Ыйман бутактары (үзүндү)

ЫЙМАНДЫН ТӨРТҮНЧҮ БУТАГЫ: КИТЕПТЕРГЕ ИШЕНҮҮ

Алла Таала адам баласын жараткандан кийин, алардын арасынан туура жолго баштоочу пайгамбарларды чыгарган. Анан пайгамбарларына дүйнө жана акыретте бактылуу болуунун жолун көрсөткөн жашоо мыйзамдарын түшүргөн. Ушундай мыйзамдардын жыйындысы “Асман китептери” же “Илахий китептер” деп аталат. Китептерге ишенүү да төрт бөлүктөн турат:

1. Асман китептери деп аталган китептердин баары анык Алла Таала тарабынан түшүрүлгөндүгүнө ишенүү;

2. Алла Таала аттарын атап түшүргөн китептерге ошол аттары менен ишенүү. Мисалы: Куран, Инжил, Тоорат, Забур, ж.б.

3. Алла Таала тарабынан түшкөн китептерде айтылган кабарларга ишенүү;

4. Алла Таала тарабынан түшкөн китептеги буйруктарды (эгер ал буйрук кийинки китептин түшүүсү менен жокко чыкпаса) аткаруу.

Алла Таала тарабынан аты аталган төрт китеп жана бир канча баракчалар түшкөн:

1. Забур китеби Дауд пайгамбарга (ага Алланын тынчтыгы болсун) түшкөн. Бул тууралуу Алла Таала Куранда: «… жана биз Даудга Забурду бердик», – деп айткан.

2. Тоорат китеби Муса пайгамбарга (ага Алланын тынчтыгы болсун) түшүрүлгөн. Бул тууралуу Алла Таала Куранда: «Чындыгында, Биз Тооратты түшүрдүк. Анда нур жана туура жол бар», – деп айткан.

3. Инжил китеби Иса пайгамбарга (ага Алланын саламы болсун) түшүрүлгөн. Бул тууралуу Алла Таала Куранда минтип айткан: «Пайгамбарлардын жолу менен (жүрүп), өзүнүн алдындагы Тооратты тастыктоочу кылып Марям уулу Исаны жөнөттүк. Ага ишинде тууралык, нур болгон алдындагы Тооратты тастыктоочу, сактануучулар үчүн туура жол, насыйкат түрүндө Инжилди бердик».

4. Куран китеби Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн. Бул тууралуу Алла Таала минтип айткан: «Рамазан айы, бул айда адамдарга хидаят – туура жол болуп, туура жол жана ак-караны ажырата турган анык далилдер катары Куран түшүрүлдү».

Дагы бир аятта: «Биз сага Китепти (Куранды) чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу, аларга күбө болуучу кылып түшүрдүк», – деп айткан.

Мындан сырткары көптөгөн пайгамбарларга баракчалар түшүрүлгөн. Бул тууралуу Алла Таала минтип айткан: “Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк! Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле. Ибрахимдин жана Мусанын барактарында”.

Асман китептеринин окшоштугу:

1. Бул китептердин баары бир булактан б.а. Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн. Алла Таала Куранда минтип айткан: «Алиф, Лам, Мим. Алла… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу. (Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга Туура Жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн. (Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүү үчүн (Куранды) түшүрдү. Алланын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Алла Кудуреттүү, Өч алуучу!»

2. Бул китептердин баарынын максаты бир, б.а. баары Ислам динин үйрөтүү үчүн түшүрүлгөн. Алла Таала Куранда минтип айткан: «Чындыгында, Алланын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарчылыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Алланын аяттарына каапыр болсо, Алла – тез эсептешүүчү».

3. Бул китептердин баарында жакшы амалдар үчүн сооп-сыйлык, жаман амалдар үчүн жаза берилери айтылган. Алла Таала Куранда минтип айткан: «Же ага Мусанын барактарындагы нерселер тууралуу кабар жеткен эмеспи? Ошондой эле убаданы аткарган Ибрахимдин (барактары) дагыбы? Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Ар бир инсанга жасаган жакшылыгы гана пайда берет».

