Өчпөс өмүр (үзүндү)

ХУДАЙБИЯ КЕЛИШИМИ

Хижранын алтынчы жылы башталды. Бир канча жолу жеңилүү ызасын тарткан Курайштар мусулмандарга анчалык душмандык кыла албай калышты. Мадинанын айланасындагы уруулар болсо, мусулмандарга душмандык кылуудан пайда чыкпасына көзү жетип, өз оокаттары менен алек болушту. Мадина тынчтыкка бөлөнүп, шаарды бейпилдик курчады. Бирок, бул пайгамбар милдетин аткарып койду деген сөз эмес эле. Пайгамбарлыктын негизги милдети жер бетин тарбиялоо болчу. Ошондуктан, мусулмандар намаз окуп, орозо кармап, Мадинада камалып жата берүүгө болбойт эле. Сыртка чыгуу үчүн баягы эле согушка кайрылууга туура келет. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) алдында эки жол турду. Биринчиси, Курайштар менен кайра согушуу. Экинчиси, тынчтык жолу менен аларды колго алуу. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) тынчтык жолун тандап алды. Сахабалар Курайштардан көргөн азаптарын али унута элек болушса дагы, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) тандоосуна макул болушту. Анткени, алар өч алуучулар эмес, дин таратуучулар экенин жакшы билишет эле. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Алла Тааланын түшүндө берген аяны боюнча Меккеге умра кылуу үчүн барышарын жарыя кылды. Умрага баруу үчүн арам айларын тандап алышты. Умрага баруучу сахабалардын саны бир миң төрт жүз болду. Алар алты жыл мурун кеткен ата-мекендерин бир көрүүнү самап, сагыныч кусалыгы ашып-ташкан мухажирлер, ошондой эле көптөн бери Каабаны зыярат кыла албай арманда жүргөн ансарлар эле. Согушуу үчүн эмес, тынчтык үчүн бара жаткан сахабалар куралсыз аттанып, андан сырткары курбандык чалуучу төөлөрүн да айдап алышты. Ушунун баары алардын тынчтыкты каалап, бара жатканынан кабар берип турду. Ал эми Курайштар дин иштерин жогору баалашат эле. Каабаны зыярат кылуу үчүн келген адамдарды киргизбей коюу алардын аброюна шек келтирүүсү мүмкүн. Курайштардын алдында үч жол турду. Биринчи, мусулмандарды Меккеге киргизбей коюу. Эгер Курайштар мусулмандарды киргизбей койсо, башка уруулардын алдында аброю түшөт. Анткени, буга чейин Каабаны зыярат кылуудун тосот деген түшүнүк болгон эмес. Экинчиси, аларды Меккеге киргизүү. Эгер мусулмандарды киргизип жиберсе, башка уруулар булардын ортосундагы согуш бүтүптүр деп ойлоп калуусу мүмкүн. Анда, бул дагы мусулмандардын пайдасына чечилип калмак. Үчүнчүсү, киргизүүдөн баш тартып, бирок келишимге макул болуу. Мындай кылганда да мусулмандар бир ийгиликке жетип калуусу толук мүмкүн эле. Ушундай жарга такалган Курайштар, өз ара сүйлөшүп, бул үч жолдон башка айланы колдонмок болушту. Алар, Халид бин Валиддин башчылыгында эки жүз атчан аскерин мусулмандардын алдынан тосуп чыгуу үчүн жөнөттү. Аларды Меккеге жакындатпай тосуп чыгуу менен башка урууларга мусулмандар согушуу үчүн келди деп доомат кылууга болот эле. Бирок Курайштардын бул айлакерлиги ишке ашпай калды. Курайштардын аскерлери тосуп келе жатат деген кабарды уккан Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) сахабалары менен кеңешип, аларга жолукпастан өтүп кете турган башка жол менен сапарын улады. Албетте, бул жолду басып өтүү абдан оор болчу. Бирок, динди жайылтуу үчүн азыр тынчтыкты сактоо зарыл. Тоо аркылуу өткөн бул жолдогу кудуктар кумга толуп, суу чыкпай калган экен. Сахабалар суусап кыйналганынан Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) арыздана башташты. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) жаанын жебесин берип, аны менен кудук оозун тазалоону буйруду. Кичинекей жебе менен кудук оозун тазалай башташты. Бир убакта Алланын каалоосу менен кудуктан суу чыгып, сахабалардын баарына жетти. Ушул жерге өргүгөн Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Курайштарга дагы бир жолу келген максатын түшүндүрүү үчүн Хараш бин Умая деген сахабаны жөнөттү. Курайштар аны элчи катары кабыл албастан, төөсүн союп, өзүн уруп кайра жөнөтүштү. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Хуза уруусунун кадыр-барктуу адамы Будайл бин Варака баш болгон бир канча адамдарды элчиликке жөнөттү. Бул убакта Будайл мусулман боло элек болчу. Бирок мусулмандар менен жакшы мамиледе болгондуктан, алардын келген максатын Курайштарга жеткирүүгө макул болду. Мусулмандар курбандыктарын алып, Каабаны зыярат кылуу үчүн келгендигин дагы бир жолу айтып келишкен бул элчилерге да Курайштар ишенишкен жок. Алар мусулмандардын кандай максат менен келгенин дагы бир жолу текшерүү үчүн эми өздөрү элчи жөнөттү. Элчиликти Урва бин Масъуд жетектеп барды. Ал Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) менен сүйлөшүүдө адепсиздик менен мамиле кылганына карабастан, Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ага келген максаттарын толук айтып берди. Бир убакта Урва Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун):

