(үзүндү)
ИЛИМИЙ ӨНҮГҮҮ
Курандын түшүүсү менен Исламдын доору башталды. Алланын Өзүнүн элчисине түшүргөн биринчи аяттар билим жана жазуу туурасында насыят эле. Жараткан Алла айтты: «Оку! Жараткан Роббиңдин аты менен, инсанды Ал уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Роббиң абдан айкөл – Ызааттуу. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн. (Ал) инсанга анын билбеген нерселерин үйрөткөн». (Алак сүрөсү: 1-5-аяттар). Ал учурда арабдар маданият борборунда билим жаатында түркөйлүгү, сабатсыздыгы, ырым-жырымдар жана жомоктору менен белгилүү болгон.
Мадинада Алланын элчиси (Ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) элдерди билимге жана окууга жигердүү үндөгөн. Акыйкатта, анын чакырыгы Мадина калкына жана илимий өнүгүүгө өтө чоң таасирин тийгизген. Пайгамбар (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) уюштурган чогулуштун баары илимге арналган.
Сахабалар Жараткан Алланын: «Эй, ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле” – делинсе орун бергиле , Алла силерге Бейиштен (орун) берет. А качан: “Тургула!” – деп айтылса, тургула! Алла силерди араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар», – деген сөзүн дайыма окушкан. (Мужадала сүрөсү: 11-аят).
Имам Бухари өзүнүн «Илимдер китеби» деп атаган жыйнагында, илимге тиешелүү болгон хадистерди жана Жараткан Алланын сөздөрүн 53 главада келтирген. Мисалы, Алланын сөзү: «Ал – (Аллага) моюн сунуп, түн ичинде сажда кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акыреттен коркуп, Роббисинин ырайымынан үмүт кылган адам сыяктуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммад!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». (Аз-Зумар сүрөсү: 9-аят) же Жараткан Алланын сөзү: «Алар сенден рух жөнүндө сурашат. “Рух Роббиме таандык иштерден. Силерге азыраак гана илим берилген”, – деп айт. (Исра сүрөсү: 85-аят) же «Адамдардан, курт-кумурскалардан жана ири жандыктардан түрдүү түстөгүлөрү да ушундай эле (бир мисал эмес бекен?) Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Алладан коркушат. Ырасында, Алла – Ызаттуу, Кечиримдүү!» (Фатир сүрөсү: 28-аят).
Пайгамбар (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!): «Эки нерседе гана кызганыч болот. Жараткан Алла адамга байлык берип, ал адам аны туура сарптаса жана Жараткан Алла бир адамга акылмандык берип, ал аны колдонууну билип, башкаларды ага үйрөтсө», – деп айтты. Буга кошумча Аллатын элчиси (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) билим алып жаткандарды башка адамдарга дагы илим үйрөтүүнүн буйруган. Мисалы Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) Абдуль Кайс уруусунун элчилигине өз элин өздөрү үйрөтүүсүнө кызыктырган жана аларга: «Үй-бүлөңөргө кайткыла жана аларга үйрөткүлө!», – деп айткан.
Мадинада эң биринчи эле кат таануу, мектептерде окуу, жазууну үйрөнүү сыяктуу билим тармагы жөөттөрдүн колунда топтолгон. Алар иврит жана араб тилин жазууну билишкен. Жөөттөрдүн колунан жазууну жана окууну кээ бир Аус жана Хазраж урууларынын өкүлдөрү үйрөнгөн.
Хижрат кыла электен мурда эле мусулмандар кат жазуунун баалуулугун билишти. Бул нерсеге түрткүү болгон: Фатима бинт Хаттаб (Умардын карындашы) өзүнүн күйөсү Саид ибн Зайд жана Хаббаб ибн Аарат менен чогуу алдыларында жаткан кагаздан Таха сүрөсүн окуп жатканда, кокус Умар ибн Хаттаб кирип келип, алардын исламды кабыл алганына күбө болгон окуя болгон. Мындан сырткары, Ибада ибн Самит Ахль Суффага окуу жана жазууну үйрөткөн.
Бадр согушунан кийин туткунга түшкөн мушриктердин арасында окууну жана жазууну жакшы билгендер бар эле. Алар туткундуктан бошонуу үчүн акчалары жок болгондуктан, Алланын элчиси (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) бул учурда мындай чечим чыгарды: эгер ар бири Мадинадагы 10 жаш баланы окууну жана жазууну үйрөтсө туткундуктан бошотулуп, эркиндик берилет. Ушул келишимдин негизинде жазууну жана окууну ансарлардан болгон бир топ жаш балдар тобу үйрөндү.
Пайгамбардын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) доорунда эле башталган Куран менен хадистерди жазууну каалоо, балким Мадина тургундарынын көпчүлүгү кат жазууну мыкты билгендердин эң биринчилеринен болгону үчүн болушу мүмкүн. Бул нерсе Пайгамбардын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) катчыларына да тиешелүү, анткени алар ага бүткүл элдин башчыларына жана падышаларына кат жазууга жардам беришкен. Алардын саны кийин 60 адамга чейин жеткен.
Адамдардын жана башка дин өкүлдөрүнүн укугун сактоонун маанилүүлүгү, келишим түзүү жана макулдашуунун зарылдыгы өнүгүүнүн жана жазуунун жайылуусуна дем болду. Буга Курандагы эң узун аят көрсөтмө боло алат. Ал «милдет жөнүндө аят» деген аталыш менен дагы белгилүү: «Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Алланын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын». (Бакара сүрөсү: 282-аят).
Белгилүү болгондой эле, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) учурунда кээ бир аялдар дагы жазууну мыкты билишкен жана башка аялдарга аны үйрөтүшкөн. Балким ал нерсе Алланын элчисинин насыяты болсо керек, анткени Алланын элчиси исламды кабыл алып, башка мусулмандар менен чогуу Мадинага көчүп келген Курайш тукумунан Бану Адди уруусунан Шифа бинт Абдуллага: «Хафсага жарадан арылта турган дарыңды, ага жазууну үйрөткөндөй үйрөтүп кой» – деп айткан хадиси далил. Мындан сырткары, башка мугалим айымдар болгон. Алар Пайгамбардын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) доорунда Мадина шаарында көптөгөн адамдарга окууну жана жазууну үйрөтүшкөн. Ыйык Куранда жана Пайгамбардын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) сүннөтүндө илим-билимге үндөөлөр бир гана эркектерге эмес, аялдарга дагы тиешелүү экенин анык билебиз. Билимге чакыруу жынысына, жашына жана социалдык абалына карабастан, мусулман коомунун бардык адамдарына тиешелүү болгон. Балким Мадинага Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) көчүп бара электен мурда катчылардын саны жана алардын кийинки 4 жылдан бери санынын көбөйүшү, бизге Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) көчүп баргандан кийинки кылган таасиринен улам жазуунун өнүгүүсүнүн масштабын туура түшүнүүнү берет. Чынында, катчылардын саны 3 же 4 эсе өстү.
Ошону менен биргеликте биз жогоруда айтып кеткендей, Пайгамбардын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун!) сабатсыздыгы, Жараткан Алла берген керемет жана феномен болгон: «Сен ага чейин эч кандай китепти окуган жоксуң жана аны өз колуң менен жазган да эмессиң. Эгер антпегенде муну болбогон нерсе деп жаткандар (катуу) шектенишмек». (Анкабут сүрөсү: 48-аят)