4. Бул китептердин баары напсини таза кармоого чакырган. Алла Таала Куранда: «Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти! Роббисинин ысымын эскерип, намаз окуса (ийгиликке жетти). Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (акыреттен) жогору коёсуңар! Бирок, акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк! Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле. Ибрахимдин жана Мусанын барактарында”, – деп айткан.

5. Бул китептердин баарында пенделердин жер бетинде мураскор экендиги айтылган. Алла Таала Куранда: “Эскертүүбүздөн (Тоораттан) кийин Забурда: “Жакшы пенделерим жерде мураскор болот” деп жаздык”, – деп айтылган.

6. Бул китептердин баарында адилеттүүлүк жана тууралык даңазаланган. Бул тууралуу Алла Таала Куранда минтип айткан: “Чынында, элчилерибизди ачык аяндар менен жибердик. Адамдар адилеттүүлүктөн тайып кетпөөсү үчүн алар менен бирге Китеп жана таразаны (адилеттүүлүктү) түшүрдүк”.

7. Бул китептердин баары көп ибадат кылууга чакырган. Ибадаттардын аткарылуу тартиби башкача болгону менен түрлөрү окшош эле болгон. Куранда бул туурасында: “Ага Исхакты жана кошумча кылып Якубду бердик. Алардын баарын таза-такыбалардан кылдык. Аларды Биздин буйругубуз боюнча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык, жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз окуп, зекет берүүгө жашыруун аян бердик. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту”, – деп айтылган.

Исмаил пайгамбардын ибадаты тууралуу: “Ал (Исмаил) өз элине намаз окууну, зекет берүүнү буйруган жана Роббисинин мээримине татыган”, – деп айтылган.

Муса пайгамбардын ибадаты тууралуу: “Ал (Муса) отко жеткен кезде: “Эй, Муса!” деген үн чыкты. “Чынында Мен сенин Роббиңмин. Бут кийимиңди чеч. Анткени, сен касиеттүү Тува өрөөнүндөсүң. (Мен) Сени тандадым. Эми, түшүрүлүүчү аяндарды тыңда. Чынында, Мен, Алламын, Менден башка кудай жок. Ошондуктан Мага сыйын. Мени Эстөө үчүн намазды толук аткар”, – деп айтылган.

Иса пайгамбардын ибадаты тууралуу: “Ал (Иса): “Акыйкатта мен Алланын пендесимин. Ал мага китеп берди жана мени пайгамбар кылды. Ал мен кайда болбоюн мага кут берди. Тирүү турганымда мага намаз окууга жана зекет берүүгө буйруду”, – деп айтылган.

Куранда намаз сыяктуу эле орозо жана ажы ибадаттарынын да мурдагы китептерде болгонудугу айтылган. Мисалы, Алла Таала: “Оо, ыймандуулар! Силерден мурдакыларга парз кылынгандай эле силерге да орозо парз кылынды”, – деп айткан.

Ажылык тууралуу Ибрахим пайгамбарга кайрылып: “Адамдарды ажы кылууга чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөгө минип алыс жолдордон келишет”, – деп айткан.

8. Бардык китептерде Аллага, пайгамбарларга, өлүп тирилүүгө, Кыяматтын болуусуна ишенүү сыяктуу ишеним-акыйда маселелери окшош болгон.

Асман китептеринин айырмасы:

Асман китептери кээ бир шарият маселелеринде гана айырмаланат. Анткени, Алла Таала ар бир китепти ошол коомдун жашаган жерин жана заманын эске алып, ошого жараша коомго шарият түшүргөн. Бирок, шарият маселелери да такыр өзгөрүп кеткен эмес. Болгону, бири-бирин толуктап турган. Төмөндө бирин-серин мисалдарга токтолобуз:

а) Якуб пайгамбардын заманында бир тууган эже-сиңдилердин экөөсүн тең бир эле убакта никелеп алууга шариятта мүмкүн болгон. Кийин Тооратта мындай кылууга тыюу салынып, арам эсептелген.

