًا عَلَى جَمِيعِ الأُمَّةِ ثُمَّ لِعُمَرَ بْنِ الخَطَّابِ رَضِيَ الله عَنْهُ، ثُمَّ لِعُثْمَانَ رَضِيَ الله عَنْهُ ثُمَّ لِعَلِيِّ بن أَبِي طَالبٍ رَضِيَ الله عَنْهُ وَهُمُ الخُلَفَاءُ الرَّاشِدُونَ وَالأَئِمَّةُ المُهْتَدُونَ،
Алланын элчисинин (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өткөндөн кийин бийлик (халифалык) алгач Абу Бакр Сыддыкка өттү. Бул анын үммөттүн ичинен алдыңкы жана артык экенин тастыктайт. Андан соң Умар бин Хаттаб, соң Усман бин Аффан, андан кийин Али бин Абу Талиб халифалык орунга отурган. Алар түз жолдон тайбаган халифтер (аль-хуляфа ар-рошидун) жана жалпы элди хидаятка ээрчиткен жол башчылар болушканын ырастайбыз.
وَإِنَّ العَشَرَةَ الذينَ سَمَّاهُمْ رَسُولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ وَبَشَّرَهُمْ بِالجَنَّةِ نَشْهَدُ لَهُمْ بِالجَنَّةِ عَلَى مَا شَهِدَ لَهُمْ رَسُولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ وَقَوْلُهُ الحَقُّ وَهُمْ أَبُو بَكْرٍ وَعُمَرُ وَعُثْمَانُ وَعلِيٌّ وَطَلْحَةُ والزُّبَيْرُ وَسَعْدٌ وَسَعِيدٌ وَعَبْدُ الرَّحْمنِ بنُ عَوْفٍ وأَبُو عُبَيْدَةَ بْنُ الجَرَّاحِ وَهُوَ أَمِينُ هذِهِ الأُمَّةِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمْ أَجْمَعِينَ،
Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атын атап, бейиши менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба бейишке кирүүсүнө күбөлүк беребиз. Анткени, сөзү чындык болгон Алланын элчиси алардын бейишке кирээрине күбөлүк берген. Алар: Абу Бакр, Умар, Усман, Али, Тальха, Зубайр, Саъад, Саъийд, Абдурахман бин Ауф жана “үммөттүн аманаткөйү” деген лакапка ээ болгон Абу Убайда бин Жаррах.
وَمَنْ أَحْسَنَ القَوْلَ في أَصْحَابِ رَسُولِ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ وَأَزْوَاجِهِ الطَّاهِراتِ مِنْ كُلِّ دَنَسٍ وَذُرِّيَّاتِهِ المقَدَّسِينَ مِنْ كُلِّ رِجْسٍ فَقَدْ بَرِىءَ مِنَ النِّفاقِ،
Кимде-ким пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары, таза жубайлары, ыйбалуу балдары тууралуу жакшы сөз менен эскерсе, мунафыктыктан алыс болот.
ААЛЫМДАР ЖАНА ОЛУЯЛАР
وَعُلَمَاءُ السَّلَفِ مِنَ السَّابِقِينَ وَمَنْ بَعْدَهُمْ مِنَ التَّابِعِينَ أَهْلُ الخَيْرِ والأَثَرِ وَأَهْلُ الفِقْهِ وَالنَّظَرِ لا يُذْكَرُونَ إلاَّ بِالجَمِيلِ وَمَنْ ذَكَرَهُمْ بِسُوءٍ فَهُوَ عَلَى غَيْرِ السَّبِيلِ،
Өткөн алгачкы аалымдар (саляфу саалихийн) жана аларды ээрчигендер (табийиндер) – момундар жана хадис ээлери, факих жана рационалдуу илимдерди билүүчү аалымдар жөнүндө жалаң жакшы сөздөрдү айтабыз. Алар жөнүндө жаман сөздөрдү айткандар түз жолдон чыгып кетти.
ولا نُفَضِّلُ أَحَدًا مِنَ الأَوْلِيَاءِ عَلَى أَحَدٍ مِنَ الأَنْبِيَاءِ عَلَيْهِمُ السَّلامُ وَنَقُولُ نَبِيٌّ وَاحِدٌ أَفْضَلُ مِنْ جَميعِ الأَوْلِيَاءِ،
Олуяларды бир дагы пайгамбардан жогору койбойбуз. Бирок “бир пайгамбар башка бардык олуялардан жогору турат” деп айтабыз.
وَنُؤْمِنُ بِمَا جَاءَ مِنْ كَرَامَاتِهِمْ وَصَحَّ عَنِ الثقَاتِ مِنْ روَايَاتِهِمْ،
Олуялардын кереметтери тууралуу ишенимдүү риваятчылардан келген сөздөргө ишенебиз.
КЫЯМАТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
وَنُؤْمِنُ بِأَشْرَاطِ السَّاعَةِ مِنْ خُرُوجِ الدَّجَّالِ وَنُزُولِ عيسى ابنِ مَرْيَمَ عَلَيهِ السَّلامُ مِنَ السَّمَاءِ، وَنُؤْمِنُ بِطُلُوعِ الشَّمْسِ مِنْ مَغْرِبِهَا وَخُرُوجِ دَابَّةِ الأَرْضِ مَنْ موضِعِها،
Кыяматтын белгилерине ишенебиз. Алардын кээ бирлери: Дажжалдын чыгуусу, Марям уулу Иса пайгамбардын асмандан түшүүсү, күндүн батыштан чыгуусу жана даббатуль арддын (жер алдынан чыккан жаныбар) өз ордунан чыгуусу.
وَلا نُصَدِّقُ كَاهِنًا وَلا عَرَّافًا وَلا مَنْ يَدَّعِي شَيْئًا يُخَالِفُ الكِتَابَ والسُّنَّةَ وَإجمَاعَ الأُمَّةِ،
Көзү ачык, бүбү-бакшылардын айткандарына ишенбейбиз. Куранга, сүннөткө, ижмаъга каршы келгендердин сөзүн кабыл албайбыз.
وَنَرَى الجَمَاعَةَ حَقًّا وَصَوَابًا والفُرْقَةَ زيْغًا وَعذابًا،
Жамаат (биримдик) – бул акыйкат жана туура жол, ал эми бөлүнүү – четтөө жана азапка алып баруучу жол дейбиз.
وَدِينُ اللهِ في الأَرْضِ والسَّمَاءِ وَاحِدٌ وَهُوَ دِينُ الإِسْلامِ قَالَ اللهُ تَعَالى: ﴿إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللهِ الإِسْلامُ﴾ وقال تعالى: ﴿وَرَضِيتُ لَكُمُ الإِسْلامَ دِينًا﴾
Асманда жана жерде Алланын дини бирөө гана. Ал – Ислам дини. Бул жөнүндө Жараткан Алла мындай дейт: “Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам.”. (3:19) “Исламды силерге дин катары ыраа көрдүм”. (5:3)
وَهُوَ بَيْنَ الغُلُوِّ والتَّقْصِيرِ وَبَينَ التَّشْبيهِ وَالتَّعْطِيلِ، وبَيْنَ الجَبْرِ والقَدَرِ، وَبَيْنَ الأَمْنِ وَالإِيَاسِ،
Ислам аша чабуу менен кемтик кылуунун; ташбих (Алланы макулуктарга окшотуу) менен татилдин (Алланын сыпаттарын жокко чыгаруу); жабр (Алла макулуктарын мажбурлайт деген пикир) менен кадрдын (Алланын тагдырын четке кагуунун); Алланын азабынан кооптонбостук менен Анын ыраймынан үмүт үзүүнүн ортосунда турат.
فَهذا دِيْنُنا وَاعتِقَادُنا ظَاهِرًا وَبَاطِنًا وَنَحْنُ بُرءَاءُ إلَى اللهِ مِنْ كلِّ مَنْ خَالَفَ الذِي ذكَرْنَاهُ وَبَيَّنَّاهُ،
Бул биздин дин жана биздин ишенибиз. Ал сыртынан да, ичинен да (көрүнүп турат). Биз айтып жана чечмелеп бергендерге каршы чыккандарга Алланын алдында биздин тиешебиз жок.
وَنَسْأَلُ اللهَ تَعَالى أَنْ يُثَبِّتَنَا عَلَى الإِيمانِ وَيَخْتِمَ لَنَا بِهِ وَيَعْصِمَنَا مِنَ الأَهْوَاءِ المُخْتَلِفَةِ والآراءِ المُتَفَرقَةِ وَالمَذَاهِبِ الرَّدِيَّةِ مِثْلِ المُشَبهةِ والمُعتَزِلَةِ والجَهْمية وَالجَبْريَّةِ وَالقَدَريَّةِ وَغَيْرهِمْ مِنَ الذينَ خَالفُوا السُّنَّةَ وَالجَمَاعَةَ وَحَالفُوا الضَّلالَة، وَنَحْنُ مِنْهُمْ بَرَاءٌ، وَهُمْ عِندَنَا ضُلاّلٌ وَأَرْدِياءٌ وَبِاللهِ العِصْمَةُ وَالتَّوْفِيقُ.
Алладан тилээрибиз бизди ушул ишенимде бекем кылып, өлгөнгө чейин андан ажыратпасын. Алла бизди жалган көз караштардан, ар түрдүү туура эмес ойлорду карманган жамааттардан, мисалы: мушаббиха, мутазилиттер, жахмиялар, жабриялар, кадариялар жана ушуларга окшогон ахлю сунна уаль жамаатка каршы болгон бидаат жана адашууну ээрчиген бузук жамааттардан сактасын. Биздин аларга эч бир алакабыз (тиешебиз) жок. Биздин көз карашыбызда алар адашуу жолунда жана кыйроого учурагандар. Алладан гана панаа жана тауфик болот!