Усул фикх (үзүндү)

УСУЛ ФИКХТЫН ЛЕКСИКАЛЫК ЖАНА ТЕРМИНДИК АНЫКТАМАСЫ

Фикх илими “Фуруъ фикх” жана “Усул фикх” деген эки бөлүмдөн турат.

Фуруъ фикх – бул фикхий өкүмдөр.

Усул фикх – бул фикхтын негиздери же фикхтын далилдери. Фикх дегенде, негизинен фикхий өкүмдөр тууралуу сөз болот.

Усул:

Усул – «асл» (أصل) деген сөздүн көптүк түрү. Бул сөз “негиз”, “эреже”, “асыл нуска”, “мустахаб” (مستحب), “далил” (دليل) деген маанилерди туюндурат.

Фикх:

Фикх – “бир нерсени билүү”, “түшүнүү” деген маанини билдирет. Куранда фикх деген сөз илим катарында эмес, зиректикти, көрөгөчтүктү жана сүйлөп жаткан адамдын максатын түшүнүү катары колдонулган.

Ханафи аалымдары фикх деген сөзгө төмөнкүдөй аныктама беришкен: «Адам баласына пайдалуу жана зыяндуу амалдарды билүү жана шарият чечимдерин практикалык жактан түшүнүү – фикх деп аталат».

Ал эми шаафилер болсо: «Практикалык шарият өкүмдөрүн, б.а., таат-ибадат, жүрүм-турум (муамалат) жана жазалоо (укубат) сыяктуу өкүмдөрдү тереңирээк (тафсилийа) далилдердин негизинде түшүнүү – фикх» деп аныктама беришет.

Фикхтын дагы бир аныктамасы бар. Ал: «Юриспруденцияга (фикх), ибадат жана жүрүм-турумга (муамалат) тиешелүү болгон шарият өкүмдөрүнүн универсалдуу формалары».

Усул фикх деген сөз айкалышынын мааниси:

Бул жерде усул деген сөздү «далил» деген маанисинде колдонуу туура болот. Анткени, фикх рационалдык (аклий) далилдерге негизделет. Кыскача айтканда, «Усул фикх» деген сөз «фикхтын далилдери», «фикхтын негиздери» жана «Ислам укугунун негиздери» деген маанинилерди туюндурат.

Усул фикх термининин аныктамасы:

Усул фикх терминине эки аныктама берсе болот:

1. Усул фикх – тафсилий далилдерден шарият өкүмдөрүн (истинбат кылып) чыгарып алуу эрежелеринин жана далилдердин жыйындысын билүү.

2. Усул фикх – бул шарият өкүмдөрүн чыгарып алуу (истинбат) эрежелери жана далилдердин жыйындысын билүү.

Бул илим бизге эрежелердин (каваид) жыйындысын көрсөтүп, алардын жардамы менен биз түшүнүп жана изилдегибиз келген көйгөйдү тафсилий далилдерден шарият өкүмдөрүн чыгарып алабыз. Мисалы: Мен намаз окуу парз экенин билбеймин. Логикада (علم المنطق) жана усулда (علم الأصول) бул белгисиз нерсе «изделүүчү билим» деп аталат. Мен алгач шарият далилдерин табуу үчүн Курандан: «Намаз окугула!» деген аятты табам. Усул фикх илиминде: «Парз болуусуна тоскоол болгон белги болбосо, анда буйруктун формасы парз экендигин чагылдырат» деген эреже бар. Бул эрежени колдонуп, мен логикалык салыштыруу жана ой жүгүртүү аркылуу намаз окуу парз деген өкүмгө келем.

Изделүүчү илим: намаз окуунун парздыгы.

Адиллату тафсилийа: Алла Өзүнүн «Намаз окугула!» деген аятында намаз окууну буйруду.

Адиллату куллийа: Алла кескиндүү түрдө буйруган нерселердин баарын аткаруу парз болуп саналат.

Жыйынтык: Ошентип, намаз окуунун парз экендиги анык болду.