б) Муса пайгамбар келгенге чейин “Бану Исраил” коомунда адамдар аралаш жана жылаңач жууна беришчү. Кийин авретти кароо арам кылынды.

в) Орозо кармаган адам кечинде ооз ачкан соң уктабаса таң атканга чейин ичүү, тамактануу, аялы менен жакындык кылуу адал болгон. Эгерде таңга чейин уктап калса булардын баары арам болуп калган. Кийин Алла Таала бул шариятты жеңилдетип уктаса-уктабаса таңга чейин адал кылды. Куранда: “Силерге орозо түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер”, – деп айтылган.

г) “Бану Исраилге” арам кылынган нерселердин көбү Иса пайгамбардын келүүсү менен адал кылынган. Бул туурасында Куранда: “… жана биз жөөттөргө бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын залым кылганы үчүн Биздин жазабыз. Чынында, Биз – Акыйкатчылбыз”, – деп айтылган.

Асман китептеринин азыркы убактагы нускаларына ишенүү:

Азыркы учурдагы асман китептерин, Курандан башкасын, толук бойдон Алладан түшкөн деп ишенбейбиз. Анткени, адамдар пайгамбарлары өтүп кеткенден кийин бул китептерди каалагандай алымча-кошумча кылып өзгөртүп жиберишкен. Ошондуктан биз бул китептердин пайгамбарларга түшкөн түп нускасын толук Алланын сөзү деп ишенебиз. Ал эми азыркы китептерди толук Алланын сөзү деп айтпайбыз. Бул китептердин өзгөртүлүүсүнө биринчи кезекте адамдардын динден алыстап, дүнүйөгө кызыгуусу себеп болгон. Айрыкча падышалар жана дин кызматкерлери элди оңой башкаруу жана жеңил жол менен дүнүйө топтоо үчүн китепти өзгөртүшкөн. Бул тууралуу Куранда минтип айтылган: “Арзыбаган акчага сатуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: “Бул Алладан келген” – дегендерге азап болсун. Аларга колдору менен жазганы үчүн азап болсун. Аларга кылган кесиптери үчүн азап болсун!” – деп айтылган.

Китептердин өзгөрүүсүнүн дагы бир себеби дин душмандарынын чындыкты жашыргандыгынан улам болгон. Алар китептеги кийинки пайгамбарлар тууралуу айтылган сөздөрдү жана өздөрүнүн каалоо-напсисине туура келбеген эреже-тартиптерди жашырып, китептен алып салышкан. Булар тууралуу Куранда минтип айтылган: “Алар: “Алла бир да кишиге эч нерсе түшүргөн эмес”, – деп сүйлөгөндөр, Алланы таануу чегинде тааный албагандар. Адамдарга нур жана туура жолго баштоочу болгон, Мусага келген китепти ким түшүрдү эле? Силер аны барактарга жазасыңар да, анын кээ бир бөлүгүн (гана) жарыя кылып, көбүн жашырасыңар”.

Ушундай өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Тоорат менен Инжилдердин саны үч жүздөн ашып кеткен. Бири-бирине карама-каршы келген бул китептерди падыша Константин “Константинополь” шаарында топтоп, дин кызматкерлердин катышуусу менен жок кылган. Натыйжада, бүгүнкү күндө колдонулуп жүргөн Библия китеби сакталып калган. Библия – китептердин топтому деген маанини билдирет. Ал “Эски осуят” жана “Жаңы осуят” деп аталган эки бөлүктөн турат. Библиянын ичинде Павелдин, Марктын, Иоандын, Луктун жазган китептери жана апостолдордун каттары да киргизилген. Ушул төрт китепте дагы бири-бирине каршы келген сөздөр көп. А түгүл, бир эле китептеги бир стих экинчи стихке карама-каршы келген учурлары абдан көп кездешет. Ошондуктан, бул китептер адамдар тарабынан өтө көп өзгөртүүлөргө дуушар болгонун дароо эле билүүгө болот.

