Алтынчы: Каниеттүү болуу
Азирети Умардын халифалык доору. Саъид бин Амир Шамдагы “Химса” аймагында аким болуп турган учур. Бир күнү ал үйүнө кайгылуу кирди. “Баарыбыз Аллага таандыкпыз, баарыбыз ага кайтабыз” – деп күбүрөнүп, бир жерге отура албай, тынчы жок. Адатта бул сөздү кайсы бир мусулман дүйнөдөн өткөндө же башка оор балээ түшкөндө айтышчу. Аялы чыдабай:
– Эмне болду, азирети Умарга бирдеме болуптурбу? – деп чыйпылыктады.
– Жок, байболгур, андан жаман иш болду – деди Саъид, ары-бери басканын токтопой.
– Мусулмандар согушта жеңилип калыптырбы?
– Жок-жок, андан жаманы…
Аялы эми чындап коркуп кетти. Күйөөсүнүн колуна жармашып:
– Мындан өткөн балээ болмок беле, айтчы, деги эмне болду!? – деп кыйкырды, үнү титиреп, өзүнө бейтааныш чыкты.
– Дүнүйө, түбүң түшкүр дүнүйө кирди биздин үйгө. Байбиче, кутулуунун жолун таппасак, тынч уйкуну көрбөйбүз, акыретибизди ойрон кылабыз…
Аялы толук түшүнбөсө да, кеп оролу акча жөнүндө болуп жатканын баамдады.
– Ким берди, кайдан келди? – деди, үнү дагы титиреп чыкты.
– Азирети Умар бериптир, менин эмгек акым имиш. Бол, байбиче, мындан батыраак кутулалы, – деди Саъид, бел куруна боосунан байлап алган баштыкты чечип жатып. Аял ордунан ыргып турду:
– Колуңду тийгиздиңби акчага?!
– Жок, ачып караганым да жок.
– Алла чоң сактаптыр сени, мен азыр, бул кимдердин акысы экенин жакшы билем, – деп сыртка жүгүрдү аял.
Бир заматта колунда жок жарды-жармачтарды, жесирлерди, жетимдерди ээрчитип келип, азирети Умар казынадан бөлүп берген миң динарды бөлүп берди. Акчаны алган акыркы адам ыраазылыгын билдирип чыгып кеткенден кийин Саъид “шуу” үшкүрүп көчүк басты. Экөөнүн тең маанайы ачылып, чоң бир балээден кутулганына жүздөрү жайнап бири-бирине жылмая карашты. Үй ичи бакыт жыттанып турду…
Бул окуя азирети Умар халифа болуп турган доордо болгон. Саъидди “Химса” элине акимдикке бекитип, айлык акы жазып бергенде, Саъид айлык алуудан баш тартат. Арадан бир канча убакыт өтүп, азирети Умар “Химса” элиндеги колунда жок жардылардын тизмесин карап отуруп, алардын акими Саъид деген ысымды көзү чалат. Киши жиберип, чын эле алардын акими жарды жашайбы деп суратат. Адамдар акимдин үйүндө үч айдан бери тамак бышыруу үчүн от жагылбаганын, аялы экөөңдө сыртка кийүүчү бир эле кийими бардыгын, ошону алмашып кийип сыртка чыгышарын айтат. Азирети Умар буга өзүн күнөөлү сезип, казынадан миң динар акча бөлдүрүп, Саъидке берип жиберет. Андан ары эмне болгонуна биз чогуу күбө болдук.