99 – Залзала

سُورَةُ الزَّلۡزَلَةِ

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

إِذَا زُلۡزِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ زِلۡزَالَهَا 1

99:1 Жер силкинип титиреген кезде


وَأَخۡرَجَتِ ٱلۡأَرۡضُ أَثۡقَالَهَا 2

99:2 Жер өз ичине камтыган (дүнүйө-мүлк жана өлүктөрдү) сыртка чыгарып салган кезде,


وَقَالَ ٱلۡإِنسَـٰنُ مَا لَهَا 3

99:3 Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.


یَوۡمَىِٕذࣲ تُحَدِّثُ أَخۡبَارَهَا 4

99:4 Дал ошол Күнү Жер (өзүнүн үстүндө эмне окуялар болгонун) кабар берип сүйлөйт.


بِأَنَّ رَبَّكَ أَوۡحَىٰ لَهَا 5

99:5 Анткени, ага Роббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.


یَوۡمَىِٕذࣲ یَصۡدُرُ ٱلنَّاسُ أَشۡتَاتࣰا لِّیُرَوۡا۟ أَعۡمَـٰلَهُمۡ 6

99:6 Мына ошол Күнү адамдар өздөрүнүн амалдары көргөзүлүп, топ-топ болуп чыга келишет.


فَمَن یَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ خَیۡرࣰا یَرَهُۥ 7

99:7 Демек, кимде-ким кыпындай жакшы иш кылган болсо – аны көрөт,


وَمَن یَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةࣲ شَرࣰّا یَرَهُۥ 8

99:8 жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.