– Сен өзүң Меккеликсиң. Эгер согуш менен Меккенин элин кырсаң, өз элиңди кырган болосуң. Ал эми согуштан жеңилип калсаң, айланаңда жүргөндөр сени таштап кетип жалгыз каласың, – деди. Ал ушул сөздөрдү айтып жатканда Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) сакалынан кармап алган болчу. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) жанында турган Мугира анын бул кылыгына чыдабай кетип, кылычын көтөрө калды. Бирок, Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ишарасы менен өзүн токтотуп:

– Экинчи жолу бул кылыгыңды кайталасаң, колуң денеңден ажырап калат, – деп ачууланды.

Урва Курайштарга кайтып келип, мусулмандардын согуш үчүн келбегенин айтты.

– Мен көптөгөн падышалыктарды көргөнмүн. Бирок, жолдоштору Мухаммадды сыйлагандай падышасын сыйлаган бир дагы элди көргөн эмесмин, – деп кошумчалады. Анын сөзүн уккан Курайштар мусулмандардын келген максатын билип турушса да, аларды Меккеге киргизгилери келбеди.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) дагы бир жолу элчи жиберүүнү чечти. Элчиликке Умардын баруусун айтты эле, ал: “Оо, Алланын элчиси. Менин Курайштарга болгон душмандыгымды алар жакшы билишет. Анын үстүнө мага кепил болуп тосуп ала турган уруулаш туугандарым да жок. Сиз макул десеңиз, Усман барсын, анын туугандары ошол жерде”, – деди. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ага макул болуп, элчиликке Усман бин Авфанды жөнөттү. Аны тууганы Абан бин Саъид тосуп алып, Меккеге алып кирди. Ал Курайштарга мусулмандардын келген максаттарын айтты. Курайштар: «Сен кааласаң Каабаны зыярат кыла бергин, бирок башкаларды киргизбейбиз», – дешти. “Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) зыярат кылбаса, мен дагы зыярат кылбаймын. Биз бир максат менен келгенбиз”, – деп, Усман алардын сунушунан баш тартты. Усман Меккеде бир аз кармалып калды. Ушул убакта Курайштар Усманды өлтүрүп коюшту деген сөз мусулмандардын арасында жайылып кетти. Бул кабар чын болсо, анда Курайштардын чектен чыгып кеткен амалы болот эле. Анткени, арабдарда эч качан элчиге кол көтөргөн эмес. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) сахабалардын баарын топтоп, бир дарактын түбүнө туруп, алар менен келишим кылды. Келишимде “эгер Усмандын өлтүрүлгөнү чын болсо, кашык каныбыз калганча Курайштар менен согушабыз” деп ант беришти. Антты эң биринчи Абдулла бин Вахб баштады. Анын артынан мусулмандардын баары аялдар да, эркектер да ант берип чыгышты. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) оң колун көтөрүп:

