Ислам Фразалары

Ас салам алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху!

ٱلسَّلَامُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ ٱللَّٰهِ وَبَرَكَاتُهُ

Алланын сизге тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

Пазилети:

Ас салам алейкум – 10 сооп;

Ас салам алейкум уа рахматуллох – 20 сооп;

Ас салам алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху – 30 сооп;


Альхамдулиллах!

ٱلْحَمْدُ لِلَّٰهِ

Аллага шүгүр!

Пазилети:

Бул сөз Куранда 38 жолу кайталанат. Үч сүрө дал ушул фраза менен башталат. Алардын бири – Фатиха сүрөсү. “Альхамдулиллах” деп жалпы эле шүгүр кылуу амалдарына айтылат. – Абалың кандай? – деп сизден сурап калышса, – Альхамдулиллах! – деп кете бересиз. Жашооңузда болуп жаткан тарыхтын баарын айтып берип отурбай.


МашаАллах!

مَا شَاءَ ٱللَّٰهُ

Алла каалады, болду (ишке ашты). Бул сөздү бир нерсеге суктанууда да айтса жарайт.

Пазилети:

Алланын берген нээматы, жакшылыктары көз алдыңызда турганына кубанып, шүгүр айткан сыяктуу соопко ээ болосуз. Мисалы, баланча ажылык сапарына кетип жатыптыр деген кепти укканыңызда, “Кандай гана сонун жаңылык, болсун болсун! ” деп узартпастан “МаашаАллах!” деп кубанганыңыз жакшыраак.


ИншаАллах!

إِنْ شَاءَ ٱللَّٰهُ

Кудайым буюрса!

Пазилети:

Мусулман адам келечекте боло турган иш туурасында сүйлөп жатканда колдонулат. Кахф сүрөсүнүн 23,24 аяттарында мындай деп айтылган: “Эч качан “муну эртең аткарамын” деп айтпа. “(Бирок) Алла кааласа гана”, – дегин.

Мындан сырткары кээ бир мусулмандар бирөөнүн суранычына дароо “жок” деп көңүлүн оорутпастан бул фразаны колдонушат. Анын мааниси: “Сиз суранып жаткан нерсени аткарууга сөз бере албайм, бирок Алла кааласа болуп калаар”, – дегени.


Аллоху Акбар!

ٱللَّٰهُ أَكْبَرُ

Алла Улук!

Пазилети:

Бул фразаны Алланы улуктоо үчүн айтылат. Муну “такбир” деп койсок болот. Сизге бирөө кайрылып, “кана такбир айтыңыз, уулду болдуңуз” десе, “Аллоху Акбар” деп шарт айтып жибересиз. Бирок кыйкырбаңыз! Анткени, бул сөздү исламды карманган туура эмес багытта жүргөндөр кыйкыра берип, элдин үшүн алып койгон. Албетте, ар бир Алланы улуктоо сөзүн айтуу менен амалыңыз шариатка дал келсе, сиз соопко ээ болосуз.


СубханаАллах!

سُبْحَانَ ٱللَّٰهِ

Бардык кемчиликтерден аруу/таза Жараткан

Пазилети:

Бул фразаны биз ар бир намаздан кийин 33 жолу айтабыз. Мындан башка дагы бир нече артыкчылыктары бар, мисалы:

1. Алланын кереметтерин көргөн мезгилде;

2. Жашоодо ар түрдүү кайгы жана негативдүү нерселерге кабылганда; Мисалы, курбуңуз сиз туурасында ушак таратканын укканда, “СубханаАллах ” мен андан мындай нерсени күткөн эмесмин, – деген сыяктуу.


Лаа хаула уа лаа куввата илла биллах!

لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِٱللَّٰهِ

Алладан башка күч – кубатка ээ болгон зат жок!

Пазилети:

Бул фраза дуа катарында дагы кетет. Аны “Бейиштин кендеринин бири” деп дагы коюшат. Муну көп кайталоо менен ар түрдүү кайгы, мүшкүл, жүрөк ооруларынан арылса болот. Кээде өтө начар көрүнүш же жаман кабар уксаңыз дал ушул фразаны айтсаңыз туура болот.


Астагфируллох!

أَسْتَغْفِرُ ٱللَّٰهَ

Алла мени кечир!

Пазилети:

Муззаммиль сүрөсүнүн 20 аятында: “Алладан кечирим сурагыла, анткени Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу Зат”, – деп айтылган. Бул фразаны дайыма айтып жүргөн адамдын жүрөгү тынчтанат, Жаратканга жакын боло баштайт, ички дүйнөсү тазарат. Мындан башка дагы көптөгөн артыкчылыктары бар. Керек болсо, ушул фразанын таасири менен асмандан нөшөрлөнгөн жамгыр жаайт.


БааракаЛлоху фийкум!

