Багыт (үзүндү)

АРАМ ТАМАКТАН САКТАНАЛЫ!

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын аты менен баштаймын.

Ааламдардын жаратуучусу Алла Таалага мактоолор жана алкыштар болсун!Алла Тааладан гана жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоосун тилейбиз.

Оо, Алла Таалам! Бизди арамдан чыгыш менен батыштай аралыгындай алыс кылгын жана адал жашоонун негизинде өмүр сүрүүнү насип кылгын.

Оо, Алла Таалам! Бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүргүн. Катаны ката көрсөтүп, адашуудан Өзүң сактагын!

Оо, Алла Таалам! Ар бирибизди пайдасыз илимден сактагын. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн, кабыл болбогон дубадан, Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сактагын!

Оо, Алла Таалам! Ибрахим, Муса, Иса жана Мухамммадка (аларга Алланын тынчтыгы болсун) берген такыбалыкты бизге да насип кылгын.

Күбөлүк берем: Ал Алла Таала жалгыз, Анын шериги жок. Ал бардык нерсеге күчү жеткен Кудуреттүү. Ал Алла Таала адамзатка адал ырыскынын эшигин ачып койгон жана арам тамак менен тамактануучуларга катуу азапты даярдаган.

Күбөлүк берем: Мухаммад (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Алла Тааланын элчиси жана кулу. Ал Пайгамбар адамзатты адал тамак менен тамактанууга буйруган жана арам менен азыктанган дененин бейишке кирбестигин эскерткен.

Бүгүнкү баяныбыз Алла Тааланы жаратуучу катары кабыл кылып, ага ыраазы болгон, Мухаммадды (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) пайгамбар катары кабыл кылганына ыраазы болгон, Исламды дин катары тутунганына ыраазы болгон бир туугандарыбыз үчүн өтө зарыл сабак. Мусулман адам абдан таза, анын даражасы Алла Тааланын алдында өтө бийик. Себеби, мусулмандын жашоосу, анын ар бир алган демине чейин тазалыкка негизделген. Алла Таалага жасалуучу ибадаттардын баары тазалык менен байланыштуу.

Ошондуктан Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бир хадисинде:

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « أَيُّهَا النَّاسُ! إِنَّ اللَّهَ طَيِّبٌ، لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا

«Оо, адамдар! Чындыгында, Алла Таала таза жана тазаларды гана кабыл кылат», – деп айткан.

Алла Таала пенделери үчүн анын ичинде мусулмандарга адал ырыскынын чексиз эшиктерин ачып койгон жана ар бир аял-эркекке адал тамактанууну гана буйруйт. Биз көпчүлүк убакта арам тамак деп чочконун этин, өлүмтүктү же арак сыяктуу нерселерди гана эсептешибиз мүмкүн. Жок, арам маселеси өтө терең жана абдан кылдат каралуусу зарыл болгон маселе. Азыр эле адал болуп турган нерсени бир заматта арамга айландырып алуубуз мүмкүн. Мисалы: күн сайын жеп жүргөн эле нанды, башка бирөөнөн уурдап алсаң ал арам. Өзүңө тиешеси жок башка бирөөнүн акысын алуу – арам. Аны кандай жол менен, мейли уурдап аласыңбы, мейли тартып аласыңбы, мейли таразадан же башка нерседен алдап аласыңбы, айтор, баары бир ал сен үчүн арам. Ыйык келменин ээлери болгон, өзүн мусулманмын деп эсептеген адамдардын тамакты кандай жол менен таап жатканына көңүл бурбай, «курсак тойсо болду» деп кайдыгер жашап жатканы, азыркы убактагы жүрөктү ооруткан өтө оор көйгөй. Анткени, арам тамак адамды бул дүйнөдө да, акыретте да бактысыздыкка гана дуушар кылат. Алла Таала Ыйык Куранда:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ كُلُواْ مِمَّا فِي الأَرْضِ حَلاَلاً طَيِّباً وَلاَ تَتَّبِعُواْ خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُّبِينٌ

«Оо, адамдар! Жер бетиндеги нерселерден адал жана таза болгондорун гана жегиле! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө! Чындыгында, ал силерге анык душман» , – деп буйруган. Ошондой эле экинчи бир аятта:

فَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ اللّهُ حَلالاً طَيِّبًا وَاشْكُرُواْ نِعْمَتَ اللّهِ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ

«Оо, ыйман келтиргендер! Алла Таала силерге ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден гана жегиле! Эгер чындап эле Алла Таалага ибадат кылуучулардан болсоңор, Анын (тартуулаган) нээматтарына шүгүр кылгыла!» – деп айткан.