– Бул Усмандын колу, – деди. Андан кийин сол колу менен оң колун чаап:

– Бул Усман үчүн, – деди да:

– Силер жер бетиндеги эң жакшы адамдарсыңар. Алла кааласа, дарактын түбүндө ант берген адамдардын бири да тозокко кирбейт, – деп сөзүн улады. Мындан көп өтпөстөн Усман келип калды. Анын келүүсү мусулмандар үчүн кубанычтуу болду. Бирок, ал жакшы кабар алып келбеди. Курайштар мусулмандардын Меккеге кирүүсүнө дагы эле уруксат беришкен жок. Анын артынан Курайштар өздөрү элчи жиберишти. Элчиликке Сухайл бин Амр келди. Курайштардын эң биринчи сунушунда, мусулмандар бул жылы Меккеге кирбестен кайра кетишсин деп айтылган болчу. Бул сунуш мусулмандарга катуу тийди. Ушунчалык аралыктан, атайын даярдык менен келип, анан Каабаны зыярат кылбастан кетүү алар үчүн кыйын болду. Бир канча жолу талкуулашып, акырында Курайштардын сунушун кабыл кылып, келишим түзүшмөй болушту. Келишимдин шарттары белгиленгенден кийин аны Али жаза баштады. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ага:

– Бисмил-Лаахир-Рохмаанир-Рохиим деп жазгын, – деди. Анын сөзүнө Сухайл каршы чыкты:

– Аррохманир-Рохиим дегенди биз билбейбиз, – деди ал.

– Бисмика Аллахумма (Аллахым, Сенин атың менен) деп баштасак жакшы болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ага макул болду. Андан ары:

– Бул Алланын элчиси Мухаммаддын тынчтык келишими деп жазгын, – деди. Сухайл буга да каршы чыкты.

– Биз сенин элчи экениңе ишенсек ушинтип келишим жазып жүрмөк белек, – деди ал. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Алиге:

– Аны өчүрүп сал, – деди.

– Аны өчүрүүгө колум барбайт, – деп өчүрүүдөн Али баш тартты. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) аны өз колу менен өчүрүп, анан:

– Анын ордуна Абдулланын уулу Мухаммад деп жазып койгун, – деди. Ушундай талаш-тартыш менен акыры келишим жазылып бүттү. Келишимдин негизги шарттары:

1) Он жылга чейин согуш токтотулат;

2) Башка уруулар кимге кошулууну кааласа, ошого кошулат. Аларга тоскоолдук кылууга болбойт;

3) Мусулмандар бул жылы Каабаны зыярат кылбастан, кийинки жылы куралсыз келип, үч күн зыярат кылып кетишет;

4) Меккедеги мусулмандарды Мадинага алып кетишпейт. Эгер мадиналык мусулмандар Меккеде калууну кааласа калышат.

5) Мадинага меккелик мусулмандардан же мушриктерден барса, аны кайтарып беришет. Эгер Мадинадан Меккеге келишсе, аны кайтарышпайт.

Ушундай шарттарды камтыган келишимдин түзүлүүсүнө мусулмандар нааразы болуп калышса да, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ага макул болуп, келишим аягына чыкты. Келишимдин сыясы кургай электе эле, Курайш башчыларынын бири Сухайлдын баласы Абу Жандал мусулмандардын жанына келип калды. Ал Исламды кабыл алгандан бери Курайштар аны азаптап жүрүшкөн болчу. Мусулмандардын жакын жерге келишкенин угуп, азаптан кутулам го деген үмүт менен качып келген Абу Жандалды атасы колунан кармап Пайгамбарыбызга (Ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) алып келди.