Куранга ишенүү:

Куран – бул Алла Тааланынын сөзү. Аны Жебирейил пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) окуп берген. Алла Таала: «Чынында, ал ааламдардын Ээсинин түшүрүүсү. Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил) алып түштү. Эскертүүчүлөрдөн болушуң үчүн сенин жүрөгүңө жайгаштырды», – деген.

Куран асман китептеринин акыркысы. Ошондуктан аны Кыямат күнүнө чейин Алла Таала Өзү сактоого убада берген. Алла Таала: «Чынында, Зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана Биз аны сактайбыз», – деп айткан. Курандын түшүүсү менен андан мурдагы китептер күчүн жоготкон. Анткени, Куран аларды толуктап, тастыктоо менен бирге эң акыркы өкүмдөрдү алып келген. Бул тууралуу Алла Таала минтип айткан: «Сага өзүнөн мурдагы китептин чындыгын ырастоочу жана сактоочу китепти чындык менен түшүрдүк».

Ошондой эле дагы бир аятта: «Айткын: «Мага бул Куран силерге жана (Куран) кимге жетсе (ошолорго) эскертүү үчүн аян берилди», – деп айтылган.

Куран окуунун жана анда айтылгандарды иш жүзүнө ашыруунун артыкчылыктары жана пайдалары:

1. Куран, аны окуган адам үчүн бул дүйнөдө да, акыретте да нур болот. Кайс бин Саъддын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куран – бул нур», – деп айткан.

Абу Заррдын (ага Алла ыраазы болсун) айтымындагы хадисте, ал пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип:

– Оо, Алланын элчиси, мага насаат айтчы, – деп суранды.

– Аллага такыба болгун, – деди пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

– Дагы кошумча кылчы, – деп суранды тиги.

– Куранды көп окугун, ал сага жер бетинде нур, асманда далил болот, – деп кошумчалады пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

Сахл бин Муъаздын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ким Куран окуса жана анда айтылгандарга амал кылса, Кыяматта анын ата-энесине таажы кийгизилет. Таажынын нуру бул дүйнөдө үйдүн терезесинен түшүп турган күндүн нурунан да жарык болот. Эгер ата-энесине ушундай сый көрсөтүлсө, анда анын өзүнө кандай болот деп ойлойсуңар?» аткарган адамга кандай күмөн кыласыңар».

2. Куран рухий жана дене-баштын ооруларына шыпаа болот. Али бин Абуталибдин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куран – бул айыктыруучу даба», – деп айткан.

3. Куранды такай окуп жүргөн адам жакырлыкка туш болбойт. Абу Умаманын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чынында, Куран – байлык. Анын артынан кедейлик болбойт жана андан өткөн байлык да табылбайт», – деп айткан.

4. Куранды окугандар жана башкаларга үйрөткөндөр адамдардын пайдалуусу болуп эсептелет. Усман бин Аффандын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силердин жакшыңар – Куранды үйрөнүп, анан башкаларга үйрөткөндөр», – деген.

Ибн Аббастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Жүрөгүндө Куран аяты жок адам – кулап калган үй сыяктуу», – деп айткан.

Абу Мусанын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Куран окуган ыймандуу адам жыпар жыты жана таттуу ширеси бар цитрус жемишине окшош. Куран окубаган ыймандуу адам таттуу, бирок жыты жок курмага окшош. Куран окуган мунафык жыты жагымдуу, бирок даамы ачуу «Райхан» сыяктуу. Куран окубаган мунафык болсо жыты да жок, даамы да ачуу «Ханзалага» окшош».

5. Куран окуган адамдын жүрөгүнө Алла Таала бейпилдик салат. Албара бин Азибдин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында: Бир адам «Кахф» сүрөсүн окуп отурган. Жанында аты тушалып турган болчу. Бир убакта анын үстүнө булут пайда болду да, атына жакындай баштады. Аты андан үркүп, секирип кетти. Эртеси болгон окуяны пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты эле, ал: «Ал сен Куран окуганыңда түшүрүлгөн бейпилдик (сакина) болчу», – деп айтты.