Арам менен тамактануунун ден-соолукка да өтө чоң зыяны бар. Алла Таала жөндөн- жөн эле бир нерсеге тыюу салып же бир нерсеге буйруган эмес. Алла Таала тыюу салган иште биз үчүн зыян, ал эми Алла Таала аткарууга буйруган иште биз үчүн бир топ пайдалар бар. Ал эми акыретте Алла Тааланын алдына барган кезде, арам тамак менен тамактангандардын абалы өтө оор болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бир хадисинде минтип айткан: «Арамдан мал-дүйнө тапкан адамдарга көз артып, кызыкпагыла. Андайлар байлыгынын жарымын садака кылса да, Алла Таала аны кабыл кылбайт. Ал эми калган бөлүгү аны тозокко алып барат», – деген.

Ушуга үндөш башка хадистердин экөөндө мына минтип айтылган:

وفي الحديث الصحيح: « كل جسم نبت من الحرام فالنار أولى به ».

«Арам менен азыктанып өскөн ар бир дене үчүн тозок гана ылайыктуу» .

عَنْ اِبْن عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: …)قَالَ رسُولُ اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم:(«… وَأَيّمَا عَبْد نَبَتَ لَحْمه مِنْ السُّحْت وَالرِّبَا فَالنَّار أَوْلَى بِهِ ».

«Кандай болгон күндө да пенденин арам (тыюу салынган) жолдон жана сүткорлуктан азыктанган эти (денеси) үчүн бир гана тозок ылайыктуу» .

Арам тамак кандай жол менен табылганына карабастан, аны менен тамактанган адам Кыямат күнүндө катуу азапка туш болот. Анткени, ал Алла Таала буйруган ибадаттарды аткара берет, бирок тамагы арам болгону үчүн Алла Таала аны кабыл кылбайт. Мындай жагдай тууралуу кээ бир көрүнүктүү аалымдар мындай деген: «Пенде бир жутум арам тамак менен тамактанса, Алла Таала анын намазын кырк күнгө чейин кабыл кылбайт» . Аалымдардын бул сөзүн сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) хадиси далилдейт:

عَنْ اِبْن عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رسُولُ اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم:”وَاَلَّذِي نَفْس مُحَمَّد بِيَدِهِ: إِنَّ الرَّجُل لِيَقْذِف اللُّقْمَة الْحَرَام فِي جَوْفه مَا يُتَقَبَّل مِنْهُ أَرْبَعِينَ يَوْمًا”.

«Мухаммеддин жаны колунда болгон Алла Таалага касам ичип айтамын: чынында, курсагына аз гана арам тамак жеген адамдын кырк күнгө чейин кылган ибадаты кабыл болбойт» .

Имам Ахмад (ага Алланын ырайымы болсун) да ушуга үндөө мааниде минтип айткан: «Эгер бир адам он дирхамга көйнөк сатып алса, он дирхамдын бири арамдан келген болсо, ал адамдын ошол көйнөк менен окуган намаздарын Алла Таала кабыл кылбайт» . Демек, ибадаттын кабыл болуусу үчүн тамактын адал болушу зарыл.

عَنْ اِبْن عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: …فَقَامَ سَعْدُ بْنُ أَبِي وَقَّاصٍ فَقَالَ: يَا رَسُول اللَّه، اُدْعُ اللَّهَ أَنْ يَجْعَلنِي مُسْتَجَابَ الدَّعْوَةِ. فَقَالَ: « يَا سَعْد، أَطِبْ مَطْعَمَك، تَكُنْ مُسْتَجَاب الدَّعْوَة… ».

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) таекеси Саад бин Абу Ваккас (Алла андан ыраазы болсун) бир жолу:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Мага бир дуба кылчы. Менин дубаларым ар дайым кабыл болсун, – деп суранат. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун)):

– Ичкен-жегениң таза болсун. Ошондо Алла Таала сенин дубаңды кабыл кылат, – деп жоп берет.

Кийинчерээк кээ бир адамдар Саад бин Абу Ваккастан (Алла андан ыраазы болсун): “Эмне үчүн сенин кылган дубаларың кабыл болот да, биздин дубалар кабыл болбойт?” – деп сурашканда, ал: “Мен астымдагы тамактын кайдан келгенин, кандай жол менен табылганын, кантип даярдалганын анык билмейинче, оозума салбаймын – деп жооп берет” .