– Мынакей, келишимди аткаруучу убакыт келди, – деди ал Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) баласын кайтарып берүүсүн талап кылып. Абу Жандал мушриктерден көргөн азаптарын айтып, аны кайра кайтарып бербөөсүн суранып жалдырады. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун): “Оо, Абу Жандал, сабыр кылгын. Алла Таала сага жана сага окшогондорго кутулуу жолун ачат. Биз келишим түзүп койгонбуз, аны бузуу бизге жарашпайт”, – деп анын көңүлүн тынчытты. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бул ишине Умар чыдабай кетти. Ал Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) карап:

– Сен Алланын пайгамбары эмессиңби? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун):

– Ооба, мен Алланын пайгамбарымын, – деди.

– Биз туура жолдо эмеспизби? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун):

– Ооба, биз туура жолдобуз, – деди.

– Анда эмне үчүн биз өзүбүздүн динибизде кор болобуз? – деп келишимге Умар нааразы экендигин билдирди.

– Мен Алланын пайгамбарымын. Ал мага жардам берүүчү жана мен Ага баш ийемин, – деди Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун).

– Бизге Каабаны зыярат кылабыз деп айткан элең? – Умар дагы эле нааразы оюнан кайтпады.

– Мен ошентип айткан болчумун. Азыр дагы айтамын, эмки жылы Каабаны зыярат кылабыз, – деди Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун). Умар ушул эле сөздөрүн Абу Бакрга да айтты.

– Ал Алланын элчиси. Алланын айтканын гана кылат, – деди Абу Бакр Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) жасаганына макул болуп. Ошентип келишимдин бир шарты аткарылып, Абу Жандал кайра Меккеге кетти.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) сахабаларга ушул жерде курмандыктарын чалууну жана чачтарын алдырууну сунуш кылды. Сахабалар эмнегедир буларды аткарууга көңүлсүнүшкөн жок. Алар Каабаны зыярат кылып, курмандыктарын ошол жерде чалууну каалап тургандыктарын жашырышкан жок. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) аялы Умму Саламанын чатырына кирип, ага болгон окуяны айтты.

– Курмандык чалууну өзүң баштай бербейсиңби? – деди Умму Салама. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) анын айтканын аткарып курмандыгын чала баштаганда, анын артынан баары курмандык чалышты. Бир миң төрт жүз сахаба, жетимиш төөнү курмандык кылышты. Мындан кийин Худайбияда дагы үч күн турган мусулмандар Мадинага карай жол тартышты. Жолдо келе жатканда, Алла Таала «Фатх» сүрөсүн түшүрдү. Бул сүрөнүн түшүүсү мусулмандар үчүн чоң кубаныч болду. Анткени, алар Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Курайш менен түзгөн келишимине ыраазы эмес болчу. Келишим мусулмандардын зыянына чечилгендей көрүнгөнү менен анын негизинде мусулмандардын жеңишине жол ачылганын алар сезген эмес.

Арадан аз эле убакыт өткөндө Абу Басир аттуу бир адам Исламды кабыл кылып, Меккеден Мадинага качып келет. Курайштар анын артынан эки адамды жиберет. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) келишимдин шарты боюнча аны кайтарып берет. Жолдо бара жатып, Абу Басир аларды өлтүрүп, деңиз жээгине жакын бир жерге жайгашып алат. Кийинчерээк Меккедеги мусулмандар анын жанына көчүп келе беришет. Алардын арасында Абу Жандал да бар эле. Жалпы көчүп келгендердин саны жетимишке жетип калган мезгилде, алар Курайштардын Шамга бара жаткан кербендерин тосуп тоноп кетишет. Келишимде Мадинага келгендерди гана кайтарып берүү каралган. Ал эми башка жактагы мусулмандардын эмне иш кылып жатканына Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) тиешеси жок болчу. Курайштар эми келишимдерин бузууга аргасыз болушат. Анткени, аларга ашыкча душмандын кереги жок эле. Мусулмандарды Меккеден чыгарбай кармоо мүмкүн эмес экенине көзү жеткен Курайштар, мусулмандар каалаган учурда Мадинага кете беришсин деп келишимди өзгөртүштү. Келишимдин ушул бөлүгүнө Умар каршы болгон эле. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) Умарга кат берип, аны Абу Басирге алып баруусун буйруйт. Катта Абу Басирди Мадинага келгин деп жазылган болчу. Умар катты алып барганда бир адамды жерге коюп жатышкан болот. Бул адам Абу Басир эле. Умар Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) буйругун орундата албай калганына өкүнүп, катты анын көкүрөгүнө коюп, ага топурак салат да артка кайтат.