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Адамдар Алланын үйүнө чогулуп, Куран окуп, аны бири-бирине окуп берген убакта аларга Алланын бейпилдиги түшүп, ороп алат. Ошондой эле периштелер да аларды курчап турат. Алла Таала мындай адамдарды периштелердин жыйынында сөз кылып, мактайт».

6. Куран окуган адам ар бир тамгасы үчүн сооп-сыйга ээ болот. Ибн Масъуддун (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким Курандан бир тамга окуса, ага бир же он сооп берилет. Мен «Алиф-лаам-миим» бир тамга деп айтпаймын. «Алиф» бир тамга, «Лаам» бир тамга, «Миим» бир тамга».

Айша энебиздин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким Куранды чеберлик менен окуй алса, (Кыяматта) периштелер менен бирге болот. Ал эми, ким Куранды кыйналып окуса, ага эки сооп берилет», – деп айткан.

Аус бин Абу Авсиндин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мусхафты карабай окуган адам миң сооп алса, аны карап окуган адам эки миң сооп алат», – деген.

7. Куран окуган адамга Кыямат күнү Кураны колдоо көрсөтөт. Абу Умаманын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куранды көп окугула, анткени, ал аны окуган адамга Кыямат күнү колдоо көрсөтөт», – деп айткан.

Наввас бин Самъандын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Кыямат күнү Куранды окуп, андагыларды иш жүзүндө аткарган адамды алып келишет, ошондо анын жанына «Бакара» жана «Аалу Имран» сүрөлөрү келип, окуп, амал кылган пенделердин тарабын талашат».

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Кыямат күнү Куран келип: «Оо, Роббим. Куран окуган адамды сыйлагын», – деп айтат. Куран окуган адамдын башына таажы кийгизилет. «Оо, Роббим, дагы кошкун», – дейт Куран. Ага кооз кийим кийгизилет. «Оо, Роббим, эми ага ыраазы болгун», – дейт Куран. Алла ага ыраазы болот жана: «Куранды окуй бер, ар бир окуган тамгаң үчүн жакшылык аласың» деп айтылат».

Абдулла бин Умардын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Орозо менен Куран Кыяматта пендеге колдоо көрсөтөт. «Мен аны ичип-жегенден жана кумар каалоосунан тыйганмын», – дейт орозо. «Мен аны түн уйкусунан калтырганмын», – дейт Куран».

Жабирдин (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куран – чыныгы колдоо көрсөтүүчү. Ким аны алдына коюп, жол башчы кылса, ал аны бейишке баштап барат. Ким аны артына калтырса, ал аны тозокко тартып кетет», – деп айткан.

8. Куранды көп окуган адамдын ата-энесинин даражасы бийик болот. Абдулла бин Бурайданын атасынын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ким Куранды үйрөнсө, аны окуса жана ага амал кылса, Кыяматта анын башына нуру күндүн нурунан да жарык таажы коюлат. Ата-энесине кооз кийим кийгизилет. Алар: “Бул кайсы амалыбыздын сыйы?» – деп таң калып сурашат. Аларга: «Бул, балаңардын Куранды окугандыгы үчүн берилген сый», – деп айтылат».

9. Куранды көп окуган адамдын бул дүйнөдө да, бейиште да даражасы бийик болот. Ибн Аббастын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Үммөтүмдүн кадыр-барктуулары – Куран окуучулар жана түндө намазга туруучулар», – деп айткан.

Абдулла бин Амр бин Аъстын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куранды көп окуган адамга кыяматта: “Куранды дүйнө жашоосунда окуганыңдай кооз жана туура окуп, жогорулай бер. Акыркы аятты окуп токтогон жериң сенин түбөлүк кала турган жайың болот» деп айтылат», – деген.

Умардын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чынында, Алла Таала бул Китеп менен бир коомдун баркын көтөрсө, бир коомдун баркын түшүрөт», – деп айткан.

10. Куран окуп, андагыларга амал кылган адамдарды Алла Таала азаптабайт. Абу Умаманын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Куран окугула! Чынында, Алла Таала жүрөгүндө Кураны бар адамды азаптабайт», – деген.