Жашооңду өзгөрт (үзүндү)

БАЙЛАНЫШТАРДЫ ЭЧ КАЧАН ҮЗБӨ!

Ата-энебиз, жакын туугандарыбыз, досторубуз жана башкалар менен байланышууну эч качан унутпайлы. Байлынышты бекемдөөнү Алла Таала буйруган. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) байланышты бекемдөөгө чакырган. Биздин ортобуздагы аралык алыс болсо да, аны жакындаткан Алла берген нээматтар бар. Алар: телефон, компьютер, ташуучу транспорттор ж.б. Ушул нээматтарды берген Аллага шүгүр кылуубуз керек. Аларды пайдаланууда иштерибизди, сөздөрүбүздү оңой жеткирип, убакытты текке кетирбейбиз. Эгер Алла Тааланын ачуусун келтире турган нерселерди пайдалансак, мээриминин ордуна ачуусун жаадырып коёт. Мындан, Алла Өзү сактасын.

Телефон колдонуучулардын кулагына шыбырайбыз: Телефонго шариятка туура келбеген музыканы тандоодо Алладан корккула. Ар түрдүү азгыруучу сүрөттөрдү киргизбегиле. Мечитке киргенде телефонду өчүрүп койгула. Пайдалуу СМС каттарын колдонуу менен, ар бир намаз убактысын билүүнү, эртең мененки намазга ойготууну пайдалансак да болот.

Ыймандуу аялдардын кулагына шыбырайбыз: Телефондо сүйлөшүүдө убакытты, акчаны үнөмдөп колдонуу керек. Акчаны көп ысырап кылуу күйөөсүнө карата адепсиз мамиле болот. Ошондуктан аялдарга күйөөсүнүн байлыгы үчүн Алладан коркуусун эскертебиз.


ЖООМАРТ ЖАНА КИЧИПЕЙИЛ БОЛ!

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул темага байланыштуу хадистерин эскерип, өзүбүздү шарият таразасында байкап көрөлү. Саубан (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага адамдардан эч нерсе сурабаймын деп кепилдик берсе, ага бейиш кепилдик кылынат», – деди. Мен айттым: «Оо. Алланын элчиси! Мен эч кимден суранбаймын» дедим жана өмүр бою элдерден эч нерсе сураган жокмун. Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Байлык малдын көптүгүндө эмес, канаат кылууда», – деген. (Бухари, Муслим).

Хаким ибн Хазам (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Берүүчү кол суроочу колдон жакшыраак. Садаканын жакшысы өзү муктаж болуп турганда берилгени жана карамагындагы адамдардан башталганы. Ким Алладан арамдан тыйылууну талап кылса, аны арамдан тыйылуучу кылат. Ким каниеттүү болсо, Алла аны муктажсыз кылат”. (Бухари, Муслим).

Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш ээлерин санап, алар таза, карапайым жана жоомарт адамдар экендигин айтты.

Ибн Масъуд (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Кимге Алла жакырчылыкты жиберсе жана ал элдерге арызданса, ал жакырчылыкты эч ким тосо албайт. Ал эми Алла Таалага кайрылса, ага тезинен ырыскы берилет”, – деп айткан. (Абу Дауд).

Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: “Кимде-ким муктаж болбостон эле адамдардан суранса, ал тозок отун чогултуптур”. (Абу Дауд).

Абу Хурайра (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким адамдардан суранууну көбөйтсө, ал тозоктун чогун сурайт. Кааласа көп, кааласа аз сурасын”, – деп айткан. (Муслим).

Сахих Бухариде: Хайбар согушунан кайткан кезде ансарлар Мадинага барып, майда жандык жана мөмөлөрүн мухажирлерге беришкендиги тууралуу жазылган. Абдулла Ибн Масъуд (ага Алла ыраазы болсун) өлүм алдында уулун чакырып мындай деди: “Оо, Абдурахман! Мен сага беш даанышман эрежени осуят кылам, аны эсиңе тутуп ал:

• Эгер алар абдан бай болсо да, адамдарга кедейликти түшүндүр.

• Эгер абдан кедей болсоң да, муктаждардын талабын орундат.

• Тыюу салынган иштерден баш тарт. Ага амал кылба.

• Бүгүнкү күнүң кечеги күнүңдөн жакшыраак болуусу үчүн колуңдан келишинче аракет кыл.

• Эгер намаз окусаң акыркы жолу окуп жаткандай берилип оку.

Алла Таала айтат: “Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) өздөрүнүн Роббисинин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт”. (Бакара: 274).

Абу Умама (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Оо, адам баласы! Эгер берешен болсоң, ал өзүң үчүн жакшы. Эгер ичи тардык кылсаң, ал өзүң үчүн жаман. Керектүү тамак-аштарды камсыз кыл жана карамагыңдагылардан башта. Жогорку кол төмөнкү колдон жакшыраак”, – деп айтты. (Муслим).

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан төмөнкүдөй сөз бар: “Чындыгында, Алла Берешен. Ал берешендерди жакшы көрөт. Алла Айкөл, айкөлдөрдү жакшы көрөт”. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: “Эгер бир коомдун кадыр-барктуу адамы келсе, аны сыйлагыла”. (Бухари, Муслим). Дагы бир хадисте: “Конокту сыйлабаган адамга эч кандай жакшылык жок”, – деп айтылган.

Ким материалдык жактан дүйнөгө байланып, байлыгы анын жүрөгүн ээлеп алса, анан байлыгын эсептеп, чөнтөгүндөгүнү түбөлүк калат деп жакшы иштерге аны сарптабаса, ал адамдын жашоосунда жакшылык жок.

Айкөлдүк деген бул – сенин кудуретиңе, жөндөмүңө, кесибиңе, жумуш ордуңа ылайык өзүңдүн ага-инилериңе көрсөтө алчу кызматың. Ошондой эле, эгерде сенде муктаждыгыңдан ашыкча мал дүйнөң болсо, аны колунда жокторго берүү айкөлдүк болуп эсептелет.

Абу Саъид Худри (ага Алла ыраазы болсун) айтат: “Биз Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бара жатканыбызда бир киши өзүнүн төөсүнө минип келип, оң-солго көз жүгүртө баштады. Аны көргөн Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Кимдин башкаларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, жардам берсин”, – деп айтты. (Муслим).

Чыныгы ыймандуу киши бир тууганынын муктаждыктарын айттырбай эле алдын-ала билип, анын муктаждыгын кетирүүгө умтулат жана аны ыңгайсыз абалда калтырбаганга аракет кылат.

Амыр ибн Ааьс (ага Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: Бир киши Алланын элчисинен (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Исламдагы эң жакшы амал кайсы?” – деп сурады. Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Адамдарды тамактандыруу жана тааныган тааныбаган адамдарга салам айтуу”, – деп жооп берди. (Бухари, Муслим). Бир хадисте айтылган: “Кимде жери болсо, ага эгин эксин. Эгер экпесе, анда башкаларга алар эгин эгип пайдалануусу үчүн берсин”.

Сен өзүңдүн илимиң, кесибиң аркылуу жана айдап жүргөн унааң менен кантип айкөл боло аласың? Ойлон!