Үлгү: Алла Таала динди Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) аманат кылып берди. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) максаты, жер бетине дин таратуу эле. Ошондуктан, качан Мадинада тынчтык орноп, мусулмандарга эч ким тоскоол болбой калган мезгилде да Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) жөн жатып алган жок. Мындан, Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) ар бир үммөтү сабак алып, Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бизге таштап кеткен аманатты сактоодо жатып албастан аракет кылуубуз зарыл.

Ислам баш ийүүнү талап кылган дин. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) сахабаларын умра кылууга буюрду. Алар макул болушту. Андан кийин аларды согушууга буюрду, алар дагы макул болушту. Бул окуядан мусулмандар башчысына баш ийүүнү үйрөнүүсү керек.

Пайгамбарыбызга (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) дароо баш ийип, аны менен дарак алдында келишим кылышкан сахабаларга Алла Таала ыраазы болду. Ошол себептен бул келишим тарыхта «Ыраазылык келишими» деп аталып калды. Алла Таала бул келишим жөнүндө Куранда: «Алла, алар дарактын түбүндө туруп ант беришкенде, аларга чындап ыраазы болгон. Ал алардын жүрөгүндө эмне бар экенин билген, аларга (жүрөктөргө) тынчтык салды жана аларды жакынкы жеңиш менен сыйлады», – деп айткан. (Фатх, 18-аят)

Курайш каапырлары менен түзүлгөн «Худайбия келишими» мусулмандарга каршы түзүлгөн сыяктуу сезилген. Бирок, алысты көрө билген Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бул келишимдин артындагы пайдаларын эске алып, ага макул болгон болчу. Келишимдин мусулмандар үчүн бир канча пайдасы бар эле:

1) Келишимдин түзүлүүсү Ислам мамлекети түптөлө башталды деген сөз эле. Анткени, буга чейин Араб жарым аралында Курайштар эч ким менен эсептешпестен ээн-эркин жашайт болчу. Эми алар менен тең ата болгон мусулмандар пайда болду.

2) Келишимдин түзүлүүсү он жылдык тынчтыкка кепил болду. Ал эми Исламдын таркалуусуна эң зарыл болгон нерсе бул тынчтык.

3) Меккеден Мадинага адамдардын келүүсүнө тыюу салынган жок. Бул болсо, мушриктердин Мадинага келип, мусулмандардын адеп-ахлагын көрүп, динге кирүүсүнө себеп болду.

4) Курайштардын, мусулмандар менен келишим түзгөнүн көргөн башка уруулар, Курайштардын алсыздап, мусулмандардын кубаттанып бара жатканын сезип, мусулмандар тарапка оой башташты.

Мына ушулардын баары Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) жана мусулмандардын жеңиши эле. Ошол себептен Худайбиядан кайткан кезде Алла Таала «Фатх» (Жеңиш) сүрөсүн түшүрдү. Пайгамбарыбыз (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) бул сүрөнүн түшүүсү тууралуу: «Мага бүгүн бир сүрө түштү, мен үчүн ал күн тийип турган нерселердин баарынан артыгыраак», – деп айткан.

Пайда:

► Кичинекей максатыңа жетүүгө аракет кылып, негизги максатыңды унутуп калба.

► Түзгөн келишимиңди, берген убадаңды аткар.

► Келечектүү иш үчүн убактылуу кыйынчылыкка кадам шилтей бер.

► Кээде айтылган сөзгө караганда, аткарган амал таасирдүү болот. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын ырайымы жана тынчтыгы болсун) курмандык чалган убактагы даанышмандыгын эсте.

Дарак түбүндө ант беришкен сахабалар менен өзүңдү салыштырып көр. Аларга Алла ыраазы болду. А бизгечи?!