Мисалы: Зына арам экенин билбейм. Аны билгим келип, Курани Каримге кайрылганымда: «Зынага жакындабагыла!» деген аятты табам. Усул фикхте мындай деген эреже бар: «Арамдыктан тыя турган белги болбосо, тыюу формасы арамдыкты билдирет». Бул эрежени колдонуу менен ой жүгүртүп, мен, зына кылуу тыюу салынган амал деген түшүнүккө келем.

Изделүүчү билим: зынанын арамдыгы.

Адиллату тафсилийа: Алла Таала: «Зынага жакындабагыла!» деген аятында зынага барууга тыюу салган.

Адиллату куллийа: Алла кескин тыйган нерселер арам болуп саналат.

Жыйынтык: Демек, зына арам болуп эсептелет.

Усул фикхтын максаты жана мааниси

а) Максаты:

Усул фикхтын максаты: Шарият далилдеринен өкүмдөрдү чыгаруу жолдорун түшүндүрүп берүү. Баса белгилеп кете турган нерсе, Усул фикх илими менен гана шарияттын анык өкүмдөрүн жана анын бардык шарттарын билүүгө болот. Усул фикх илимин өздөштүрбөй туруп, тафсирди жана хадисти билсе дагы, шарият өкүмдөрүн так жана туура түшүнүү мүмкүн эмес.

б) Мааниси:

Усул фикх – бул Куран жана сүннөттөн өкүмдөрдү алып чыгууну көздөгөн илим. Бул илимден төмөнкүдөй пайдалар алынат:

1. Бул илимдин адиси болгон адам Куран жана сүннөттүн бардык туюнтмаларын өздөштүрө алат;

2. Бул илим аркылуу мужтахиддер рай же ижтихаддын негизинде кандай өкүм чыгарганын биле алабыз. Натыйжада, мужтахиддер истинбат кылууда ижтихад же рай ыкмаларын колдонгонун жана алардын кайсыл эмгектери фикхке таасирин бергенин көрсөк болот;

3. Бул илимдин жардамы менен Куранда камтылган фикх өкүмдөрүнө тиешелүү далилдер жөнүндө жана өкүмдөрдүн кайсынысы Курандан же сүннөттөн жана кайсынысы мужтахиддердин аракетинен алынганын билсек болот;

4. Усул фикхтин жардамы менен шарият өкүмдөрүнүн максатын (хикмату ташриъ) түшүнсө болот;

5. Бул илимдин адистери билимдерин укукта жана мыйзамдарда толуктап, ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүшөт. Куран менен сүннөттүн негизинде катасыз чечимдерди чыгара алышат.


Усул фикх илими менен фикх жана каваиду фикх илимдеринин ортосундагы айырмачылыктар

а) Фикх менен Усул фикх илиминин ортосундагы айырмачылык:

Фикх – балагат курагына жеткен ар бир жарандын кыймыл-аракеттеринин укукка тиешелүү болгон шарият токтомдорун жана өкүмдөрүн аткарууга байланыштуу болгон предмет. Фикх аалымдары алып-сатуу, ижара, шериктештик, күрөө, өкүлчүлүк, намаз, вакф, уурулук жана башка амалдарга тиешелүү болгон шарият өкүмдөрүнүн негизин изилдөө менен алектенишет.

Усул фикх – бул эрежелердин негизинде шарият өкүмдөрүн тафсилий далилдерден истинбат кылып чыгарып алуу илими. Мисалы: Усул фикх буйрук ыңгайы милдеттүүлүктү билдирээрин түшүндүрөт. Ал эми буйрук ыңгайынын терс формасы хурмат (тыюу салуу) болот.

б) Каваиду фикх менен Усул фикх илиминин айырмасы

Өзүнчө өкүмдөрдү бир бүтүнгө бириктире турган каваид фикхийа илими менен Усул фикхтын айырмасын аныктоодо чоң пайда бар. Бул эрежелерди (каваид фикхийа) «Фикхтин жалпы принциптери жана өкүмдөрү», деп атаса болот.

Ал эми Усул фикх илими эрежелерди түшүндүрөт. Факих адам чечим чыгарарда ката кетирбөө үчүн ал эрежелерди кармануусу милдет болот.

Каваиду фикх илими болсо, бир нече өкүмдөрдү бириктирген аналогия же фикх эрежесинде бириктирүү мүмкүн болгон окшош өкүмдөрдү чогултууну билдирет.