Ичкен-жегени таза болбогон адамдын дубасы, анын ким экендигине карабастан кабыл кылынбайт. Бул маселе жөнүндө ардактуу Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) куттуу хадистеринин биринде минтип айткан:

عَنْ أَبِي هُريْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رسُولُ اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم: «… ثُمَّ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَر أشْعَثَ أغْبر يمُدُّ يدَيْهِ إلَى السَّمَاءِ: يَاربِّ يَارَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرامٌ، ومَشْرَبُه حرَامٌ، ومَلْبسُهُ حرامٌ، وغُذِيَ بِالْحَرامِ، فَأَنَّى يُسْتَجابُ لِذَلِكَ؟»

«Чачтары үксүйүп саксайган, кийимдерин чаң баскан, алыс сапарда кыйналып жүргөн адам колун созуп, Алла Таалага дуба кылып: “Оо, Жараткан Роббим! Оо, Жараткан Роббим! – деп жалбарат. бирок анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, азыгы арам. Анан кантип анын дубасы кабыл болсун?»

Негизи, дубасы өтө бат кабыл боло турган инсан – бул сапардагы адам. Бирок тамагы арам болгондугу үчүн, Алла Таала мусапырдын да дубасын кабыл кылбайт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) арам тамактан сактанууга өтө көп насыятын айткан. Мисалы, башка бир хадисте минтип айтылган: «Бир адам үчүн арам тамакты жегенче, топуракты жегени жакшыраак болот».

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) тарбиясын көргөн улуу сахабалардын бири Абу Бакир Сыддыктын (Алла андан ыраазы болсун) колунда кызмат кылган жаш жигит бар эле. Кээде анын алып келген тамактарынан Абу Бакир да тамактанып калчу. Бирок, ар дайым тамакты кайдан таап келгенин сурап жечү. Бир жолу баланын алып келген курмаларынан бир даанасын жеп коёт да, андан кийин аны кайдан алгандыгын сурайт. Ал бала: «Динди кабыл ала элек мезгилимде жалгандан көзү ачыктык кылып, бир адамга келечеги тууралуу төлгө ачып берген элем. Ошонун акысы деп бул курмаларды эми алып келиптир», – деп жооп берет. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) сөөмөйүн оозуна салып кусууга аракет кылат. Бирок, куса албай коёт. Кайра-кайра суу ичип жатып, акыры ичиндегисин кусуп чыгарат. Жанындагылар: «Болгону бир курмага да ушунчалык кыйналуунун зарылчылыгы бар беле?» – деп таң калышканда, «Жаным менен бирге чыкса да муну сөзсүз чыгарат болчумун», – деп жооп берет. Андан кийин Алла Таалага жалынып-жалбарып, дуба кылып: “Оо, Алла Таалам! Ушул курманын аш казанымда калып калган бөлүгү болсо, ал үчүн мени кечиргин”, – деп суранат.

Улуу аалымдардын бири: «Оорудан сактанып, адал тамактан өзүн тыйган, ал эми тозоктон сактануу үчүн арам тамактан өзүн тыйбаган адамдарга аябай таң калам», – деп айткан экен.

Имам Азам Абу Ханифа (Алла ага ырайым кылсын) минтип айтып калчу: «Каапырларга дярдалган тозоктон сактангыла!» – деген аяттан мен аябай корком. Анткени, бул аят арам тамак менен тамактангандарга тиешелүү».

Ал эми Сахл (Алла андан ыраазы болсун) минтип айткан: «Арам менен тамактанган адамдын денеси өзүнө баш ийбей калат да, каалаган күнөөлөрдү жасай берет».

Келгиле буга чейин тапкан тамагыбыздын кайдан келип жатканына көңүл бурбай жүргөн болсок, бүгүндөн баштап, жеген тамагыбызга жакшылап көңүл буралы. Келечекте биздин артыбызда тукумубузду улай турган балдарыбызды адал тамак менен тамактандыралы. Алла Тааланын алдына барганда арам тамак себебинен тозокко түшүп калуудан сактаналы.

Оо, Алла Таалам! Ар бирибизди адал тамак менен тамактануучу пенделериңден кылгын! Арамдан бардыгыбызды алыс кылып, адал ырыскыңдын эшигин кенен ачкын. Баарыбыздын билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечирип, төбүлүктүү бейиште чогуу кылгын.