بارك الله فيكم

Алла силерге берекесин ыроолосун!

Пазилети:

Бир же бир нече адамга ыраазычылык билдиргиңиз келсе, дал ушул сөздү колдоно аласыз. Өзүңүздүн уул-кыздарыңыздын ийгилигин көргөндө дагы “бааракаЛлоху фийкум” деп кубанып койсоңуз сообу эселенет.


 Аузу биллях! 

أعوذ بالله

Аллахым сактасын!

Толук айтылуусу:

Аузу билляхи минаш-шайтоонир-рожийм.

Пазилети:

жаман ойлор намаз учурунда келсе, же начар, коркунучтуу көрүнүшкө күбө болсоңуз дал ушул фраза туура келет. Жаш балдар же курбуларыңыз сизди чочутуп жиберсе, анын жети атасын эстетип отурбастан “аузу биллях” деп көкүрөгүңүздү кармаган бойдон каласыз. 


Бисмилля!

بِسْمِ ٱللَّٰهِ

Алланын аты менен!

Толук айтылуусу:

Бисмилляхир-рохманир-рохийм.

Пазилети:

Ар бир ишти Алланын аты менен баштасаңыз,  берекелүү болот. Кээде башыңызды уруп алсаңыз,  бирөө жыгылып кетсе, машина аңгекке түшүп кетсе, “бисмилля” деп айтсаңыз,  жин-шайтандар сизден оолак болот.


Жазаакaллaху хайран!

جَزَاكَ ٱللَّٰهُ خَيْرًا

Жараткан сени жакшылыктар менен сыйласын!

Пазилети:

Азыркы фраза айымдар арасында колдонулат. Анткени, эркектер үчүн, арапча “жазакаллоху хайран” деп акыркы тамгалар өзгөрүп кетет. Мунун ордуна “Алла ыраазы болсун!” деп кыргызчалап айтып да койсок болот. 


Жазаана уа ийааки! 

جزانا وإياك

Алла бизди жана сени (айым) жакшылыктар менен сыйласын!

Пазилети:

Жогорудагы “Жазакилляху хайран” деген дуага,  дароо арабча билген адам болуп “Жазаана уа ийааки” деп шыр айткан бойдон кетип каласыз.  Антпесе, арабча билет экен деп дагы башка сөз сүйлөп жибербесин!


Мабруук!

مبروك

Кут болсун!

Пазилети:

Жакындарыңыз уул-кыздуу, үйлүү, темир тулпарлуу же башка жакшылыктарга жетишсе, арапча ушул сөздү колдонсоңуз болот. Кээде үйлөнүү үлпөт өтүп жатса, күйөө баланын же жаш келиндин курбулары да “Мабруук!” деп куттукташат. 


Яя хабийбатий! 

يا حبيبتي

Оо, менин сүйүктүүм! 

Пазилети:

Араб улутунда бул фраза аябай белгилүү.  Кыргыздардын “жаным”, “алтыным”, “садагам” сөздөрү сыяктуу.  Муну жолдошуңузга айткыңыз келсе, анда “Яя Хабийби” деп өзгөртүп айтасыз. Анда ал сүйүнүп, жооп иретинде “я хабийбатий”, “яя жаным” деп кубанычы көкүрөгүнө батпай отуруп калат.


Шүкран жазийлан!

شكرا جزيلا

Чоң рахмат!

Пазилети:

Бирөөгө ыракмат айтпаган,  Жаратканга да шүгүр айтпайт деп коёт эмеспи. Бирөөнү жумшаган адатыбыз бар го, ошол өнөкөтүбүздү калтыралбай жатсак, жок дегенде суранычыбызды орундатып жаткан инсандарга (жашы улуу же кичүү болсун) ыраазычылыгыбызды ушул фраза менен билдирип кетели.


Саллаллаху алейхи уа саллям!

صَلَّى ٱللَّٰهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ

Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун! 

Пазилети:

Бул дуа пайгамбарыбыздын с.а.в. аты аталганда айтылуучу сөз. Куттуу хадисте: “Акыйкатта,  Кыямат күнү мага эң жакын болгондор жана менин шапаатыма татыктуулар – мага көп дуа кылгандар”, – деп айтылган.

Мындан сырткары аябай көп хадистерде салават айтуунун артыкчылары жөнүндө жазылган. Андыктан, сараң адамдардын катарына киргиңиз келбесе, дайыма салават айтып жүрүңүз.

Бул салаваттын кыска варианты:

“Алейхис-солату уас-салам”.


Радияллоху анху!

رَضِيَ ٱللَّٰهُ عَنْهُ

Алла андан ыраазы болсун!

Пазилети:

Бул батаны ар бир сахабанын аты аталганда кошо кетчү дуа. Мындай аракет аларга болгон сый-урмат жана Алладан алар үчүн дуа кылуу болуп эсептелинет.  Мисалы, “Абу Хурайра, Алла андан ыраазы болсун айтты…..” . 


 Рахматуллохи алейхи!

رَحْمَةُ اللَّٰهِ عَلَيْه

Ага Алланын ырайымы болсун! 

Пазилети:

Көбүнчө улуу имамдардын ысымдарынан кийин айтыла турган дуа. Мындан сырткары маркумдарга да колдонсок болот. Кыргыз тилинде “ырааматалык” деген сөздүн так эле өзү. Мисалы, өтүп кеткен чоң атаңызды эстеп, анын адаттарын же насаат кептерин эстеп жаткан болсоңуз,  мындай дейсиз: “Чоң атам Жакып, рахматуллохи алейхи (ырааматылык) айтат эле: “Акчаң болсо танкасың, акча жок болсо, маңкасың “, – деп.

Бул сөздүн кыска да варианты бар: рахимахуллох!


Аминь! 

آمين

О Алла! Менин дубамды кабыл кыл!

Пазилети:

Бул фразаны кыргыз элинин “оомин” сөзүнө окшотсо болот. Фатиха сүрөнүн аягында дагы айтылат. Жакшы тилектер айтылып, бата берип жатканда “аминь” же “оомин” десеңиз да туура болот. Мисалы: Уулуңуз армиядан аман-эсен келсин!” деп кошуна-колоңдор айтса, сиз акырын “аминь” , айтканыңар келсин!” деп кол көтөрүп бата кыласыз.


Вааллахи! 

والله

Алланын аты менен касам ичемин!

Пазилети:

Элге айткан маалыматтын же кабардын тууралыгын тастыктап ушул фразаны кошуп айтасыз. Ал эми “нан урсун”, “өлүп кетейин”, “жарыбай калайын” деген сыяктуу сөздөрдү колдонуу жакшы эмес. Албетте, Жараткандын аты менен качам ичүү өтө зарыл болгон, жүйөлүү учурда гана колдонуу абзел. Касам менен ойноонун кереги жок. Сизди жакшы тааныган адамдар сизге касамсыз эле ишенишет.


Аллооху аълам!

والله أعلم

Алла билүүчү!

Пазилети:

Бул белгилүү, кеңири тараган фразанын түрлөрү көп. Кээси “Аллоху аалим”, башкасы “Аллоху алийм ” деп дагы колдонушат. Баары туура. 

Мисалы,  сиз бир окуяны бирөөгө айтып берип жатасыз, же уккан лекцияны жеткирип атасыз, сөзүңүздүн аягында “Аллоху аълам” деп коесуз.  Тааныган адамдарыңыз туурасында ушак-кеп уксаңыз да, анын ошондой экенин Алла билүүчүрөөк деп ушакты укпастан басып кетесиз. Бул сөздү ар бир аалым китебинин аягына жазып койгон. Демек, бул аалымдардын адаты. Андыктан, жакшы гана адат жана өнөкөттөрдү үйрөнөлү!


Инна лиллахи уа инна илайхи рожиун! 

إِنَّا ِلِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтабыз!

Пазилети:

көбүнчө мусулман адам каза болгонун укканда, эң алгач ушул сөздү айтуу зарыл. Анткени, өзүңүзгө жана жаныңыздагы уккан адамдарга да эскертүү болот. Мындан сырткары жамандык болгондо, апаат балээ келгенде да айтылат. Ушуга тиешелүү сахабалардын бири Саид ибн Амир аль-Жумахинин кызыктуу окуясы бар. 

Умар р.а. доорунда Саид бир чөлкөмдүн амири болот. Элдин башчысы болгонуна карабастан өтө жакыр жашаган.  Умар р.а. анын акыбалын билип, 1000 динар жөнөтөт. Капчыкты ачып, акчаны көрөөр замат: “Инна лиллахи ва инна илайхи рожиун”, – деп жиберет. Аялы наркы жактан келе калып: 

– Тынччылыкпы? Момундардын башчысы каза болуптурбу?

– Андан да жаман нерсе болду.

– Мусулмандар жеңилиптирби?

– Ал нерседен да жаман.

– Андан да жаман эмне болушу мүмкүн?

– Мага дүнүйө келди. Мени азгыра турган үйүмө фитна кирди.

– Андай болсо, андан батыраак кутул.

– Мага көмөкчү болосуңбу?

– Ооба, жардам берем.

Ошондо Саид р.а. динарларды бөлүштүрүп бир нече капчыктарга салды да, кедейлерге таркатты. 


Такаббалаллоху минна уа минкум! 

تقبل الله منا ومنكم

Аллахым бизден жана силерден (жакшы амалдарды) кабыл кылсын! 

Пазилети:

өзгөчө майрамдарда бири-бирин куттуктап, тилек баталарды айтышса, жооп иретинде колдонсо жакшы.